# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 308/5/5 " 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Биргелешкен билдирүүсү тууралуу"

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 308/5/5 " 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Биргелешкен билдирүүсү тууралуу"
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 308/5/5
- Кабыл алынган күнү: 28.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 11.05.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57383>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11382/edition/326285/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57383.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.05.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-апрелиндеги № 308/5/5 " 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын Биргелешкен билдирүүсү тууралуу" (11.05.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57383

---

КР Өкмөтүнүн КР Улуттук банкынын

2007-жылдын 11-майындагы № 170/40/2 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары

2006-жылдын 28-апрели № 308/5/5

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН

ЖАНА КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН

УЛУТТУК БАНКЫНЫН ТОКТОМУ

2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

Биргелешкен билдирүүсү тууралуу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү жана Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкы токтом кылат:

1. 2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук бан-

кынын Биргелешкен билдирүүсү жактырылсын.

2. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, облустук мамлекеттик администрациялар жана Бишкек шаары менен

Ош шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкармалыктары квартал сайын, от-

четтук айдан кийинки айдын 15инен кечиктирбестен Кыргыз Республикасынын

Экономика жана каржы министрлигине Биргелешкен билдирүүнүн ишке ашыры-

лышы тууралуу маалымат берип турушсун.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги квартал

сайын, отчеттук айдан кийинки айдын 25ине карата Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө Биргелешкен билдирүүнү ишке ашыруунун жүрүшү жөнүндө маалымат

берип турсун.

4. "2004-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук бан-

кынын биргелешкен билдирүүсү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын 2004-жылдын 9-апрелиндеги

N 241/35/4 токтому күчүн жоготту деп табылсын.

5. Бул токтом жалпы маалымдоо каржаттарына жарыялансын.

Биргелешкен билдирүү "Эркинтоо" гезитине 2006-жылдын 5-майында N

32 (орус тилинде), 2006-жылдын 12-майында N 34 (кыргыз тилинде) жарыя-

ланган

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

экономика жана каржы министрине жана Кыргыз Республикасынын Улуттук

банкынын төрагасына жүктөлсүн.

Кыргыз Республикасынын Кыргыз Республикасынын

Премьер-министри Улуттук банкынын төрагасынын

милдетин аткаруучу

Ф.Кулов М.Алапаев

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

жана Кыргыз Республикасынын

Улуттук банкынын 2006-жылдын

28-апрелиндеги N 308/5/5

токтому менен жактырылган

2006-жылга экономикалык саясаттын негизги багыттары

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен

Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын

Биргелешкен билдирүүсү

1. Макроэкономикалык максаттар жана милдеттер

2. Акча-кредит саясаты

3. Салык жана бажы саясаты

4. Мамлекеттик сарптоолор саясаты

5. Мамлекеттик карыз

6. Тышкы экономикалык саясат

6.1. Тышкы соода саясаты

7. Реалдуу секторду өнүктүрүү

7.1. Өнөр жайы

7.2. Айыл чарбасы

7.3. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү

7.4. Туризм

7.5. Ишкердик

7.6. Инвестициялык саясат

8. Структуралык өзгөртүп кайра түзүүлөр

8.1. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү

8.2. Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жана башкаруу

9. Социалдык саясат

9.1. Билим берүү

9.2. Саламаттык сактоо

9.3. Калкты социалдык жактан коргоо

9.4. Калкты социалдык жактан камсыз кылуу

9.5. Иш менен камсыз кылуу жана миграция

1. Макроэкономикалык максаттар жана милдеттер

Кыргыз Республикасынын 2006-жылга социалдык-экономикалык саясаты-

нын негизги максаты туруктуу экономикалык өсүш үчүн жагымдуу шарттарды

түзүү жана жакырчылыктын дењгээлин кыскартуу болуп саналат. Ушул мак-

сатка жетүү үчүн негизги шарт болуп макроэкономикалык туруктуулукту

сактоо, мамлекеттик башкаруунун сапатын жогорулатуу жана коррупцияга

каршы күрөшүү эсептелет.

2006-жылы макроэкономикалык саясат төмөндөгү максаттуу

көрсөткүчтөргө жетишүүгө багытталат:

- ИДПнын айкын өсүшү 8,0 пайызга чейин;

- инфляция 5,7 пайыздан жогору эмес;

- мамлекеттик бюджеттин тартыштыгы ИДПга карата 3,6 пайыздан аш-

пайт;

- учурдагы операциялардын эсебинин тартыштыгы 7,7 пайыздан ашпаган

дењгээлде.

Бул үчүн 2006-жылы төмөндөгү милдеттер чечилет:

- макулдашылган акча-кредиттик жана салыктык-бюджеттик саясат

жүргүзүү;

- банк системасын чыњдоо жана каржы рынокторун терењдетүү;

- экономикалык өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттары боюнча струк-

туралык реформаларды андан ары жылдыруу;

- рыноктук структураларды чыњдоо жана жөнгө салуу саясатынын чара-

ларынын натыйжалуулугун жогорулатуу аркылуу чакан жана орто бизнести

өнүктүрүүгө түрткү берүү;

- негизсиз тоскоолдуктарды четтетүү аркылуу чет өлкөлүк тике ин-

вестицияларды камтуу менен, жеке инвестициялардын өсүшүнө көмөк

көрсөтүү;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги менен алынуучу тышкы

карыздарды кыскартуу жана гранттык жардамдарды тартуу;

- мамлекеттик карыздын дењгээлин төмөндөтүү;

- өлкөнүн эл аралык соода уюмдарына мүчө болушунун артыкчылыгын,

ошондой эле тышкы рыноктордогу салыштырмалуу артыкчылыктарды пайдалануу

аркылуу тышкы экономикалык байланыштарды жана сооданы кењейтүү;

- экспортту диверсификациялоо;

- даректүү социалдык коргоо системасын өркүндөтүү;

- билим берүүнүн жана саламаттык сактоонун сапаттуу кызматтарына

жетүүнү жогорулатуу;

- калкты иш менен камсыз кылуунун дењгээлин жогорулатуу.

2. Акча-кредит саясаты

2006-жылга акча-кредит саясатынын негизги максаты макроэкономика-

лык туруктуулукту сактоо жана туруктуу экономикалык өсүштү камсыз кылуу

үчүн зарыл болгон шарт катары баалардын туруктуулугун камсыз кылуу бо-

луп саналат.

Өткөн жылы экономикалык өсүш темпинин төмөндөшү, тышкы экономика-

лык конъюнктуранын өзгөрүүлөрү, фискалдык реформа, табигый монополия-

лардын тарифтик саясаты, күйүчү-майлоочу майларга баалардын өзгөрүшү,

ошондой эле айыл чарба продукцияларына баалардын сезондук өзгөрүүлөрү

2006-жылы инфляциянын динамикасын алдын ала аныктайт.

Ремонетизациялоонун арымдарын жана экономикалык өсүштүн күтүлгөн

арымдарын эске алганда М2 акчалай массасынын болжолдуу өсүшү 14-16 па-

йызды түзөт.

