# 11-статья. Кpедитоpлоpдун талаптаpынын куpамы

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989790..989791>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-11>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-11.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 11-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-11

---

1. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында каралган карыздын минималдуу өлчөмүн аныктоо үчүн Мыйзамда же келишимде аныкталган милдеттенмени аткарбагандыгы же милдеттенмелерди тиешелүү түрдө аткарбагандыгы үчүн төлөнүүгө тийиш болгон айып төлөмдөрдү (айып төлөмдөр, үстөктөр) эсепке албастан, акчалай милдеттенмелердин өлчөмү (милдеттенменин шарты боюнча эсептелген проценттерди кошкондо, карыздын негизги суммасы) эске алынат.

2. Ушул Мыйзамдын 9-1-статьясында каралган карыздын минималдуу өлчөмүн аныктоо үчүн Мыйзамда аныкталган финансылык (экономикалык) санкцияларды эсепке албаган милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү эске алынат.

Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте жана шарттарда тиешелүү деңгээлдеги бюджетке жана бюджеттен тышкаркы фондуларга төлөнүүчү салыктар, жыйымдар жана башка милдеттүү салымдар милдеттүү төлөмдөр болуп эсептелет.

3. (КР 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Эгерде карыз тарап кредиторлордун талаптарын талашса, акчалай милдеттенмелердин жана (же) милдеттүү төлөмдөрдүн өлчөмү ушул Мыйзамда белгиленген тартипте сот тарабынан аныкталат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Мурунку берене: [10-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-10)  
Кийинки берене: [12-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-12)
