# 125-статья. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз берүүнүн өзгөчөлүктөрү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 14-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-125>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-125.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 125-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-125

---

1. Карыз тарап, эгерде ал өз иш-аракетин токтотсо жана карыз тарап жеке жак жок учурда иштей албай турган болсо (жеке ишкер, юридикалык жактын жетекчиси же катышуучусу) жана анын турган жерин алты айдын ичинде аныктоого мүмкүн болбосо ордунда жок деп эсептелет.

2. Ордунда жок карыз тарапты банкрот деп таануу жөнүндө арыз кредитордук карыздын өлчөмүнө карабастан кредитор (кредиторлор), банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан берилиши мүмкүн. Мында арыз берүүчү банкроттук жөнүндө мамлекеттик орган болуп саналган учурларды кошпогондо атайын администрациялоо жол-жоболорун финансылоо боюнча чыгымдарды, анын ичинде атайын администраторго сыйакы төлөөнү арыз берүүчү тартат. Атайын администрациялоо жол-жобосунун чыгымдарын финансылоо үчүн арналган акча каражаттары арыз берүүчү тарабынан банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик органдын адистештирилген фондунун эсебине которулат.

21. Банкроттук процессинде карыз тарап (жетекчи, жеке ишкер же карыз тараптын катышуучусу) табылган учурда, атайын администрациялоо жол-жобосу менен байланышкан сарптоолор банкроттук жөнүндө ишти караган сот тарабынан карыз тараптан өндүрүлүшү мүмкүн.

3. Ордунда жок карыз тарапка карата соттук тартипте атайын администрациялоо жол-жобосу гана колдонулат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-124)  
Кийинки берене: [126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-126)