Эл аралык резервдер товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү импорттоо

айынын 4,4% дењгелинде кармап туруу пландалууда.

Мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун бир түргө келтирүү жана андан

ары өнүктүрүү боюнча иштер улантылат, бул каржылоо рыногун терењдетүүгө

көмөк көрсөтөт жана банктардын активдерин диверсификациялоонун эсебинен

банк системасынын кредиттик тобокелчиликтерин төмөндөтүүгө мүмкүнчүлүк

берет.

2006-жылы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши менен макулдашыл-

гандан кийин депозиттерди коргоо системасын ишке киргизүү процесси баш-

талат.

Чакан каржылоо секторун өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы тарабынан

2005-жылдын декабрында бекитилген 2006-2010-жылдарга чакан каржылоону

өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү стратегиясын ишке ашыруу боюнча иш-чара-

лар жүргүзүлөт.

Өлкөнүн төлөм системасын өркүндөтүүнүн алкагында 2006-жылы пакет-

тик клиринг системасын жана төлөмдөрдү банктык төлөм карттарын колдонуу

менен банктар аралык иштетүү системасын киргизүү белгиленип жатат, бул

такай жана бюджеттик төлөмдөрдү төлөөнү, ошондой эле эмгек акыларды

коммерциялык банктардагы эсептер аркылуу этаптуу которуу жолу менен ак-

чалай эмес эсептештүүнүн көбөйтүлүшүн камсыздоого арналган.

3. Салык жана бажы саясаты

2006-жылга салык саясаты бюджетке салыктарды жана төлөмдөрдү төлөө

маселелери боюнча бардык нормалардын жана жоболордун жыйындысы болуп

эсептелген бирдиктүү нормативдик актыны (Кыргыз Республикасынын Салык

кодексиинин жањы редакциясынын долбоору) кабыл алууга, ошондой эле Жа-

кынкы жылдарга фискалдык реформанын бирдиктүү стратегиясын иштеп чыгуу-

га жана бекитүүгө багытталат, бул Кыргыз Республикасында салык жана ба-

жы саясатын жүргүзүү боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бардык ни-

еттерин чагылдырган документ болуп калат.

Ушул документтердин алкагында белгиленген фискалдык саясаттын не-

гизги багыттары:

- бир эле мезгилде салык салынуучу базаны кењейтүү менен чарбакер

субъектилердин салык оорчулугун жењилдетүү;

- салык мыйзамдарын бузгандык үчүн жоопкерчиликти күчөтүү;

- салыктык карызды өндүрүп алуунун жол-жобосун жөнөкөйлөтүү (мүлк

салыгын киргизүү, алган белектер жана байгелер боюнча жењилдиктерди жо-

юу, айрым ЭЭЗди жоюу жана башкалар);

- салыктарды администрациялоону жакшыртуу;

- салык жана бажы органдарынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу;

- бажы төлөмдөрүн администрациялоону күчөтүү;

- чакан жана орто бизнеске салык салуу системасын өркүндөтүү (иш-

керликти бирдиктүү салык төлөөгө негизделген патентетөө жана

жөнөкөйлөштүрүлгөн салык салуу системасын);

- салык чөйрөсүндө ыњгайлуу инвестициялык жагдайды, капитал рыно-

гун жана ипотекалык кредитти өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү;

- экономиканын көмүскө секторун легалдаштыруу;

- жер казынасын пайдалануучуларга салык салууга талдоо жүргүзүү

жана минералдык-сырьелук базаны өнүктүрүү үчүн чегерүүлөрдүн ставкала-

рын жогорулатуу мүмкүнчүлүгүн кароо.

4. Мамлекеттик сарптоолор саясаты

Мамлекеттик сарптоолор саясаты баарыдан мурда мамлекеттин социал-

дык кепилдиктерин толук жана өз убагында каржылоого жана республиканын

экономикалык өсүшү үчүн ыњгайлуу шарттарды түзүүгө багытталат.

2006-жылга мамлекеттик каражаттарды бөлүштүрүүдө мурдагы жылдардай

эле башкы артыкчылык социалдык чөйрөгө берилет, ага республикалык бюд-

жеттин сарптоолорунун жалпы көлөмүнүн 49 пайыздан ашыгы пландаштырыл-

ган.

2006-жылы бюджеттин орточо мөөнөттүү болжолун (БОБ) иштеп чыгуунун

форматын жана жол-жоболорун өркүндөтүү боюнча иш улантылат, ал өлкөнүн

бюджеттик саясатын аныктай турган бирдиктүү документ болуп калууга ти-

йиш.

Түрткү берүүчү (үлүштүк) гранттардын (ТБГ) механизмин киргизүү жа-

на өркүндөтүү боюнча иш улантылат, ал кийин регондук өнүктүрүүнү каржы-

лоонун натыйжасыз формаларын алмаштырышы мүмкүн.

Мамлекеттик сарптоолорду оптималдаштырууну улантуу - бюджеттик

системаны реформалоонун эњ маанилүү милдети, ал мамлекеттик башкаруунун

администрациялык структурасын жана мыйзамдык базаны өркүндөтүү менен

байланыштуу болот.

Мамлекеттик сарптоолорду башкарууну жакшыртууга багытталган негиз-

ги чаралар:

- мамлекеттик финансылардын статистикасынын эл аралык стандартта-

рын киргизүү жана бюджеттик уюмдардын мамлекеттик сарптоолорун програм-

малык негизде каржылоо аркылуу бюджеттин ачык-айкындыгын жана отчеттуу-

лугун арттыруу;

- бюджеттик чөйрөнүн кызматкерлерине эмгек акы төлөө системасын

реформалоо;

- өлкөнүн бюджетин борбордон башкарууну жоюу;

- казыналык системасын техникалык модернизациялоо, автоматташты-

рылган системаны киргизүү, бул өз кезегинде Казыналыктын системасынын

отчеттуулугун эл аралык стандарттарга өткөрүүгө мүмкүнчүлүк берет.

5. Мамлекеттик карыз

2006-жылы мамлекеттик карызды башкаруунун негизги максаты турукту-

улукка жетишүү жана мамлекеттик карызды башкаруунун натыйжалуулугун жо-

горулатуу болуп алат.

