# Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин дурус жана шектүү натыйжалары бар адамдарды адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, медициналык каттоого алуунун жана байкоо жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиңдеги № 296 токтому менен бекитилген)

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин дурус жана шектүү натыйжалары бар адамдарды адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, медициналык каттоого алуунун жана байкоо жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиңдеги № 296 токтому менен бекитилген)
- Актынын түрү: Правила
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57394>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/51-250/edition/326299/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57394.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин дурус жана шектүү натыйжалары бар адамдарды адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, медициналык каттоого алуунун жана байкоо жүргүзүүнүн ЭРЕЖЕЛЕРИ (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиңдеги № 296 токтому менен бекитилген) (25.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57394

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 25-апрелињдеги № 296

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин дурус жана шектүү

натыйжалары бар адамдарды адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн,

медициналык каттоого алуунун жана байкоо жүргүзүүнүн

ЭРЕЖЕЛЕРИ

1. Жалпы жоболор.

2. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүү.

3. ВИЧке анализдин дурус жана шектуү натыйжалары бар адамдарды

медициналык каттоого алуу жана байкоо жүргүзүү.

I. Жалпы жоболор

1. Бул Эреже «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз

Республикасында жарандардын денсоолугун коргоо жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарына ылайык иштелип чыккан жана адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун (ВИЧ) аныктоо, Кыргыз Республикасында

ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарды медициналык каттоого алуу жана байкоо

жүргүзуү үчүн Кыргыз Республикасынын жарандарын, Кыргыз

Республикасынын аймагында жашаган же жүргөн четөлкөлүк жарандарды жана

жарандыгы жок адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн бирдиктүү

тартибин белгилейт.

2. Эреже бардык министрликтердин, мамлекеттик комитеттердин,

администрациялык ведомстволордун, менчигинин түрүнө карабастан

ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын, алардын кызмат адамдарынын

жана жарандардын аткарышы үчүн милдеттүү.

3. Бул Эрежелерде төмөнкүдөй терминдер колдонулат: ВИЧ-инфекция -

адамдын иммуножетишсиздигинин вирусунан (ВИЧ) келип чыккан дарт.

СПИД - иммуножетишсиздигин жугузуунун синдрому - адамдын

иммуножетишсиздигинин тутумунун адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу

менен өтө терењ жабырлануусун шарттаган ооруну козгоочу ВИЧ-

инфекциянын акыркы баскычы;

ЛЖВС (ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдар) - оорунун ачык байкалбаган

баскычында, ошондой эле адамдын иммуножетишсиздигинин вирусу менен

иммундук тутуму терењ жабыркаган баскычында да адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна чалдыккан адамдар;

Ыктыярдуу медициналык текшерүү - адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусун аныктоого адамдын өз каалоосу боюнча медициналык текшерүүдөн

өткөрүү;

купуя медициналык текшерүүдөн өткөрүү - адамдын ким экендигин

күбөлөндүрүүчү документтерди көрсөтпөстөн жана текшерилип жаткан

адамдын жеке маалыматтарын билдирбестен ВИЧти жуктуруп алууну өз

ыктыяры менен медициналык текшерүү;

жашыруун медициналык текшерүүдөн өткөрүү - ВИЧти жуктуруп алууну

медициналык текшерүү, бул учурда текшерилип жаткан адамга ВИЧке

текшерүүдөн өткөндүгү жөнүндө маалыматтар жана анын жыйынтыктары купуя

калуу кепилдиги берилет;

милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү - адамдардын макулдугу

менен ВИЧти жуктуруп алуусун медициналык текшерүү бул белгилүү

аракеттерди жасоо жана жарандардын айрым категориялары үчүн милдеттүү

болуп саналган талаптар;

мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүү - адамдын макулдугусуз,

тергөөчүнүн, прокурордун токтомунун негизинде соттун чечими боюнча

адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун жуктуруп алуусун медициналык

текшеpүү;

писихосоциалдык кењеш берүү - текшерилүүчү адам менен

психоэмоциаоналдык стрессти жењүүгө мүмкүндүк берүүчү жана ВИЧ/СПИДге

байланыштуу чечимди кабыл алууда колдоо көрсөтүүчү адамдын ортосундагы

купуя сүйлөшүү;

текшерүүдөн өткөрүлүүчү (текшерилүүчү) - адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн өтүп

жаткан адам;

медициналык текшерүүдөн өткөрүү - ВИЧ-инфекция диагнозун коюу

максатында адамды лабораториялык текшерүү;

ЛЖВС медициналык байкоо жүргүзүү - ВИЧ-инфекциясына

чалдыккандардын денсоолугунун абалына байкоо жүргүзүү.

2. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун медициналык

текшерүүдөн өткөрүү

4. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүү мамлекеттик, муниципалдык жана жеке саламаттыкты

сактоо мекемелеринде жүргүзүлөт.

Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого жеке саламаттыкты

сактоо мекемелеринде медициналык текшерүүдөн өткөрүү Кыргыз

Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте берилген

лицензиянын негизинде жүргүзүлөт.

5. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүп жаткан мамлекеттик, муниципалдык жана жеке

саламаттыкты сактоо мекемелери белгиленген ченемдерге жана

стандарттарга ылайык текшерүүдөн өтүп жаткандар үчүн, ошондой эле

текшерип жаткандар үчүн коопсуздукту камсыз кылууга милдеттүү.

6. Кыргыз Республикасында адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн төмөнкү түрлөрү

жүргүзүлөт:

- ыктыярдуу медициналык текшерүүдөн өткөрүү;

- милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү;

- мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүү.

6.1. Ыктыярдуу медициналык текшерүүдөн өткөрүү

6.1.1. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өтүүнү каалаган Кыргыз Республикасынын жарандары, Кыргыз

Республикасынын аймагында жашаган же жүргөн четөлкөлүк жарандар жана

жарандыгы жок адамдар өз тандоосу боюнча текшерүүдөн: жашыруун же

купуя өтөт.

6.1.2. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого жашыруун

медициналык текшерүүдөн өтүү акысыз жүргүзүлөт.

6.2. Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү

6.2.1. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого милдеттүү

медициналык текшерүүдөн өтүүгө төмөнкүлөр жатат:

а) ар бир жолку донордук материалды алууда донорлордун каны,

кандын плазмасы, уруктар, башка биологиялык суюктуктар, органдар жана

ткандар;

б) четөлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар мыйзамда

белгиленген тартипте күчүнө кирген эларалык келишимдерде каралган

учурларда - келгенден кийин жана ар жылдык алдын алуу медициналык

текшерүү учурунда;

в) ушул токтомдун милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүгө тийиш

болгон өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин жана кызмат орундарынын

кызматкерлеринин Тизмесинде каралган өндүрүштөрдүн, иштин, кесиптин

жана кызмат орундарынын кызматкерлери ишке кабыл алууда жана мезгил-

мезгили менен медициналык кароодон өтүүдө.

6.2.2. ЛЖВС жана ВИЧке иммуноферменттик анализде серопозитивдүү

адамдар, ошондой эле милдеттүү медициналык текшерүүдөн өтүүдөн баш

тарткан адамдар кандын, кандын плазмасынын, уруктун, башка биологиялык

суюктуктардын, органдардын жана ткандын донору боло албайт.

6.2.3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин

четөлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрү же консулдук мекемелери

четөлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар Кыргыз Республикасына

кирүүдө, эгерде бул Кыргыз Республикасынын эларалык келишимдеринде

каралган болсо, алар ВИЧ-инфекция жок экендиги жөнүндө сертификатты

көрсөткөндө виза берет.

6.2.4. Эгерде эларалык келишимде четөлкөлүк жарандар жана

жарандыгы жок адамдар ВИЧтин антителосуна текшерүү жөнүндө

сертификатты бериши зарыл экендиги каралган болсо Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлиги (виза жана уруксат кылуу

бөлүмү) андай жарандарды каттоого алууда ошол сертификаттын бар

экендигин контролдойт, а эгер жок болсо - келгенден кийин 10 күндүн

ичинде ВИЧке медициналык текшерүүдөн өтүүгө контролдукту камсыз кылат.

6.2.5. Кыргыз Республикасынын аймагында дипломатиялык иммунитеттен

жана артыкчылыктардан пайдаланган четөлкөлүк дипломатиялык

өкүлчүлүктөрдүн жана консулдук мекемелердин кызматкерлери алар

кайрылган учурда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого

медициналык текшерүүдөн өтө алат.

