# 1041-статья. Кредиттерди алуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 9-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 12 мая 2017 года № 80 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111588)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=989795..989796>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-1041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 1041-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1041

---

1. Реабилитация жол-жобосунун жүрүшүндө тышкы башкаруучу чарба ишин жана карыз тараптын реабилитация планын жүзөгө ашыруу үчүн кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан аныкталган тартипте күрөө менен камсыздалбаган кредит ала алат. Ушул кредиттер соттун жактыруусун талап кылбайт жана банкроттук процессинин сарптоолоруна кирет.

2. Эгерде тышкы башкаруучу күрөө менен камсыздалбаган кредитти алалбагандай абалда болсо, сот кредиторлордун чогулушунун макулдугу менен тышкы башкаруучуга карыз тараптын күрөө болуп саналбаган мүлкү менен камсыздалган кредитти алууга уруксат берет. Ушул кредиттер ушул Мыйзамдын 87-статьясына ылайык канааттандырылат.

3. Кредиторлордун чогулушунун тышкы башкаруучунун кредит алуусуна макулдугу болбогондо, сот тышкы башкаруучудан кайрылуу алган күндөн тартып он күндүн ичинде ушул маселе боюнча угуу дайындайт.

(КР 2017-жылдын 12-майындагы № 80 Мыйзамынын редакцияcына ылайык)

---

Мурунку берене: [104-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-104)  
Кийинки берене: [105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-105)