Бул үчүн мамлекеттик карызды башкаруу жагындагы биринчи кезектеги

милдеттер:

- жетишилген натыйжалардын, ошондой эле мамлекеттик инвестициялар

программасын (МИП) жана бюджеттик тартыштыкты жана/же төлөм балансынын

тартыштыгын каржылоо үчүн келечектеги карызга алуулар жагында оптимал-

дуу чечимдерди иштеп чыгууга жана кабыл алууга багытталган апдыда тур-

ган милдеттердин базасында Тышкы карызды кыскартуунун азыркы кездеги

стратегиясын жањыртуу;

- Кредиторлордун Париж клубунун 2005-жылдын 11-мартындагы протоко-

луна ылайык эки тараптуу бардык кредиторлор менен карызды реструктура-

лоону аяктоо;

- өлкөбүз ХИПИКтин (НIРС) алкагында жардам көрсөтүү үчүн ылайыктуу

өлкөлөрдүн тизмесине кирген учурда, МВФтин жана Дүйнөлүк банктын алдын-

дагы көп тараптуу карызды кечүү боюнча иштерди жүргүзүү жана Кыргыз

Республикасынын карызын кечүү жөнүндө өтүнүч менен башка көп тараптуу

кредиторлорго кайрылуу;

- мамлекеттик баалуу кагаздар рыногун өнүктүрүү жана өлкөнүн ички

рыногунда карызга алуунун натыйжалуу саясатын жүргүзүү максатында бир-

жалык соода аянтчаларында мамлекеттик баалуу кагаздарды жүгүртүүнүн по-

тенциалдуу мүмкүнчүлүктөрүнө баалоо жүргүзүү;

- Кыргыз Республикасында мамлекеттик баалуу кагаздардын бирдиктүү

реестри жөнүндө жобону жана мамлекеттик баалуу кагаздарга каттоо номер-

лерин ыйгаруунун тартибин иштеп чыгуу.

- Каржы рыногуна катышуучулардын ишенимин жогорулатуу максатында

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү 2006-жылы мамлекеттик баалуу кагаздар бо-

юнча милдеттенмелерди толук жана өз убагында жоюу боюнча ишти улантат.

6. Тышкы экономикалык саясат

2006-жылы эл аралык экономикалык мамилелер чөйрөсүндө Кыргыз Рес-

публикасынын тышкы экономикалык саясатынын башкы приоритети өлкөнүн

экономикалык потенциалын чыњдоого көмөк көрсөтүү болот.

2006-жылы тышкы экономикалык иш стратегиялык өнөктөр менен мамиле-

лерди активдештирүүгө багытталат. Ушул максатта соода-экономикалык кыз-

матташтык маселесине карата эки тараптуу жана көп тараптуу макулдашуу-

ларды түзүү боюнча иш улантылат.

Тышкы экономикалык кызматташтыкты кењейтүү региондук экономикалык

союздардын алкагында да жүзөгө ашырылат.

КМШны реформалоого жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн жањы

моделин иштеп чыгууга катышуу активдүү болот.

Евроазиялык Экономикалык Шериктештиктин (ЕвраАзЭС) алкагында бажы-

лык, тарифтик жана тарифтик эмес жөнгө салуу, салык, соода режимин бир-

дейлештирүү, кызмат көрсөтүүлөрдүн жалпы рыногун калыптандыруу жана

башка тармактарда бир топ макулдашуулардын долбоорлору иштелип чыгат.

Өнөр жай, соода жана инвестициялар жагында региондук кызматташтык-

тын келечектүү багыттары боюнча Экономикалык Кызматташтык Уюмунун (ЭКУ)

ишине катышуу улантылат.

Бул багыттагы индикаторлор: (а) соода мыйзамдарын бирдейлештирүү;

(б) региондук бирикмелерде сооданын жана инвестициялардын өсүшү; (в)

соода жүгүртүүнүн ИДПдагы салыштырма салмагы; (г) региондук бирикмелер-

дин ичинде эмгектик миграциядан түшкөн кирешелердин жогорулашы болот.

Өз ара соодагы проблемаларды чечүү үчүн өкмөттөр аралык комиссия-

лардын жана Дүйнөлүк соода уюмунун (ДСУ) алкагында соода тоскоолдукта-

рын жоюу боюнча иш жүргүзүлөт.

2006-жылы тышкы экономикалык байланыштарды өнүктүрүү боюнча бирин-

чи кезекте төмөндөгү маселелерди маселелерди чечүү керек, алар:

- республиканын негизги соода өнөктөрү болгон бардык өлкөлөр менен

кош тараптуу кызматташтыктын маселелерин оперативдүү кароо боюнча

Өкмөттөр аралык биргелешкен комиссиялардын ишин активдештирүү;

- Кыргыз Республикасынын товарлары үчүн жањы рынокторду ачуу мак-

сатында ДСУга кирген өлкөлөр менен кош тараптуу сүйлөшүүлөрдү

жүргүзүүнү улантуу;

- КМШнын, ЕврАзЭСтин, ШКУнун, ЭКОнун региондук бирикмелеринин ал-

кагында экспортту, өнөр жайды өнүктүрүү жана инвестицияларды тартуу

үчүн макулдашууларды жана башка документтерди биргелешип иштеп чыгуу

боюнча ишти улантуу;

- республиканын ишканалары менен бажылык-тарифтик саясатты жакшыр-

туу боюнча, ЕврАзЭСтеги мамлекеттердин Жалпы бажылык тарифин калыптан-

дырууга Кыргыз Республикасынын катышуусу боюнча иш жүргүзүү.

6.1. Тышкы соода саясаты

Тышкы соода салыштырмалуу артыкчылыктарды пайдалануунун, ошондой

эле экспортту диверсификациялоонун эсебинен Кыргыз Республикасынын эко-

номикалык өсүшүнүн жакшыртуучу фактору жана стимулу болуга тийиш.

Башка өлкөлөр менен динамикалуу экономикалык кызматташтык, тышкы

сооданын аттаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргызстандын то-

варлары жана кызматтары үчүн дүйнөлүк рынокторго чыгуунун шарттарын

жакшыртуу, ички рынокту коргоо дењгээлинин натыйжалуулугун жогорулатуу

2006-жылдагы милдет болуп саналат.

Тышкы сооданын көлөмүнүн өсүшү импорттун кењейиши менен шарттал-

ган, ал болсо аргасыздан болуп жатат. Импорттун структурасында бизде

өндүрүлбөгөн товарлар жана жогорку технологиялык өндүрүштөгү товарлар

бардык келгендердин жарымын ээлеп турат, патенттер жана лицензиялар

формасындагы чет өлкөлүк технологияларды импорттоо анча эмес. Импортко

карата саясат негизинен протекционизм маанайындагы кыйыр ыкмалар менен

жөнгө салынат. Экспорттун товардык структурасында машина жасоо продук-

цияларынын жана даяр буюмдардын үлүшүн жогорулатуу зарыл.

Үстүбүздөгү жылы Экспорту өнүктүрүүнүн орточо мөөнөттүү программа-

сы кабыл алынат, андагы башкы милдет ата мекендик экспортту

өнүктүрүүнүн жана натыйжалуулугун жогорулатуунун ыњгайлуу соода-саясат-

тык, экономикалык, укуктук жана башка шарттарын түзүү, ошондой эле

улуттук экспорттоочулардын ишине мамлекеттик каржылык, салыктык, маалы-

маттык-консультациялык, маркетингдик, дипломатиялык жана башка жардам

көрсөтүүнүн түрлөрүнүн механизмдерин түзүү болуп саналат.

Тышкы сооданы жөнгө салуу бажылык-тарифтик саясатты жакшыртуу ар-

кылуу жүргүзүлөт.

