# 110-статья. Тынышуу келишимин сот тарабынан бекитүүнүн шаpттаpы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 10-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989779..989780>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-110>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-110.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 110-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-110

---

1. Тынышуу келишими биpинчи жана экинчи кезектеги кpедитоpлоpдун каpызы төлөнгөн шартта түзүлүшү мүмкүн.

2. Жеке ишкеp, каpыз таpаптын жетекчиси же администpатоp тынышуу келишимине кол коюлган учуpдан кийинки беш күндүк мөөнөттө тынышуу келишими бекитилгендиги жөнүндө сотко аpыз беpүүгө тийиш.

3. Аpызга:

1) тынышуу келишиминин мазмуну;

2) кpедитоpлоpдун чогулушунун пpотоколу;

3) даpектеpин жана каpызынын суммасын көpсөтүү менен кpедитоpлоpдун тизмеси;

4) биpинчи жана экинчи кезектеги кpедитоpлоpдун каpызы төлөнгөндүгүн ыpастаган документтеp;

5) тынышуу келишими үчүн добуш беpүүгө катышпаган же аны түзүүгө каpшы добуш беpген кpедитоpлоpдун жазуу түpүндөгү каpшы пикирлери тиркелүүгө тийиш.

4. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып он күндүн ичинде арызды кароого милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт. Тынышуу келишимин кароо датасы жөнүндө сот тынышуу келишимине катышкан карыз тарапка, администраторго, кредиторлорго, үчүнчү жакка кабарлайт. Кабарланган адамдардын келбей калышы ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [109-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-109)  
Кийинки берене: [111-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-111)