6.2.6. Кыргыз Республикасынын аймагына келген, ушул Эреженин 6.2.1-

пунктунун б) пунктчасында каралган четөлкөлүк жарандар адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого милдеттүү медициналык

текшерүүдөн өтүүдөн баш тарткан учурда Кыргыз Республикасынын

мыйзамына ылайык администрациялык жол менен Кыргыз Республикасынан

сырткары чыгарылат.

6.2.7. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен айрым

адистиктердин, кызмат орундарынын кызматкерлеринде ВИЧ-инфекция

табылган учурда алар Кыргыз Республикасынын мыйзамына ылайык үчүнчү

адамдарга ВИЧ-инфекцияны жуктуруу тобокелин жокко чыгарган башка ишке

которулат.

6.2.8. Тизмесин Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен айрым

адистиктердин, кызмат орундарынын кызматкерлер адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого милдеттүү медициналык

текшерүүдөн өтүүдөн жүйөлүү себепсиз баш тарткан учурда андай

кызматкер белгиленген тартипте тартип жоопкерчилигине тартылат.

6.2.9. Кандын, кандын плазмасынын, уруктун, башка биологиялык

суюктуктардын, органдардын жана ткандын донорун, ошондой эле Тизмесин

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү бекиткен айрым адистиктердин, кызмат

орундарынын кызматкерлеринин адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүү акысыз жүргүзүлөт.

6.3. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүү.

6.3.1. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого мажбурлап

медициналык текшерүүдөн өткөрүү Кыргыз Республикасынын мыйзамында

каралган учурларда жана тартипте жүргүзүлөт.

6.3.2. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө аны дайындоо

жөнүндө тергөөчүнүн, прокурордун токтому боюнча чыгарылган соттун

чечими негиз болот.

6.3.3. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүү текшерилүүчүнүн

макулдугуна карабастан жүргүзүлөт.

6.3.4. Мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасы

мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө демилгечи болгон

тергөөчүгө, прокурорго гана берилет. Текшерүү өткөрүүнүн натыйжасын

тергөө же прокуратура органдарына берүү медициналык кызматкерди

текшерилүүчүгө тестке чейин жана тесттен кийин психосоциалдык кењеш

берүүдөн бошотпойт. Медициналык текшерүү фактысы жана натыйжалары дагы

мыйзам менен корголуучу жашыруун мүнөздө болот.

6.3.5. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого мажбурлап

медициналык текшерүүдөн өткөрүү акысыз жүргүзүлөт.

7. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого ыктыярдуу жана

мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн зарыл алдын алуу шарты

болуп текшерилүүчүнүн өзү билип, ањ-сезимдүү түрдө ушул Эреженин

тиркемесиндеги форма боюнча жазуу жүзүндөгү макулдугу саналат (№1

тиркеме).

Мыйзам менен белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз деп табылган

жана 16 жашка чейинки балдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүү алардын

медициналык текшерүүдөн өтүшүнө катышууга үкуктуу болгон мыйзамдуу

өкүлдөрүнүн макулдугу боюнча жүргүзүлүшү мүмкүн.

8. Текшерилип жаткан адам мажбурлап медициналык текшерүүдөн

өткөрүүдөн тышкары учурларда адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн каалаган стадиясында аны

жүргүзүүдө жазуу жүзүндө баш тартууга укуктуу.

9. Медициналык кызматкерлер Кыргыз Республикасынын медициналык

кызматкеринин этикасын сактоого милдеттүү. Адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүнү

өткөргөн учурда аны (мажбурлап медициналык текшерүүдөн өткөрүүдөн

тышкары учурларда) кандайдыр бир мажбурлоо, текшерүүдөн өтүп жаткан

адамдын макулдугусуз же ага күч колдонуп, психологиялык жана моралдык

жактан кысым көрсөтүп, ошондой эле текшерүүдөн өтүп жаткан адамдын

көзкаранды абалынан пайдалануу менен жүргүзүүгө жол берилбейт.

10. Түрүнө карабастан адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого ар бир медициналык текшерүүдөн өткөрүү тестке чейинки жана

тесттен кийинки психосоциалдык кењеш берүү менен коштолууга тийиш.

Жашы жетелектерге (18 жаш) психосоциалдык кењеш берүү баланын

макулдугу менен чакырылуучу балдар психологунун, ата-эненин же

мыйзамдуу өкүлүнүн катышуусу менен жүргүзүлөт.