7. Реалдуу секторду өнүктүрүү

7.1. Өнөр жайы

2006-жылы өнөр жайды өнүктүрүү саясаты негизинен сырьенун ички бу-

лактарына таянуу менен, кайра иштетүүчү тармактарга артыкчылык берип

өнүктүрүүнүн эсебинен, өнөр жай өндүрүшүнүн сырьелук жагын акырындык

менен сүрүп чыгаруу аркылуу өнөр жай өндүрүшүнүн туруктуулугуна же-

тишүүгө багытталган. Мындан тышкары, технологияларды өнүктүрүүгө жана

толук иштелип чыккан товарларды өндүрүүгө өтүү үчүн узак мөөнөтүү план-

да жогорку даярдоо иштери жүргүзүлүп жатат.

Өнөр жай өндүрүшүн турукташтыруу жана өнүктүрүү боюнча артыкчылык

берилген багыттар:

- иштеп жаткан кубатуулуктардын иш көлөмүн жогорулатуу жана натый-

жалуу пайдалануу, токтоп турган ишканалардын ишин калыбына келтирүү;

- жергиликтүү сырьену, ресурстарды толук жана терењ иштетүүгө ба-

гыт алган ишканаларды жана тармактарды артыкчылык берип өнүктүрүү, ко-

шумча наркы жогору болгон товарларды өндүрүү;

- чет өлкөлүк жана ата мекендик инвестицияларды тартуу жана сарам-

жал пайдалануу;

- ата мекендик товарларды тышкы рынокторго чыгаруу;

- ишканалардын каржылык абалын жакшыртууга көмөк көрсөткөн укуктук

актыларды ишке ашыруу жана продукцияларды өндүрүүнүн өсүшүнө түрткү

берүү;

- эмгек өндүрүмдүүлүгүн жана аттаандаштыкка жөндөмдүүлүктү жогору-

латуу;

- Өнөр жай өндүрүшүн диверсификациялоо;

- экспорттко багыт алган ишканалар үчүн КНС боюнча ашыкча төлөнгөн

суммалардын ордун толук жана өз убагында толтуруу болуп калат.

2006-жылы энергетикалык тармакты андан ары өнүктүрүү үчүн электр

энергиясынын дүњ рыногун түзүү болжолдонуп жатат.

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши тарабынан мамлекеттик энер-

гетикалык секторду менчиктештирүү Программасынын 4-этабы бекитилгенден

кийин, "Түндүк электр" ААКсынын акцияларынын мамлекеттик пакетин кон-

цессияга же ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү, тарифтерди реструктури-

зациялоо жана калк үчүн бирдиктүү тарифти киргизүү менен электр энерги-

ясына натыйжалуу тарифтик саясатты жүзөгө ашыруу, электр энергиясын

экспорттоону жогорулатуу боюнча иш жүргүзүү алдыда турат.

Көмүр казып алуу тармагында "Каракече" кенинде иштеп жаткан ишка-

налардын ишин активдештирүү, "Жыргалањ шахтасы" МАКында, "Бешбур-

ханкөмүр" ЖЧКасында жањы кубаттуулуктарды ишке киргизүү, ошондой эле

чакан жана орто бизнес ишканаларынын эсебинен көмүр казып алууну жого-

рулатуу керек.

Мунайды кайра иштетүүчү тармакта өндүрүштүн өсүшүнө жетишүү үчүн

кыргыз мунайын алууну жогорулатуунун жана жөнөтүүнүн эсебинен кайра иш-

тетилүүчү сырьенун көлөмдөрүн көбөйтүү зарыл. Бул үчүн түзүлгөн Мемо-

рандумдун алкагында "Кыргызмунайгаз" ААКсынын акцияларынын мамлекеттик

пакетин (86,5%) ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү же "Газпром" ААКсы

(Россия) менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча тапшырмаларды чечүү ке-

рек.

2006-жылы металлургиялык тармакта "Кумтөрдөгү" коромжулуктардын

ордун толтуруу рудадан металлды алууну жогорулатуунун; республикабызда-

гы бир катар чакан жана орто кендерди чалгындоону аяктоонун; "Кадамжай

сурьма комбинаты" ААКнын жана "Кара-Балта тоо кен комбинаты" ААКнын не-

гизги өндүрүшүн ишке киргизүүнүн, "Хайдаркан сымап комбинаты" АКсын ал-

тын өндүрүүгө кайра багыттоо мүмкүнчүлүгүнүн, "КХМЗ-Астра" АКнын техно-

логиясын модернизациялоо үчүн инвестициялардын көлөмүн жогорулатуунун

эсебинен жетишилет.

Металл эмес минералдык продукцияларды өндүрүү жана өнөр жайдын

башка тармактарында 2006-жылдагы өсүш "КЦШК" АКсында жана "Интергласс"

ЖЧКсында курулуш материалдарын чыгарууну жогорулатуу, курулушту актив-

дештирүү жана токтоп турган ишканаларды ишке киргизүү, жањы өнөр жай

объектилерин куруу, курулуш материалдарын чыгаруу боюнча анча чоњ эмес

натыйжалуу өндүрүштөрдүн тармагын түзүү, "Кыргыз-Кытай кагаз фабрикасы"

ААКсынын ишин турукташтырууга жөндөмдүү инвесторду тартуу үчүн ишкана-

нын акцияларынын мамлекеттик пакетин конкурстук негизде сатуу аркылуу

жетишилет.

2006-жылы текстиль-тигүү өндүрүшүн өнүктүрүү иштеп жаткан ишкана-

ларды кењейтүүнүн жана жањы ишканаларды ишке киргизүүнүн эсебинен кара-

лып жатат. Пахтадан жип ийрүү өндүрүшү боюнча кыргыз-кытай "Кыргызжип-

текс" ЖЧК биргелешкен ишканасын ишке киргизүү белгиленди, кийимдерди

тигүү боюнча 30дан ашык цех уюштуруу белгиленди.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан машина куруу тармагында

"Бишкектеги машина куруу заводу" ААКсын жана "Бишкектеги штамптоочу за-

вод" мамлекеттик ишканасын 2010-жылга чейин калыбына келтирүү жана эко-

номикалык өнүгүү боюнча кабыл алынган Программа, өнөр жайдын ар кандай

тармактары үчүн тикелей инвестицияларды тартуунун эсебинен өндүрүштүн

көлөмүн жогорулатууга мүмкүнчүлүк берет. Мындан тышкары, "БМЗ" ААКсы

жана "БШЗ" МИсинин 2006-2010-жылдарга Россия Федерациясы менен аскер-

дик-техникалык кызматташтык боюнча иштердин планына ылайык Россиянын

коргонуу өнөр жай комплексинин алдыњкы ишканалары менен биргелешкен

колдонмо илимий изилдөө жана тажырыйба-конструктордук иштерди жүргүзүү

каралып жатат.

