# 123-статья. Айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жактаpдын банкpоттугу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 13-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989791..989792>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 123-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-123

---

1. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тарап ушул главада белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен банкрот деп таанылышы мүмкүн.

Фермердик (дыйкан) чарбасы, жамааттык дыйкан чарбасы, ошондой эле башка айыл чарба ишканасы ошол чарбанын кредиторлорунун арызына ылайык соттун чечими менен банкрот катары таанылышы мүмкүн. Ушул статьяда саналган чарбалар кредиторлор менен биргелешкен чечим боюнча соттон тышкары тартипте өзүлөрүн банкрот деп жарыялашы мүмкүн.

2. Айыл чаpба өндүpүшүндө иштеген жеке ишкеp ушул Мыйзамдын талаптаpын сактоо менен сот аpкылуу гана банкpот катаpы таанылышы мүмкүн.

3. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тараптын банкроттугу жөнүндө маселени кароодо айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүнүн мезгилдүүлүгү жана анын жаратылыштык-климаттык жана айыл чарба ишин жүргүзүүнүн башка шарттарынан көз карандылыгы, ошондой эле айыл чарба ишинин тиешелүү мезгилинин аякташы менен айыл чарба ишканасы тарабынан алына турган кирешенин эсебинен кредиторлордун талаптарын канааттандыруу мүмкүндүгү эске алынууга тийиш.

4. Эгерде администрациялоонун максаттарына жетишүү табигый жана техногендик мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын же болбосо өзгөчө жагымсыз жаратылыштык-климаттык шаарлардын натыйжасында мүмкүн болбогон учурда, сот администратордун өтүнмөсү боюнча кредитордун макулдугу менен банкроттук жол-жобону жүргүзүүнүн мөөнөтүн эки жылдан көп эмес убакытка узартууга укуктуу.

5. Айыл чарба (фермердик, дыйкан) өндүрүшүндө иштеген карыз тарапта активдер болгондо, администратор тарабынан өндүрүштү же өндүрүштүн бир бөлүгүн, анын ичинде атайын администрациялоонун реабилитациялоо жол-жоболорун жүргүзүү же жол жоболорду реструктуризациялоо усулун колдонуу жолу менен сактап калуу боюнча чаралар көрүлүүгө тийиш.

(КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-122)  
Кийинки берене: [1231-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1231)
