# 112-статья. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpтуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 10-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-112>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-112.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 112-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-112

---

1. Төмөнкүдөй учурда:

1) эгерде биринчи жана экинчи кезектеги кредиторлордун талабы төлөнбөсө;

2) эгерде тынышуу келишими күрөө менен камсыз болгон кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

3) эгерде тынышуу келишими айрым кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

4) эгерде үчүнчү жактардын макулдугун кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошо алганда үчүнчү жактын укугу менен мыйзамдык кызыкчылыгын басмырлоочу шартты камтыса;

5) эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби бузулса;

6) эгерде тынышуу макулдашуусуна коюлган талап сакталбаса же ушул главада белгиленген тынышуу макулдашуусун кабыл алуунун тартиби бузулса;

7) эгерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын башка талаптары бузулса сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш тартат.

2. Сот тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpтылгандыгы жөнүндө чечим чыгаpат, ал даттанылышы мүмкүн.

3. Сот тарабынан тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpткандык жөнүндө чечим чыгаpылган учурда, ал түзүлбөгөн болуп эсептелинет.

4. Тынышуу келишимин бекитүүдөн баш таpткандык жөнүндө сот тарабынан чечимдин чыгаpышы жаңы элдешүү келишимин түзүүгө тоскоол болбойт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-111)  
Кийинки берене: [113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-113)