"Дастан" трансулуттук корпорациясы" АКсы тарабынан Индияга атайын

продукцияларды жөнөтүү боюнча контракттардын түзүлүшү жана ийгиликтүү

ишке ашырылышы, ошондой эле аскердик техниканын жањы түрлөрүн

өздөштүрүү боюнча "IММЕRSION HI TECH LTD" компаниясы менен биргелешкен

долбоорлор, товардык продукцияны чыгаруунун көлөмдөрүн жогорулатууга

жана 2006-2008-жылдарда АКШнын 120-150 млн. доллары өлчөмүндө жеке ин-

вестицияларды тартууга мүмкүнчүлүк берет.

7.2. Айыл чарбасы

2006-жылга өндүрүштү өстүрүүнүн негизги өбөлгөлөрү жана факторло-

ру:

1. Айыл чарба өндүрүүчүлөрүнүн кредиттик ресурстарга мүмкүнчүлүк

алышын жакшыртуу.

2. Айылдык кооперацияны, айыл чарба продукцияларын сатып өткөрүү

жана кайра иштетүү тармагын өнүктүрүү.

3. Өндүрүштүк потенциалды, суу ресурстарын жана инвестицияларды

сарамжал пайдалануу болуп эсептелет.

4. Айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн кирешелүүлүгүн жогорулатуу:

- рапсты, буурчакты, гречиханы жана башка кирешелүү өсүмдүктөрдү

эгүүнү кењейтүүнүн;

- айыл чарба өсүмдүктөрүнүн үрөнчүлүк системасын калыбына кел-

тирүүнүн;

- канаттууларды жана балык өстүрүүнү жакшылап өнүктүрүүнүн;

- мал жайлоочу, кыштоочу жана алыскы жайыттарды натыйжалуу пайда-

лануунун;

- төлөөгө жөндөмсүз ишканалардын карыздарын реструктуризациялоо

аркылуу айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн каржылык абалын жакшыртуунун,

ошондой эле жоюлуп кеткен жана укуктук жолун жолдоочусу аныкталбаган

мурдагы колхоздор менен совхоздордун кайтарылгыс карыздарын кечүүнүн;

- жерлерди пайдаланууда рыноктук инфраструктураларды жана ижаралык

мамилелерди өнүктүрүүнүн;

- маалыматтык жана консультациялык кызматтарды жакшыртуунун эсеби-

нен жогорулайт.

7.3. Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсү

2006-жылы кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө: (а) ишкердик кылуу

чөйрөсүн жөнгө салуучу нормативдик укуктук базаны андан ары өркүндөтүү;

(б) тез өсүп жаткан жањы кызматтардын, анын ичинде телекоммуникациялык

кызматтардын жана туризмдин өсүшүнүн натыйжасында секторду кењейтүү ар-

кылуу өсүш тенденциясы сакталат.

Кызмат көрсөтүүлөр чөйрөсүндө дүњ чыгаруулардын өсүшү негизинен

рыноктук кызматтардын; сооданын, автомобилдерди, тиричилик жана жеке

пайдаланылуучу буюмдарды оњдоонун, транспорт жана байланыш, мейманкана

менен ресторандардын кызматтарынын өсүшүнүн эсебинен жетишилет.

Ички соода жагындагы саясат калк үчүн керектөө рыногунун жетки-

ликтүүлүгүн камсыз кылууга, товар жүгүртүүгө каржылык контролдукту ка-

лыбына келтирүүгө багытталат.

Соода жана кызмат көрсөтүү чөйрөсүн өнүктүрүүгө ири чекене соода

ишканалар тармагын өнүктүрүү, ушул негизде соодалык тейлөөнүн формала-

рын өркүндөтүү жана тармакты азыркы кездеги сервистик индустрияга ай-

ландыруу олуттуу таасир тийгизет.

Экономикалык тез өнүгүүгө жетишүү үчүн транспорттук инфрастуктура-

ны өркүндөтүү белгиленип жатат.

"Карго Кыргызстан" долбоорунун алкагында ички авиаташууларды ак-

тивдештирүү жана өлкөнүн транзиттик потенциалын өнүктүрүү боюнча иштер

жүргүзүлөт. "Кыргызстан аба жолдору" жана "Алтын эйр" эки авиакомпания-

ны кошуунун базасында жањы "Кыргызстан" авиакомпаниясы түзүлөт.

Уюлдук байланышты пайдалануучулардын жана уюлдук байланыш, телефон

тармагын модернизациялоо кызматтарын көрсөтүп жаткан компаниялардын са-

нынын жогорулашынын эсебинен почта жана электр байланыш кызматтары ди-

намикалуу өнүгүүсүн улантат.

Кызмат көрсөтүү чөйрөсүнүн өсүшүнө республикада зор потенциалга ээ

туризм чөйрөсү көмөк көрсөтөт.

7.4. Туризм

Туристтик тармакты өнүктүрүү жагындагы саясат азыркы кездеги ту-

ристтик индустрияны калыптандырууга, Кыргызстандын туристтик продукту-

сун туристтик кызматтардын дүйнөлүк рыногуна чыгарууга, тейлөө сапаты-

нын эл аралык стандарттарына жетишүү болуп саналат.

2006-жылга туризмди өнүктүрүүнүн негизги багыттары:

1. Жарнамалык-маркетингдик ишти активдештирүү жана Кыргызстанда

туризмди өнүктүрүү үчүн жагымдуу өлкө катары кадыр-баркын көтөрүү үчүн

Кыргызстан боюнча ММКнын, туристик уюмдардын жана ишкер чөйрөлөрдүн ма-

алымат-таанышуу саякаттардын, жарнамалык компанияларын өткөрүү.

2. Кадрлрардын квалификациясын жогорулатуу жана региондордо ту-

ризмди өнүктүрүү:

- айыл жеринде сувенирдик өндүрүштүн жана туристтерге кол

өнөрчүлүк буюмдарды сатуу системасын түзүү максатында элдик кол

өнөрчүлүктүн чеберлери үчүн семинарларды, тренингдерди өткөрүү;

- курорттук зоналарда жашаган калк үчүн меймандостуктун жүрүш-ту-

руш моделин жайылтуу боюнча семинарларды, тренингдерди өткөрүү.

3. Туристтик сервистин коопсуздугун камсыз кылуу жана сапатын жо-

горулатуу;

- эл аралык талаптарга ылайык курорттук-ден соолукту чыњдоо меке-

мелеринин классификациясынын жањы системасын иштеп чыгуу жана кабыл

алуу;

- туризм жагында тейлөөнүн жогорку маданиятын камсыз кылуу макса-

тында мамлекеттик кызматчылардын аракеттерин жөнгө салуучу нускама до-

кументтерди жањыртуу.

4. Кыргыз Республикасында туризмдин келечектүү түрлөрүн өнүктүрүү:

- "Кыргызстан-Эверест 2006" биринчи кыргыз-гималай экспедициясын

даярдоо жана өткөрүү;

- туризмдин экстремалдык түрлөрү боюнча семинарларды өткөрүү;

- тоо туризминин нускоочуларын жана коштоп жүрүүчү-гиддерди даяр-

доо боюнча республикалык семинарды өткөрүү.

