# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №287 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №287 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 287
- Кабыл алынган күнү: 24.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57361>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11364/edition/326252/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57361.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 24-апрелиндеги №287 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57361

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 24-апрели, №287

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКӨМҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

(КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 581, КР Министрлер

Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335

токтомунун редакциясына ылайык)

Кыргыз Республикасынын 2006-жылдын 27-январындагы "Кыргыз

Республикасыньш Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине

өзгөртүү киргизүү тууралуу" Мыйзамын аткаруу үчүн Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. (КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 16-октябрындагы № 581 токтомуна ылай-

ык күчүн жоготту)

2. (КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токт-

омуна ылайык күчүн жоготту)

3. Кыргыз Республикасьшын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 17-ноябрындагы №

746 "Кыргыз Республикасынын Темир жол транспорт кызматкерлеринин эмгек

тартиби жөнүндө Жобону бекитүү тууралуу" токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Темир жол транспорт кызматкерлеринин эмгек

тартиби жөнүндө Жобого төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

9-пунктунун "г)"-пунктчасындагы "минималдуу эмгек акы" деген

сөздөр "эсептешүү көрсөткүчүнүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2000-жылдын 2-июнундагы № 315

"Кыргыз Республикасынын Темир жол Уставын бекитүү жөнүндө" токтому

менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Темир жол Уставына

төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- бардык тексти боюнча "эњ аз эмгек акы" деген сөздөр тиешелүү

жөндөмөлөрдө "эсептешүү көрсөткүчү" деген сөздөргө алмаштырылсын.

5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 21-майындагы № 330

"Кыргыз Республикасында турак жай-коммуналдык чарба жана турак жай

мамилелерине тиешелүү нормативдик актыларды тартипке салуу боюнча

чаралар жөнүндө" токтому менен бекитилген Көп квартиралуу турак

үйлөрүн башкарууга Типтүү келишимге төмөндөгүдөй өзгөртүү киргизилсин:

3.8-пунктундагы "минималдык айлык акы" деген сөздөр "эсептешүү

көрсөткүчтүн" деген сөздөргө алмаштырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
