# 1022-статья. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 9-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1022>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 1022-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1022

---

1. Сот төмөнкүдөй учурларда:

1) эгерде реабилитация планы күрөө менен камсыз болгон кредитордун макулдугун кошпогондо, күрөө менен камсыз кылынган айрым кредиторлордун укуктары менен мыйзамдык кызыкчылыктарын басмырлоочу же артыкчылык берүүнү караган шарттарды камтыса;

2) эгерде реабилитациялоо планы айрым кредиторлордун макулдугун кошпогондо, үчүнчү, төртүнчү жана бешинчи кезектеги айрым кредиторлордун артыкчылыктарын караган же укугу менен мыйзамдык талаптарын кысымга алуучу шарттарды камтыса;

3) эгерде үчүнчү жактардын макулдугун кошпогондо, ушул Мыйзамдын 21-статьясынын 8-пунктунда көрсөтүлгөн адамдарды кошо алганда үчүнчү жактын укугу менен мыйзамдык кызыкчылыгын басмырлоочу шартты камтыса;

4) эгерде ушул Мыйзам менен белгиленген банкроттук процессинин чыгымдарынын ордун толтуруу тартиби бузулса;

5) эгерде реабилитация планына коюлган талап сакталбаса же ушул главада белгиленген реабилитация планын кабыл алуунун тартиби бузулса;

6) Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын башка талаптары бузулса, реабилитация планын бекитүүдөн баш тартат.

2. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарат, ал даттанылышы мүмкүн.

3. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө сот аныктама чыгарган учурда ал кабыл алынган жок деп эсептелет.

4. Реабилитация планын бекитүүдөн баш тартуу жөнүндө соттун аныктама чыгарышы реабилитациянын жаны планын иштеп чыгууга жана кабыл алууга тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1021-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1021)  
Кийинки берене: [103-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-103)