7.5. Ишкердик

2006-жылы ишкердикти өркүндөтүү үчүн шарттарды жакшыртууга жана

мыйзамдарды өнүктүрүүгө багытталган, ишкердикке колдоо көрсөтүү саясаты

улантылат.

2006-жылы ишкердикти өнүктүрүү жагында алдыга коюлган милдеттерди

ишке ашыруу үчүн:

- "Чакан жана орто ишкердик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мын иштеп чыгуу жана бекитүү;

- жакынкы 10-15 жылга ишкердикти өнүктүрүүнүн Концепциясын иштеп

чыгуу жана бекитүү, ал 2006-2008-жылдарга ишкердикти өнүктүрүүнүн Мам-

лекеттик программасынын негизи болуп калат;

- бир эле мезгилде тиешелүү нормативдик укуктук актыларга

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү менен каттоочу жана лицензия-

лык-уруксат берүү системаларын андан ары оптималдаштыруу боюнча ишти

улантуу;

- "Ишкердик субъектилердин ишине контролдоочу, укук коргоо жана

башка органдардын кийлигишүүсүн чектөө боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 23-июлундагы N 284 Жарлыгын

ишке ашыруунун алкагында мамлекеттик контролдоочу органдардын ыйгарым

укуктарын текшерип чыгууну жүргүзүү;

- экспортко багыт алган ишканалар үчүн КНС боюнча ашыкча төлөнгөн

суммаларды толук жана өз убагында ордун толтуруу боюнча иш жүргүзүү;

- 2006-жылдын сентябрында Кыргыз Республикасынын Президентинин ка-

тышуусу менен улуттук бизнес-форум өткөрүү болжолдонуп жатат.

7.6. Инвестициялык саясат

2006-жылы Кыргыз Республикасынын инвестициялык саясаты мурдагыдай

эле жеке капиталдык салымдардын өсүшү үчүн жагымдуу инвестициялык жаг-

дайды түзүүгө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн кепилдиги

менен алынуучу чет өлкөлүк карыздарды кыскартуу (Мамлекеттик инвестици-

ялар программасы) (МИП) жана гранттык колдоону тартуу болуп калат.

Инвестициялык жагдайды жакшыртуу, инвесторлордун жолундагы негиз-

сиз тоскоолдуктарды четтетүү үчүн жөнгө салуучу саясаттын чараларын

чыњдоого, эмгек рыногунун мобилдүүлүгүнө түрткү берүү үчүн аны реформа-

лоого, нормативдик укуктук базаны өркүндөтүүнүн, сот системасын рефор-

малоонун эсебинен, инвесторлордун жана кредиторлордун укуктарын чыњдоо-

нун, ошондой эле салык салуунун адилет жана жөнөкөйлөтүлгөн системасы-

нын, жүргүзүлүп жаткан структуралык реформалардын натыйжалуулугун жого-

рулатуунун эсебинен камсыз кылынат.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен башка мамлекеттердин ортосун-

дагы инвестицияларга колдоо көрсөтүү жана коргоо жөнүндө макулдашуулар-

га кол коюу боюнча иш улантылат.

Белгиленген чаралардын натыйжасында энергетика, алтын казып алуу,

айыл-чарба продукцияларын кайра иштетүү, мунай казып алуу, металлдык

эмес өндүрүш, туризм жана башкалар сыяктуу жагымдуу тармактарга инвес-

тициялардын агымынын жогорулашы күтүлүүдө.

Мамлекеттик инвестицияларды пайдалануунун натыйжалуулугун жогору-

латуу, социалдык инфраструктуранын артыкчылык берилген объектилерин

өнүктүрүү, аларды так каржылоо үчүн бардык колдо болгон ресурстарды мо-

билизациялоо максатында өнүктүрүү бюджетинин концепциясын иштеп чыгуу

зарыл.

2006-жылы Мамлекеттик инвестициялар программасынын алкагындагы не-

гизги милдет - 2006-2009-жылдарга өлкөгө жардам көрсөтүүнүн төмөндөгү

стратегиялары (ӨЖС) боюнча донорлор менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү жанан

өлкөгө гранттык жардамды тартуу болуп калат.

Ички аманаттардын өсүшүнө, атап айтканда инвестицияларга түрткү

берүү үчүн фискалдык системаны жана каржылык секторду, анын ичинде банк

секторун реформалоо тездетилет.

Калктын аз камсыз болгон бөлүгү үчүн турак-жай курулушун кењейтүү

жана турак жайды кредиттөөнү өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү каржылоонун айкын булактарын аныктоо менен ипотекалык кре-

диттөөнүн иштөө механизмдерин иштеп чыгууга жана колдонууга киргизүүгө

ниеттенет.

Турак жайды каржылоонун негизги багыттары:

- "Жаш мугалимдердин депозити" жана "Жаш дарыгерлердин депозити"

программасынын алкагында жаш мугалимдер жана жаш дарыгерлер үчүн турак

жай;

- турак жайды кредиттөөнүн топтоо системасы;

- катышуусу менен социалдык турак жайларды куруу сунушталат.

Бул сунуш баарынан мурда кирешеси орточо дењгээлдеги жана кирешеси

орточо дењгээлден төмөнкү жарандарга эсептелип, алардын турак жай алышы

үчүн жеткиликтүү каржы ресурстары менен камсыз кылууга эсептелген.

8. Структуралык өзгөртүп кайра түзүүлөр

8.1. Мамлекеттик башкарууну өркүндөтүү

2006-жылы мамлекеттик башкаруу системасын өркүндөтүү саясаты иш

милдеттерди кайталоону жокко чыгаруучу жана калкка сапаттуу кызматтарды

көрсөтүүчү аткаруу бийлигинин компакттуу системасын түзүүгө багытталат.

Мамлекеттик башкарууну жана мамлекеттик кызматты өркүндөтүү макса-

тында коррупцияга каршы күрөшүүнү жөнгө салуучу мыйзамдык нормаларды

катаалдаштыруу каралат.

Мамлекеттик структуралардын жарандык коомдун алдындагы жоопкерчи-

лигин катаалдаштыруу жана алардын ишинин ачык-айкындыгын камсыз кылуу

аркылуу коррупция жоюлат.

Туруктуу экономикалык өсүштөргө жетүү үчүн жекече инвестициялардын

агымын камсыз кылууда мамлекеттик башкарууну олутту жакшыртуу зарыл.

Мамлекеттик кызмат чөйрөсүндө бирдиктүү мамлекеттик саясатты

жүзөгө ашыруу максатында администрациялык мамлекеттик кызматтарды ээлеп

турган мамлекеттик кызматчыларды конкурстук тандап алуунун, окутуунун

жана кайра окутуунун, аттестациялоонун, жогорулатуунун, ротациялоонун

жана кызматтан бошотуунун системасы андан ары өнүгүүгө ээ болот.

