# 1-статья. Ушул Мыйзам менен жөнгө салынуучу мамилелер

- Документ: [Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө](https://aqlex.ai/kg/doc/574)
- Документтеги орду: 1-ГЛАВА
- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын 1997-жылдын 15-октябрындагы № 74 "Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө" Мыйзамы
- Актынын түрү: Закон
- Номери: 74
- Кабыл алынган күнү: 15.10.1997
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.10.2025
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 10.07.2025 [Закон КР от 10 июля 2025 года № 137 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам специальной финансовой инвестиционной территории "Тамчы" с особым правовым режимом и статусом"](https://aqlex.ai/kg/doc/230029362); 22.04.2024 [Закон КР от 22 апреля 2024 года № 78 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики по вопросам приведения в соответствие с банковским законодательством"](https://aqlex.ai/kg/doc/230004823); 16.12.2016 [Закон КР от 16 декабря 2016 года № 207 "О введении в действие Закона Кыргызской Республики "О Национальном банке Кыргызской Республики, банках и банковской деятельности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111487); 07.07.2016 [Закон КР от 7 июля 2016 года № 103 "О внесении изменений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111382); 20.04.2015 [Закон КР от 20 апреля 2015 года № 87 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/111130); 24.07.2009 [Закон КР от 24 июля 2009 года № 247 "О внесении изменений и дополнений в законы Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)" и "О консервации, ликвидации и банкротстве банков"](https://aqlex.ai/kg/doc/203197); 17.06.2002 [Закон КР от 17 июня 2002 года N 103 " О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/1059); 30.12.1998 [Закон КР от 30 декабря 1998 года №160 "О внесении изменений и дополнений в Закон Кыргызской Республики "О банкротстве (несостоятельности)"](https://aqlex.ai/kg/doc/167)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/574#diff=7695..34850>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/4-540/edition/989779/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/574/st-1.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө, 1-статья (29.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-1

---

1. Ушул Мыйзам карыз тарапты банкрот (кудуретсиз) деп табуунун (жарыялоонун) негизин белгилейт, кудуретсиздиктин (банкроттуктун) алдын алуу боюнча чаралардын тартибин жана шартын, банкроттук жол-жоболорун жүргүзүүнүн тартибин жана шарттарын жана карыз тараптын кредиторлордун талабын толук канааттандырууга жана (же) милдеттүү төлөмдөрдү төлөө боюнча милдеттерди аткарууга жөндөмсүздүгүнөн келип чыккан башка мамилелерди жөнгө салат.

2. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:

1) коммерциялык уюм болуп саналган (оперативдүү башкаруу укугуна негизденген мамлекеттик жана муниципалдык ишканалардан башка) менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга, анын ичинде мыйзамда белгиленген тартипте Кыргыз Республикасында каттоодон өткөн чет өлкөлүк юридикалык жактарды жана чет өлкөлүктөр катышкан юридикалык жактарга, ошондой эле депозиттерди тартпаган финансылык-кредиттик уюмдарга;

2) Ушул Мыйзамда же көрсөтүлгөн коммерциялык эмес уюмдарды түзүүнүн жана уюштуруу-укуктук тариздериндеги маселелерин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укук актыларында түздөн-түз каралган учурларда, коммерциялык эмес уюм болуп саналган менчиктин ар кандай түрүндөгү юридикалык жактарга;

3) жеке ишкерлерге карата колдонулат.

3. Ушул Мыйзам төмөнкүлөргө:

1) мамлекеттик жана башка мекемелерге;

2) ушул Мыйзамдын 16-статьясында белгиленген талаптарды сактоо менен, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 96-статьясынын 2-пунктунда каралган негиздер боюнча төлөөгө жөндөмдүү юридикалык жактарды жоюуга карата колдонулбайт;

3) табигый монополиянын объекттерине карата колдонулбайт;

4) "Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамында жана "Банктар жана банк иштери жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамында тикелей башкача белгиленбесе, банктарга жана башка финансы-кредиттик уюмдарга.

5) өзгөчө укуктук режимдеги жана статустагы "Тамчы" атайын финансылык инвестициялык аймагын башкаруу органдарына.

4. Ушул Мыйзамды түшүндүрүү жана аткаруу үчүн зарыл эреже, ушул Мыйзамга ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан чыгарылуучу башка ченемдик укук актылар менен белгиленет.

5. Уставдык капиталында мамлекеттик жана/же муниципалдык үлүшү 50 пайыздан ашык болгон юридикалык жактарга карата Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан банкроттукту жүргүзүүнүн өзгөчө тартиби каралышы мүмкүн.

6. (КР 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

7. Банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иш боюнча чет мамлекеттердин сотторунун чечими Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимине ылайык Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

8. Кыргыз Республикасынын эл аралык келишимдери жок болгон учурда, банкроттук (кудуретсиздик) жөнүндө иш боюнча чет мамлекеттердин сотторунун чечими, эгерде алар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына карама-каршы келбесе, Кыргыз Республикасынын аймагында таанылат.

(КР 1998-жылдын 30-декабрындагы № 160, 2002-жылдын 17-июнундагы № 103, 2009-жылдын 24-июлундагы № 247, 2015-жылдын 20-апрелиндеги № 87, 2016-жылдын 7-июлундагы № 103, 2016-жылдын 16-декабрындагы № 207, 2024-жылдын 22-апрелиндеги № 78 , 2025-жылдын 10-июлундагы № 137 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

---

Кийинки берене: [2-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/574/st-2)
