# 12-статья. Кредиторлордун чогулушу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 31.12.2019 [Закон КР 31 декабря 2019 года № 150 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Трудовой кодекс Кыргызской Республики, законы Кыргызской Республики "О лицензионно-разрешительной системе в Кыргызской Республике", "О банкротстве (несостоятельности)")"](https://aqlex.ai/kg/doc/111987); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 27.01.2006 [Закон КР от 27 января 2006 года №30 " О внесении изменений в закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1818); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года №102 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1058); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1059); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989796..989797>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-12>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-12.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 12-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-12

---

1. Кредиторлор (алардын өкүлдөрү) добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушунун катышуучулары, ал эми ушул Мыйзамда каралган учурларда ыйгарым укуктуу мамлекеттик башка органдарда катышуучу болуп саналат.

2. Колдонулуучу банкроттуктун жол-жобосуна жараша кредиторлордун биринчи чогулушун уюштуруу жана өткөрүү кредитор, карыз тарап же администратор тарабынан ишке ашырылат.

Биринчи чогулуш өткөрүлгөндөн кийин кредиторлордун андан кийинки чогулуштарын чакыруу укугуна кредиторлор чогулушу (комитет), администратор, ушул Мыйзамда белгиленген учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган ээ болушат.

3. Банкроттук боюнча ченемдик укук актыларда башкача каралбаса, кредиторлордун чогулушун чакыруучу жак (орган) кредиторлор чогулушун өткөргөн датага чейин он күн калганда республикалык газетанын бирине чогулушту чакыруу жөнүндө жарыя берүүгө жана эсептешүү көрсөткүчтөрү жүз же андан ашуун өлчөмүндө карызы бар ага белгилүү кредиторлорго чогулуш өтүүчү датага чейин он күн мурда заказдык кат жиберүү же код койдуруу менен өзүнө тапшыруу аркылуу кабарлоого милдеттүү. Мында кредиторлордун чогулушун тиешелүү түрдө чакыруу үчүн бир заказдык кат жиберүү жетиштүү.

Банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан кредиторлор чогулушу чакырылган учурда, банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган кредиторлор чогулушу өткөрүлүүчү датага чейин беш күндөн кечиктирилбестен кредиторлор чогулушу чакырылгандыгы тууралу республикалык газетага бир жолу кулактандыруу жарыялоого, администраторго билдирүүгө жана эмгек акынын жүз же андан көп минималдуу ставкасы өлчөмүндөгү карызы бар ага белгилүү кредиторлорго кабарлоого милдеттүү.

4. Кредиторлордун чогулушу карыз тараптын карыздык милдеттенмелерине байланыштуу ушул Мыйзамга, соттун чечимине карама-каршы келбеген жана администратордун ишине тоскоолдук келтирбеген ар кандай чечимди кабыл алууга укуктуу.

5. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушуна катышуу үчүн кредитор чогулуш башталганга чейин жети календарлык күн мурда, эгерде ушул Мыйзамда башкача каралбаса, аталган чогулушка демилге көтөргөн адамга же администраторго өз талабын (дооматын) берүүгө милдеттүү.

Талаптарды толтуруунун жана берүүнүн тартиби банкроттук боюнча Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актылары менен аныкталат. Дооматка кредитордун талаптарынын бар экендигин, өлчөмүн жана негиздүүлүгүн ырастаган документтер тиркелүүгө тийиш.

6. Добуш берүү укугу менен кредиторлордун чогулушуна катышуу үчүн жана добуш берүү максатында камсыз кылынган күрөө менен кредитор күрөө предметин баалоого (баалоо наркы) жана кредиторлордун чогулушунда аны жарыялоого тийиш.

Кредитордун күрөө менен камсыз кылынган добуш берүү укугу ага талаптын суммасы менен күрөө предметинин баалоо наркынын ортосундагы айырмачылык катарында аныкталат. Күрөө менен камсыз кылынган кредитор өзүнүн камсыз болуу укугунан баш тартууга укуктуу. Мындай учурда күрөө менен камсыз болгон кредитордун добуш берүү укугу анын талабынын наркы катарында аныкталат жана, ал чечим кабыл алуудан кийин баш тартууга укугу жок. Администратор күрөө менен камсыз болгон кредитордон күрөө предметин баалоо наркы боюнча сатып алууга укуктуу.

7. Ушул Мыйзамда каралган учурларда, карыз тараптын банкроттук процессинде соттун катышуусу менен кабыл алынган кредиторлордун чогулушунун чечими сот тарабынан бекитилиши керек.

8. Кредиторлордун чогулушунун чечими протокол менен толтурулуп жана ага чогулуштун төрагасынын колу коюлушу керек.

9. Эгерде кредиторлордун чогулушу (комитет) тарабынан, ушул Мыйзам менен каралган учурда банкроттук жөнүндө иштер боюнча мамлекеттик орган тарабынан башкача белгиленбесе, кредиторлордун чогулушу үч айда бир жолудан кем эмес карыз тарап турган (жашаган) жерде өткөрүлөт.

10. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 102, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2006-жылдын 27-январындагы № 30, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2019-жылдын 31-декабрындагы № 150 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [11-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-11)  
Кийинки берене: [13-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-13)