"2010-жылга чейин Кыргыз Республикасында мамлекеттик башкарууну

децентралдаштыруу жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өнүктүрүүнүн"

Улуттук стратегиясына ылайык мамлекеттик бийликтин жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдарынын иш милдеттерин так чектөө боюнча иш-чара-

лар аткарылат.

8.2. Мамлекеттик менчикти

менчиктештирүү жана башкаруу

2006-жылы мамлекеттик менчикти менчиктештирүү чөйрөсүндөгү саясат

төмөндөгү багыттар боюнча жүзөгө ашырылат:

- төмөнкүлөр аркылуу мамлекеттик менчик объекттерин башкаруу жана

менчиктештирүү:

- мамлекеттик менчикти менчиктештирүү боюнча практикалык чараларды

жүзөгө ашыруу;

- мамлекеттик менчикти башкаруунун механизмин өркүндөтүү (акция-

лардын мамлекеттик пакеттерин ишенимдүү башкарууга өткөрүп берүү, акци-

ялардын мамлекеттик үлүшүнөн дивиденддерди өндүрүп алуу боюнча иш

жүргүзүү, мамлекеттик мүлктү ижарага берүү боюнча контролду күчөтүү,

акционердик коомдорду башкаруу органдарына катышуу үчүн мамлекеттин

өкүлдөрүн конкурстук тандап алуу, акционерлердин жалпы чогулуштарын

өткөрүүгө катышуу, ишканалардын каржылык-чарбалык иштерине талдоо

жүргүзүү);

- ишканалардын инвестициялык кызыктыруусун жогорулатуу, натыйжалуу

менчик ээлерин издөө максатында эл аралык инвестициялык тендерлерди

уюштуруу боюнча иштерди активдештирүү, менчиктештирилип жаткан ишкана-

ларды өндүрүштүк, технологиялык жана социалдык өнүктүрүү үчүн зарыл

болгон инвестицияларды тартуу, ата мекендик жана чет өлкөлүк инвестици-

ялардын оптималдуу катышын камсыз кылуу;

- чарбакер субъектилерде корпоративдик жана каржылык башкарууну

институттук өнүктүрүү жана түзүү планында корпоративдүү башкаруу систе-

масын өркүндөтүү;

- стратегиялык жана каржылык чечимдерди кабыл алууда мамлекеттик

өкүлдөрдүн маанисин жана жоопкерчилигин жогорулатуу менен Директорлор

кењешинде жана текшерүү комиссияларында аларды тандап алууда жана алар

менен Келишим түзүүдө аларга карата талаптарды катаалдаштыруу аркылуу

Кыргыз Республикасынын экономикасы жана экономикалык коопсуздугу үчүн

стратегиялык мааниси бар объектилерге мамлекеттик контролдукту күчөтүү.

Экономиканын стратегиялык секторлорун реформалоо төмөнкүлөр аркы-

луу белгиленген:

- энергетикалык сектордо, кен казып алуу, телекоммуникациялык сек-

торлордо жана аба транспортунда менчиктештирүү же ишенимдүү башкарууга

же концессияга жана башкаларга стратегиялык инвесторлорду тартуу менен

берүүдө реформалоону аяктоо аркылуу экономиканын монополиялык секторло-

рунда атаандаштык чөйрөсүн түзүү;

- Кыргыз Республикасынын улуттук кызыкчылыктарынын чөйрөсүн бил-

дирген жана анын улуттук коопсуздугун камсыз кылган өндүрүштүн айрым

стратегиялык түрлөрүнө мамлекеттик контролдукту сактап калуу, ушул

өндүрүштөрдү натыйжалуу башкарууну камсыз кылуу.

9. Социалдык саясат

9.1. Билим берүү

Билим берүү жагындагы саясат республиканын интеллектуалдык потен-

циалын өнүктүрүүгө, адистерге карата заманбап талаптарды жана окутууда

технологияларды пайдаланууну эске алуу менен орто жана жогорку кесиптик

билим берүүнүн мамлекеттик билим берүү стандарттарын өркүндөтүүгө ба-

гытталат.

Ушул максаттарга жетишүү үчүн 2006-жылы төмөндөгү милдеттерди

чечүү керек;

- жалпы билим берүүчү мектептердин бүтүрүүчүлөрүн бирдиктүү жалпы

улуттук тестирлөөнүн ачык-айкындыгын өнүктүрүү;

- аз камсыз болгон үй-бүлөдөн чыккан студенттерге гранттык колдоо

көрсөтүү жана айыл жерлеринен келген бүтүрүүчүлөр үчүн бюджеттик орун-

дарды квоталоо аркылуу жогорку билим алуунун жеткиликтүүлүгүн камсыз

кылуу;

- мектепке чейинки бюджеттик мекемелердин тармагын сактап калуу,

бюджеттен тышкаркы жана альтернативалуу каражаттарды тартуу менен ушул

тармактын ар кандай формаларын андан ары өнүктүрүү;

- окуу пландарын жана окуу программаларын өркүндөтүү жана ушул не-

гизде окуучулардын окуу боюнча жүктөмүн азайтуу;

- билим берүү системасынын бардык дењгээлинде каржылык транспа-

ренттүүлүктү камсыз кылуу;

- билим берүү системасында программалык бюджеттештирүүнүн принцип-

терин колдонуу;

- жогорку билим берүүнү гранттык каржылоо жана анын даректүүлүгү

принциптеринде окуп жаткандарга мамлекеттик каржылык жардам көрсөтүүнүн

механизмдерин иштеп чыгуу;

- билим берүү кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатуу;

- бюджеттик классификациялоонун чыгашаларынын корголгон, ошондой

эле башка статьяларын каржылоону өз убагында жана толук камсыз кылуу;

- билим берүү тармагында бардык каржылык ресурстарды, айрым алган-

да бюджеттен тышкаркы фонддорду максаттуу пайдаланууну камсыз кылуу;

- "Жаш мугалимдин депозити" программасын ишке ашыруу жана

өркүндөтүү;

- жалпы билим берүүчү мектептердин китепкана фонддорун кењейтүү,

жањы муундагы окуу китептерин басып чыгаруу жана жайылтуу, айыл жеринде

педагогикалык кадрлардын тартыштыгын болтурбоо, жалпы билим берүүчү

мектептерди учурдагы оњдоо жана жањыларын куруу жолу менен жалпы орто

билимге Кыргыз Республикасынын жарандарынын жетүүсүн жакшыртуу.

9.2. Саламаттык сактоо

2006-жылы саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү саясат көрсөтүлгөн меди-

циналык кызматтардын сапатын жогорулатуу аркылуу калктын жашоо шартта-

рын жакшыртууга багытталган.

