# 1021-статья. Сот тарабынан реабилитациялоо планын бекитүү

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 9-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 1021-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1021

---

1. Карыз тарап же тышкы башкаруучу кредиторлор чогулушу тарабынан реабилитациялоо планы кабыл алынган учурдан тартын беш күндүк мөөнөттө планды бекитүү жөнүндө сотко арыз берүүгө тийиш.

2. Арызга төмөнкүлөр:

1) реабилитация планынын тексти;

2) кредиторлор чогулушунун протоколу;

3) кредиторлордун даректерин жана карызынын суммасын көрсөтүү менен алардын тизмеси;

4) добуш берүүгө катышпаган же реабилитация планын кабыл алууга каршы добуш берген кредиторлордун жазуу жүзүндөгү каршылыгы (мындайлар болсо) тиркелет.

3. Сот арыз келип түшкөн учурдан тартып 10 күндүн ичинде аны кароого милдеттүү. Көрсөтүлгөн мөөнөт узартылбайт. Реабилитация планын кароонун датасы жөнүндө сот реабилитациялоого катышуучу карыз тарапка, кредиторлорго, үчүнчү жакка билдирет. Кабарланган адамдардын ага катышпай калышы ишти кароого тоскоолдук кылбайт.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-102)  
Кийинки берене: [1022-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1022)
