# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 296
- Кабыл алынган күнү: 25.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.12.2024
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57371>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11371/edition/390743/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57371.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.12.2024 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу жөнүндө" токтому (25.12.2024 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57371

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 25-декабрындагы № 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз

Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө

ашыруу жөнүндө

«Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө», «Кыргыз

Республикасында мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө» Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын жүзөгө ашыруу иретинде,

ошондой эле ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө

мүчөлөрүнө социалдык жардам көрсөтүү, Кыргыз Республикасынын аймагында

ВИЧ/СПИДдин таркашынын алдын алуу боюнча натыйжалуу механизмдерди

түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Төмөнкү тиркемелер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасында ВИЧке анализдин дурус жана шектүү

натыйжалары бар адамдарды адамдын иммуножетишсиздигинин вирусун

аныктоого медициналык текшерүүдөн өткөрүүнүн, медициналык каттоого

алуунун жана байкоо жүргүзүүнүн эрежелери;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдардын эмгегин пайдаланууга жол

берилбей турган адистиктердин жана кызмат орундарынын атайын тизмеси;

- Милдеттүү медициналык текшерүүдөн өткөрүүгө алына турган

өндүрүштөрдүн, иштердин, кесиптердин жана кызмат орундарынын тизмеси;

- Адамдын иммуножетишсиздигинин вирусуна (ВИЧ) чалдыккандыгын

аныктоого текшерүүдөн өткөрүүнүн медициналык корутундусунун

(сертификат-маалымкат) үлгүсү;

- ВИЧ/СПИДге чалдыккан адамдарга жана алардын үйбүлө мүчөлөрүнө

социалдык жардам көрсөтүү жөнүндө Жобо;

- Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусуна чалдыккан адамдарга зыяндын ордун толтуруу боюнча бир жолку

жөлөкпул төлөп берүүнүн тартиби жөнүндө жобо;

- Кызматтык милдеттерин аткарууда адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусуна чалдыгуу коркунучуна туш болгон адамдарды социалдык жактан

коргоонун тартиби жөнүндө жобо.

2. Ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн тизмеде каралган адамдар

ишке кирүүдө жана мезгил-мезгили менен милдеттүү медициналык кароодон

өтүүдө ВИЧ-инфекцияны аныктоо үчүн милдеттүү медициналык текшерүүдөн

өтүүгө тийиш экендигин белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз

Республикасынын аймагында жүргөн четөлкөлүк жарандар ВИЧке милдеттүү

медициналык текшерүүдөн өтүүдөн атайылап качкан учурларда аларды

Кыргыз Республикасынын аймагынан администрациялык жол менен чыгарууну

караган «Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодекске толуктоолорду

киргизүү тууралу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун

белгиленген тартипте иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн кароосуна киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин 2003-жылдын 15-

январындагы №10 буйругу менен бекитилген Кыргыз Республикасында жекече

медициналык практиканы лицензиялоо жөнүндө жобого ВИЧке медициналык

текшерүүдөн өткөрүүгө коюлуучу талаптардын комплексин аныктоо маселеси

боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду белгиленген тартипте

киргизсин.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1997-жылдын 1-сентябрындагы

№507 «Кыргыз Республикасында СПИДдин алдын алуу жана жыныстык жол

менен жугуучу оорулар боюнча чаралар жөнүндө» токтому күчүн жоготту

деп табылсын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296

токтому менен бекитилген

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Медициналык | ВИЧке антителолорду текшерүү жөнүндө |
| --- | --- |
| корутундуга | №\_\_\_\_\_\_\_\_\_ медициналык корутунду |
| №\_\_\_\_\_ | CERTIFICATE |
| корешок | of test on antibodies to HIV |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Берилди\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| (текшерүүдөн өткөн | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| адамдын фамилиясы,аты) | (ф.а.)орус жана англис тилинде |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| текшерүүнү жүргүзүү | (паспорт-серия,№,же аны алмаштырган документтин |
| датасы | маалыматтары- аталышы,сериясы,№) |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Текшерүү датасы 2006-жылдын\_\_\_\_\_\_Лабораториянын |
| лабораториянын каттоо № | катоо номери\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Натыйжа: ВИЧке антителолор табылган жок |
| Test result: HIV Antibodies are not found |  |
| корутундуну алгандыгы | Врачтын Ф.А.Ж.\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| жөнүндө текшерилген | (врачтын колу) |
| адамдын колу |  |
| (мекеменин мөөрү) |  |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 25-апрелиндеги № 296

токтому менен бекитилген

\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_

| Медициналык | ВИЧке антителолорду текшерүү жөнүндө |
| --- | --- |
| корутундуга | №\_\_\_\_\_\_\_\_\_ медициналык корутунду |
| №\_\_\_\_\_ | CERTIFICATE |
| корешок | of test on antibodies to HIV |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Берилди\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| (текшерүүдөн өткөн | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| адамдын фамилиясы,аты) | (ф.а.)орус жана англис тилинде |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| текшерүүнү жүргүзүү | (паспорт-серия,№,же аны алмаштырган документтин |
| датасы | маалыматтары- аталышы,сериясы,№) |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Текшерүү датасы 2006-жылдын\_\_\_\_\_\_Лабораториянын |
| лабораториянын каттоо № | катоо номери\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | Натыйжа: ВИЧке антителолор табылды |
| Test result: HIV Antibodies are found |  |
| корутундуну алгандыгы | Врачтын Ф.А.Ж.\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |
| жөнүндө текшерилген | (врачтын колу) |
| адамдын колу |  |
| (мекеменин мөөрү) |  |
| \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ | \_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_\_ |

Адамдын иммуножетишсиздигинин

вирусуна (ВИЧ) чалдыккандыгын

аныктоого текшерүүдөн өткөрүүнүн

медициналык корутундусуна

(сертификат-маалымкатына) тиркеме

ВИЧке антителолорго текшерүү жөнүндө

медициналык корутундуга (сертификатка)

талаптар

1. Медициналык корутунду төмөнкүлөрдү камтууга тийиш:

- паспорттук маалыматтарды (фамилиясы, аты-жөнү),

- паспортунун каттоо маалыматтарын - сериясын, №, же аны

алмаштырган документтин - аталышын, сериясын, №,

- текшерүү датасын,

- лабораториянын каттоо номерин,

- текшерүүнүн натыйжасын (ВИЧке антителолор табылган жок, ВИЧке

антителолор табылды),

- врачтын Ф.А.Ж., врачтын колу,

- мекеменин мөөрү,

- корутундуну алгандыгы жөнүндө текшерилген адамдын колу

(корешокто).

2. Медициналык корутунду орус жана англис тилдеринде толтурулат.

3. Медициналык корутунду текшерүү жүргүзүлгөн күндөн тартып үч

айдын ичинде анык.

4. Медициналык корутундунун бланкы жасалмадан коргоо даражасын

камтыйт.