Бул багытта төмөнкүлөр пландалууда:

- саламаттык сактоо кызматтарына жетүүдөгү тењсиздик маселелерин

чечүү, ал калктын аялуу катмарларынын бирдей эмес жетүүсүнөн да, ошон-

дой эле алыскы региондорду каржылоонун бирдей эместигинен да көрүнүп

турат;

- саламаттык сактоонун кызматтарына амбулаториялык же стационардык

дењгээлде кайрылган үй чарбаларынын кошумча акы төлөшүнүн жана уланты-

лып жаткан расмий эмес төлөмдөрдүн дењгээлинин жогорулугунан улам кар-

жылык оорчулук маселесин чечүү;

- калктын саламаттыгын жакшыртуу үчүн саламаттык сактоо кызматта-

рын көрсөтүү системасынын бардык дењгээлдеринде кызмат көрсөтүүлөрдүн

сапатын андан ары жакшыртуу;

- калкты, жергиликтүү жамааттарды, өкмөттүк эмес жана коомдук уюм-

дарды калктын саламаттыгын сактоо жана ден соолугун чыњдоо маселелерин

чечүүгө кыйла активдүү тартуу;

- саламаттык сактоо секторунун туруктуу алдыга умтулган иш

жүргүзүшүн камсыз кылууга жөндөмдүү болгон потенциалын өнүктүрүү;

- саламаттык сактоо системасын андан ары институтташтыруу.

2006-жылдан тартып "саламаттык сактоо" тармагынын бюджетин каржы-

лоо жана аткаруу республиканын региондору боюнча каржылоонун көлөмдөрүн

тењдөөдө саламаттык сактоодогу минималдуу стандарты колдонуу аркылуу

жарым жартылай түрдө статьясыз негизде жүзөгө ашырылат.

2006-жылы "Манас таалими" программасынын, ошондой эле Мамлекеттик

кепилдиктер программасынын алкагындагы чаралар жүзөгө ашырылат, ал жа-

рандарды медициналык-санитардык жардам менен камсыз кылууга, коомдогу

социалдык курч абалды төмөндөтүүгө, калктын социалдык жактан аялуу топ-

торунун саламаттык сактоо кызматтарына жетүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртууга,

медициналык кызматтарды алууда калк үчүн каржылык оорчулукту азайтууга

багытталган.

9.3. Калкты социалдык жактан коргоо

2006-жылы социалдык жактан коргоо жагындагы мамлекеттик саясаттын

негизги багыты калктын социалдык жактан аялуу катмарларынын кедейчилик

дењгээлин төмөндөтүү болуп саналат.

Бул багытта төмөндөгүдөй милдеттер чечилет:

- бардык социалдык кепилдиктерди толук жана өз убагында каржылоо;

- бюджеттик чөйрөнүн аз акы төлөнүүчү кызматкерлеринин эмгек акы-

сын этап-этабы менен жогорулатуу;

- керектөөнүн кепилдикке алынган минималдуу дењгээлин (ККМД) жого-

рулатуу аркылуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн жана жарандардын пособи-

елеринин өлчөмүн орточо 28 %ке көбөйтүү;

- арыз берүүчүлөрдүн реалдуу кирешелерин баалоонун жакшыртылган

методологиясын киргизүү аркылуу жер-жерлерде бирдиктүү ар айлык пособи-

ени (БАП) төлөөнүн даректүүлүгүн жогорулатуу;

- калктын жењилдик берилген категорияларына электр, газ жана ком-

муналдык кызмат көрсөтүүлөр үчүн акы төлөө сыяктуу жењилдиктерди тике-

лей акчалай төлөмдөргө которуу.

9.4. Калкты социалдык жактан камсыз кылуу

2006-жылы пенсия менен камсыз кылууну жакшыртуу жана пенсиялык

системаны андан ары реформалоо максатында төмөнкүлөр боюнча иштер

жүргүзүлөт:

- пенсиялардын өлчөмдөрүн жогорулатуу;

- пенсияларды төлөп берүүнү учурдагы айга которууну аяктоо (мурда

пенсиялар ай аяктагында төлөнүп берилүүчү);

- 2000-2001-жылдарда пенсияга чыккан адамдардын курагынын жогору-

лашына байланыштуу компенсацияларды төлөп берүү;

- камсыздандыруу взносторунун тарифтерин төмөндөтүү;

- мамлекеттик социалдык камсыздандыруу боюнча камсыздандыруу

взносторун жыйноону администрациялоону андан ары өркүндөтүү;

- камсыздандыруу взностору боюнча мөөнөтү өткөн карыздарды өндүрүү

боюнча максаттуу иш жүргүзүү;

- пенсияларды жана пособиелерди төлөөнү жана Милдеттүү медициналык

камсыздандыруу фондун өз убагында жана толук көлөмдө каржылоо;

- колдонулуп жаткан пенсиялык системага топтоо элементтерин кир-

гизүү маселелери боюнча Дүйнөлүк банк жана Эл аралык валюта фонду менен

биргелешкен иш жүргүзүү.

9.5. Иш менен камсыз кылуу жана миграция

2006-жылы кедейчиликтин дењгээлин төмөндөтүү максатында төмөнкүлөр

аркылуу калктын иш менен камсыз болушун жогорулатуу боюнча иш-чаралар-

дын комлекси жүргүзүлөт:

- жумушсуздардын ичинен эмгек рыногунда талап кылынган кесиптер

жана адистиктер боюнча окутуудан өткөн жарандардын санын 5-7%ке

көбөйтүү;

- жумушсуздардын ичинен акы төлөнүүчү коомдук жумуштарга тартылган

жарандардын санын 5-7%ке көбөйтүү;

- калктын социалдык аялуу катмарларынан чыккан жарандардын өздүк

иштерин уюштуруу үчүн чакан кредиттерди берүү;

- калкты ишкердиктин көндүмдөрүнө окутуу боюнча иштерди күчөтүү

(консультациялар, бизнес пландарды түзүүдө жардам көрсөтүү);

- эмгек ресурстарынын убактылуу бош бөлүгүн экспорттоо боюнча иш-

терди активдештирүү;

- региондук өнүктүрүүнү жана инвестициялык мүмкүнчүлүктөрдү эске

алып, иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик стратегиясын аныктоо.

Мындан тышкары коомдогу миграциялык процесстердин маанисин жогору-

латуу үчүн төмөнкүлөр зарыл:

- тышкы жана ички миграция процесстерин жөнгө салууну аныктоо,

өлкөнүн чегинен тышкары иштеп жаткан эмгек мигранттарына колдоо

көрсөтүү, мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттары ката-

ры улуттук эмгек рыногун өнүктүрүү;

- миграция жана иш менен камсыз кылуунун мамлекеттик кызматынын

мааалыматтар базасында болгон адистердин жана квалификациялуу жумушчу-

лардын ичинен жумушсуз жарандарга артыкчылык берип тандап алуу, жерги-

ликтүү ишканаларга жиберүү жана ишке орноштуруу боюнча иштерди күчөтүү

жана системага салуу;

- чарбакер объектилерди куруу жана кењейтүү жөнүндө чечимдерди ка-

был алуу стадиясында улуттук жана региондук эмгек рынокторундагы кырда-

алды иликтөө жана алардын потенциалын пайдалануунун альтернативаларын

иштеп чыгуу кошо аткарылууга тийиш.
