# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү- ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү- ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 289
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 10.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57362>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11365/edition/326254/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57362.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 10.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289 "Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү- ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (10.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57362

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 24-апрелиндеги № 289

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын

10-декабрындагы Кыргыз Республикасынын "Коомдуктелекөрсөтүү-

ЭЛТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу

тууралуу

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнөн

2007-жылдын 10-апрелиндеги №106

токтомуна ылайык)

"Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы

№632 "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясы жөнүндө"

Жарлыгын аткаруу жана калкка объективдүү маапымат берүүнү камсыздоо,

коомдук телерадиоберүүнүн ролун жогорулатуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыргыз

Республикасынын "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР" телерадиокомпаниясынын

ишин каржылоого "Кыргыз Республикасынын 2006-жылга республикалык

бюджети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамы жөнүндө каралган

финансы каражаттарын толук көлөмүндө бөлүп берүүнү камсыз кылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети белгиленген тартипте Бишкек шаары, Эркиндик

бульвары, 122 дареги боюнча жайгашкан имараттын бөлүгүн Кыргыз

Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын балансынан Кыргыз

Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын

балансына жана Ош шаары, Учительская көчөсү, 36 дареги боюнча

жайгашкан имараттын бөлүгүн тиешелүү аймагы менен Кыргыз

Республикасынын «Коомдук телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын

балансынан Кыргыз Республикасынын Улуттук телерадиокорпорациясынын

балансына тиркемеге ылайык өткөрүп берүү жөнүндө маселени чечсин.

3. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук

телерадиокорпорациясынын жана Кыргыз Республикасынын «Коомдук

телекөрсөтүү - ЭЛТР» телерадиокомпаниясынын имараттарын өткөрүп

берүүнү белгиленген тартипте тариздесин».

4. Ош шаарынын мэриясы Кыргыз Республикасынын Улуттук

телерадиокорпорациясына батыш тарабынан Улуттук

телерадиокорпорациясына бекитилген жер участкасынан тартып «Сулайман

Тоо» улуттук тарых музейи археологиялык комплексинин азыркы чегарасына

чейин жана музей комплексинин азыркы чегарасынын түштүк тарабына чейин

кошумча жер участкасын берүү жөнүндө маселени карасын.

5. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик телерадиокомпаниясы Кыргыз

Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 10-декабрындагы № 632

Жарлыгынын 6-пунктуна ылайык "Коомдук телекөрсөтүү - ЭлТР"

телерадиокомпаниясына эфирдик аппараттык-монтаждоо комплексин бөлүп

берсин жана башка техникалык, чыгармачылык жана уюштуруу маселелерин

чечсин.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Вице-

премьер министри А.К.Мадумаровго жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
