# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 297 "Кыргыз Республикасынын аймагын жогорку патогендүү куш тумоосунун козгогучунун киришинен коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 297 "Кыргыз Республикасынын аймагын жогорку патогендүү куш тумоосунун козгогучунун киришинен коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 297
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57372>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11372/edition/1140585/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57372.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 297 "Кыргыз Республикасынын аймагын жогорку патогендүү куш тумоосунун козгогучунун киришинен коргоо боюнча чаралар жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57372

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 25-апрели № 297

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын аймагын жогорку патогендүү куш тумоосунун козгогучунун киришинен коргоо боюнча чаралар жөнүндө

Азыр дүйнөдө куш тумоосу боюнча татаал эпизоотиялык абал пайда болду. Жогорку патогендүү куш тумоосу Азиянын жана Европанын көп өлкөлөрүндө катталды. Куштардын жазгы-күзгү жер которгон мезгилинде инфекциянын козго- гучтары Кыргыз Республикасынын аймагына келишине реалдуу коркунуч жара- лат. Республиканын аймагын жаныбарлардын өзгөчө коркунучтуу жугуштуу ооруларынын, өзгөчө жогорку патогендүү куш тумоосунун козгогучтары ки- ришинен коргоо боюнча ветеринардык-санитардык чараларды күчөтүү макса- тында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр

жай министрлигине караштуу Мамлекеттик ветеринария департаменти:

- Эл аралык Эпизоотиялык Бюронун расмий маалыматтарынын негизинде

жогорку патогендүү куш тумоосу боюнча абал жакшы эмес администрациялык аймактардын, провинциялардын, облустардын, өлкөлөрдүн реестрин түзүп, аны эпизоотиялык абалдын өзгөрүшүнө жараша такай жањылап жана бул оору боюнча дүйнөдөгү абалды такай мониторингдөөнүн жыйынтыгынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө, Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер ми- нистрлигине, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясына жана Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматынын Чегара аске- рине маалымат берип турсун;

- дүйнө өлкөлөрүнүн жогорку патогендүү куш тумоосу боюнча абал

жакшы эмес администрациялык аймактарынан канаттуулардын жана канаттуу- лар продукциясынын Кыргыз Республикасына алынып келишине жана Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу транзитике тыюу салсын;

- жапайы канаттуулардын түрлөрүнүн этин, жумурткасын жана башка

продукцияларын сатууга тыюу салсын.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы:

- Мамлекеттик ветеринардык көзөмөлдүн, санитардык-эпидемиологиялык

кызматтын, фитосанитардык жана карантиндик инспекциянын адистеринин ба- жылык контроль зонасына жана бажылык терминалдарга киришине уруксат берсин жана товарларды (жүктөрдү) текшерип кароодо жана тариздөөдө алардын такай катышуусун камсыздасын.

3. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Сани-

тардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти:

- Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чегарасы аркылуу туруктуу

өткөрүүчү пункттарда республикага келип жаткан адамдарды медициналык текшерип кароону жүргүзсүн, ал эми ооруга шектүүлөрү аныкталган учурда

- кабарлоонун колдонулуп жаткан схемаларын ишке киргизсин жана эпидеми-

яга каршы иш-чаралардын комплексин жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин Сани-

тардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти жана Кыргыз Республикасы- нын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинин Мамле- кеттик ветеринария департаменти:

- жалпыга маалымдоо каражаттарын тартуу менен жер-жерлерде адам

жана жаныбарлар үчүн жалпы жугуштуу оорулардын, анын ичинде жогорку па- тогендүү куш тумоосунун алдын алуу маселеси боюнча кењешме семинарларды уюштурушсун жана өткөрүшсүн;

- эл арасында таратуу үчүн жогорку патогендүү куш тумоосу боюнча

санитардык агартуучу адабияттарды даярдасын жана чыгарышсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик:

- жапайы канаттуулардын бардык түрлөрүн кармоого жана атууга тыюу

салсын;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биоло-

гия-кыртышты изилдөө институтунун адистерин тартып, жапайы келгин куш- тардын миграциясына мониторинг жүргүзүү боюнча жумушчу топ түзсүн;

- келгин куштар көп топтолгон жерлерде миграцияга мониторинг

жүргүзүү үчүн туруктуу (сезондук) пункттарды уюштурсун;

- канаттуулардын жапайы түрлөрүнүн өлгөн жана ооруганы аныкталган

учурлары жөнүндө мамлекеттик ветеринария органдарына дароо билдирсин;

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биоло-

гия-кыртыш институту менен бирдикте Келгин куштардын миграциясына мони- торинг жүргүзүүнүн тартибин иштеп чыксын жана аныкталган тартипте бе- китсин;

- Кыргыз Республикасынын аймагында жапайы жана келгин куштардын

миграциясына мониторинг жүргүзүүнү уюштуруу боюнча иш-чаралардын планын каржылоону киргизүү максатында Дүйнөлүк банктын Кыргыз Республикасында- гы куш тумоосу боюнча айылдык долбоорун ишке ашыруу бөлүмүнүн макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 16-январындагы № 25 "Жогорку патогендүү канаттуулар тумоосуна каршы чара көрүү боюнча Кыр- гыз Республикасынын улуттук планын бекитүү жөнүндө" токтомуна тийиштүү өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду даярдасын жана аныкталган тартипте киргизсин.

6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Курчап турган чөйрөнү

коргоо жана токой чарбасы боюнча мамлекеттик агенттик, Кыргыз Республи- касынын Улуттук илимдер академиясы:

- Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Биоло-

гия-кыртыш институтунун канаттуулардын жапайы түрлөрүнүн вирустуулугу жөнүндө материалдарды чогултуу боюнча экспедициясынын чыгымдар сметасын эки аптанын ичинде иштеп чыгышсын жана аныкталган тартипте бекитишсин жана келгин куштардын миграциясына мониторинг жүргүзүү боюнча жумуштар- ды максаттуу каржылашсын.

7. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз ал-

дынча башкаруу органдарынын жана айыл өкмөттөрүнүн башчылары:

- канаттуулар фермаларында жана калктын короо-жайларында канаттуу-

лардын абалына такай байкоо орнотсун. Канаттуулардын оорусу чыккан учурда жогору турган ветеринардык жа- на администрациялык органдарга баштапкы чордондо ооруну диагностикалоо, жайылтпай чектөө жана жоюу боюнча ыкчам чара көрүү үчүн токтоосуз ка- барлашсын.

5. Күчүн жоготту деп эсептелсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 11-мартындагы №

138-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 22-июнундагы №

388-б буйругу.

9. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

10. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра иш- тетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
