# Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Положение
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57398>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/46-2305/edition/326303/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57398.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 токтому менен бекитилген) (25.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57398

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296

токтому менен бекитилген

Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга

зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпул төлөп

берүүнүн тартиби жөнүндө

ЖОБО

1. «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын 14-статьясына ылайык медициналык,

фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлер адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан учурда социалдык жактан

коргоо алынат.

2. Медициналык, фармацевтикалык, социалдык жана башка кызматкерлер

кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусуна чалдыккан учурда зыяндын орду төмөнкүдөй толтурулат:

- жапа чеккен адамга кесиптик эмгекке жарактуулугун жоготуу

даражасына жараша эмгек акысынын (же анын бир бөлүгүнүн) өлчөмүндө

акчалай сумма төлөп берүү;

- белгиленген учурларда бир жолку жөлөкпул төлөп берүү;

- кошумча чыгымдардын ордун толтуруу.

3. Кесиптик оорунун кесепетинен кесиптик эмгекке жөндөмдүүлүгүн

жоготуу даражасы, майыптыгынын тобу медициналык текшерүүнүн натыйжасы

боюнча медициналык-социалдык эксперттик комиссия (МСЭК) тарабынан

аныкталат.

4. Жабыр тартуучуга зыяндын ордун толтуруунун өлчөмү анын орточо

айлык эмгек акысына жана анын эмгекке жарактуулугун жоготушунун

белгиленген даражасына негизденүү менен аныкталат.

Эмгек акысынын ордун толтурууда кесиптик оорунун кесепетинен

дайындалган майыптуулугу боюнча пенсия, ошондой эле кесиптик ооруга

чейин жана андан кийин дайындалган пенсиянын бардык түрлөрү, ошондой

эле жапа чегүүчү ооруп калгандан кийин зыяндын ордун толтуруунун

эсебинен алган эмгек акысы эсептелбейт.

5. Кызматгык милдеттерин аткаруу учурунда адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан медициналык, фармацевтикалык,

социалдык жана башка кызматкерлерге жоголгон эмгек акысынын ордун

толтуруудан тышкары төмөнкү өлчөмдөрдө бир жолку жөлөкпул төлөнөт:

- I топтогу майыптуулугу боюнча - жапа чегүүчүнүн он орточо жылдык

эмгек акысы;

- II топтогу майыптуулугу боюнча- жапа чегүүчүнүн беш орточо

жылдык эмгек акысы;

- III топтогу майыптуулугу боюнча- жапа чегүүчүнүн үч орточо

жылдык эмгек акысы.

Орточо айлык эмгек акыны эсептөө тартиби Кыргыз Республикасынын

мыйзамдарына ылайык аныкталат.

6. Эмгектик милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусуна чалдыккан кызматкерлер жоготкон эмгек акысынын ордун

толтуруудан тышкары бир жолку төлөмдөр менен кошумча чыгымдардын ордун

толтурууга укуктуу.

Кошумча чыгымдарга булар кирет:

- кошумча тамактануу:

- дары-дармектерди сатып алуу;

- протез жасоо;

- жапа чеккендерге башка адамдардын же анын үйбүлө мүчөлөрүнүн көз

болушу;

- санаторий-курорттук дарылоо;

- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган чыгымдардын башка

түрлөрү.

Чыгымдардын кошумча түрлөрү МСЭКнын же жапа чегүүчүнүн муктаждыгы

жөнүндө дарылоо-алдын алуу мекемесинин корутундусуна ылайык

жүргүзүлөт. Чыгымдарды төлөө Кыргыз Республикасынын Окмөтү аныктаган

тартипте жүргүзүлөт.

7. Кызматтык тикелей милдеттерин аткаруу учурунда адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан медициналык, фармацевтикалык,

социалдык жана башка кызматкерлер каза болгон учурда Кыргыз

Республикасынын Эмгек кодексинин 249-статьясына ылайык зыяндын ордун

толтуртуп алууга укугу бар адамдарга жапа чегүүчүнүн эмгек акысынын

жыйырма орточо жылдык өлчөмүндө, бирок төлөп берүү күнүндө ошол жер

үчүн белгиленген жашоо минимумунун төрт жылдык өлчөмүнөн кем болбогон

бир жолку жөлөкпул төлөнөт.

8. Ушул Жободо каралган чыгымдар Кыргыз Республикасынын Окмөтү

аныктаган тартипте орду толтурулат.

9. Бир жолку жөлөкпулдарды дайындаган жана төлөп берген

компетенттүү орган кызматтык милдеттерин аткаруу учурунда адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун

толтуруу боюнча бир жолку жөлөкпулдарды төлөп берүү мөөнөттөрүн Кыргыз

Республикасынын мыйзамына ылайык аныкталат.