Психосоциалдык кењеш берүү Кыргыз Республикасынын Саламаттык

сактоо министрлиги белгилеген тартипте жана шартта жүргүзүлөт.

11. Менчигинин түрүнө карабастан медициналык мекемелер иштин

эпидемияга каршы режимин сактоо үчүн шарт түзүүгө милдеттүү.

Медициналык кызматкерлер медициналык иштерди жасоодо коопсуздук

техникасынын талаптарын так сактоого жана оорукананын ичинде ВИЧ-

инфекциянын жана башка дартты жуктуруп алууну болтурбоо максатында

текшерилүүчү үчүн коопсуз шартты камсыз кылууга милдеттүү.

12. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоо максатында канды

же башка биологиялык суюктуктарды лабораториялык изилдөө Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте

жүргүзүлөт.

13. Текшерилип жаткан адамда ВИЧ-инфекцияны аныктоодогу ишчаралар

Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген

тартипте жүргүзүлөт.

14. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого текшерилүүчүнү

медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжалары тесттен кийинки

психосоциалдык кењеш берүү учурунда текшерилүүчү адамдын жеке өзүнө

билдирилет.

Медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасы жөнүндө телефон

аркылуу жооп берүүгө тыюу салынат.

15. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасы боюнча расмий медициналык корутунду

(сертификат) берүү лицензиясы бар жана белгиленген тартипте

аккредитацияланган саламаттыкты сактоо уюму тарабынан жана

иммуноферменттик талдоо (ИФА) бекитилген алгоритм боюнча жабдуулардын

стандарттуу комплектисинде жасалган учурда гана жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасынын жарандарына, четөлкөлүк жарандарга жана

жарандыгы жок адамдарга белгиленген үлгүдөгү (№2 тиркеме) расмий

медициналык корутунду (сертификат) алардын каалооосу боюнча 10 жумушчу

күндүн ичинде анын ким экендигин тастыктаган документти көрсөтүү менен

берилет.

16.Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүүнүн натыйжасы боюнча расмий корутунду (сертификат)

берүү үчүн ушул Эрежеге ылайык андай медициналык текшерүүдөн өткөрүү

акысыз жүргүзүлө турган учурлардан тышкары Кыргыз Республикаеынын

Саламаттык сактоо министрлиги белгилеген тартипте акы алынат.

17. Медициналык текшерүүдөн өткөн адамдын каалоосу боюнча адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык текшерүүдөн

өткөрүү ошол эле уюмда, ошондой эле өзү тандаган башка мамлекеттик,

муниципалдык же жеке уюмда мурдагы медициналык текшерүүдөн өткөрүүдөн

кийин канча мөөнөт өткөндүгүнө карабастан экинчи жолу (кайталап)

жүргүзүлүшү мүмкүн.

18. Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өткөрүүнүн фактысы, натыйжасы жөнүндө маалымат жана

медициналык текшерүүнүн башка маалыматтары врачтык сыр болуп саналат.

Врачтык сыр болуп саналган маалыматтарды окууда, кесиптик,

кызматтык жана башка милдеттерин аткарууда белгилүү болуп калган

адамдардын ачыкка чыгарышына жол берилбейт.

Жарандык же анын мыйзамдуу өкүлүнүн жазуу жүзүндөгү макулдугу

менен врачтык сырды түзгөн маалыматтарды башка жарандарга, анын ичинде

кызмат адамдарына пациентти текшерүү жана дарылоо, илимий изилдөөлөрдү

жүргүзүү, илимий адабияттарды жарыялоо, ал маалыматтарды окуу

процессинде жана башка максаттарда пайдалануу үчүн берүүгө жол

берилет.

19. Окууда, кесиптик, кызматтык жана башка милдеттерин аткарууда

белгилүү болуп калган врачтык сыр болуп саналган маалыматтарды ачыкка

чыгарган адамдар Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык

жоопкерчиликке тартылат.

20. ЛЖВСны медициналык каражаттарды сыноо үчүн объект, илимий

изилдөө усулу катары пайдалануу, ошондой эле окуу процесси жана башка

максаттар үчүн фотосүрөткө, видео же киного тартып алуу алардын жазуу

жүзүндөгү макулдугу менен жол берилет.

21. Министерликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык

ведомстволор, менчигинин түрүнө карабастан ишканалар, мекемелер жана

уюмдар, эгерде ушул Эрежеде башкасы каралбаса кызматкерлерден жана

жарандардан адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого

медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн медициналык корутундусун

(сертификатын) берүүнү талап кылууга укуксуз.

3. ВИЧке анализдин дурус жана шектүү натыйжаларын алган

адамдарды медициналык каттоого алуу жана байкоо жүргүзүү

22. Төмөнкүлөр медициналык эсепке, каттоого алынат:

- ВИЧке анализдин дурус натыйжасын алган адамдар;

- ВИЧ/СГШДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар;

- ВИЧке ИФАда серопозитивдүү адамдар.

Аталган адамдар СПИДцин алдын алуу жана ага каршы күрөшүү аймактык

борборлорунда жана жашаган жана жүргөн жери боюнча дарылоо-алдын алуу

уюмдарында (үйбүлөлүк медицина борборлорунда, үйбүлөлүк дарыгерлер

тобунда) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги караган

тартипте каттоодо турат.

23. ВИЧке ИФАда серопозитивдүү адамдар 6 айдан кийин адамдын

иммуножетишсиздигинин вирусуна анализди медициналык текшерүүдөн

кайталап өткөрүлөт. ВИЧке анализдин натыйжасы терс болуп чыкканда алар

каттоодон чыгарылат.

24. ВИЧ/СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдар 18 айга чейин

каттоодо турат. Эгерде ушул мезгил ичинде баланы лабораториялык

текшерүү учурунда ВИЧке анализ ырасталбаса, ал каттоодон чыгарылат.

25. ВИЧке анализдин дурус жана шектүү натыйжаларын алган адамдарды

медициналык эсепке, каттоого алуу жана медициналык байкоо жүргүзүү

купуялык принцибин сактоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана

эларалык келишимдери менен аныкталган адамдын жеке укуктарын жана

эркиндиктерин урматтоо менен жүргүзүлүүгө тийиш.

26. ЛЖВСга медициналык текшерүү денсоолуктун денебой жана

психикалык абалына контролдук кылуу, оппортунисттик инфекцияларды өз

убагында табуу жана дарылоо, өзгөчөлүү антивирустук терапия жүргүзүү,

психологиялык жактан колдоо жана кењеш берүү максатында жүргүзүлөт.

27. ЛЖВСга медициналык текшерүү СПИДдин алдьш алуу жана ага каршы

күрөшүү аймактык борборлорунда жана жашаган жана жүргөн жери боюнча

дарылоо-алдын алуу уюмдарында (үйбүлөлүк медицина борборлорунда,

үйбүлөлүк дарыгерлер тобунда) Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо

министрлиги караган тартипте жүргүзүлөт.

Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин

дурус жана шектүү натыйжалары бар адамдарды

адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого медициналык текшерүүдөн

өткөрүүнүн, медициналык каттоого алуунун жана

байкоо жүргүзүүнүн эрежелерине тиркеме

Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого медициналык

текшерүүдөн өтүүгө билип туруп макулдук берүү бланкы

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(уюмдун аталышы)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

Мен ушуну менен адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун аныктоого

өзүмдүн каалоом жана ањ-сезимим менен медициналык текшерүүдөн өтүүгө

макулдугумду билдирем. Бул үчүн мен өз канымды (заарамды, шилекейимди)

алууну жана аны ВИЧке текшерүүнү тапшырам.

Мен канымдын (заарамдын, шилекейимдин) номуру менин каттоо

карточкамда көрсөтүлгөн номур менен дал келе тургандыгын ырастайм.

Мен:

- ВИЧке медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн максаты жана жол-

жобосу;

- ВИЧти жугузуп алууну жана башкаларга жуктурууну алдын алуу

чаралары;

медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн дурус же терс натыйжасын алууга

жараша мага сунуш кылынган мындан аркы аракеттерим жөнүндө кењеш

алгандыгымды ырастайм.

Мен медициналык текшерүүдөн өтүүдөн жана медициналык текшерүүдөн

өткөрүүнүн натыйжаларын алуудан баш тартууга өз укуктарым жөнүндө

кабардармын.

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(текшерилүүчүнүн колу)

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

(датасы)
