Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районунун Нариман айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын кеңейтүү үчүн жер берүү жөнүндө» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 21-апрели № 284
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районунун
Нариман айыл өкмөтүнүн калктуу конуштарынын аймактарын
кењейтүү үчүн жер берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районунун Нариман айыл
өкмөтүнүн калкы 36,6 мињ адамдан ашык. 2006-жылдын 1-январына карата
айыл өкмөтүндө жер участогун алууга турак жай шартын жакшыртууга өтө
муктаж 4500 дөн ашык үй-бүлө катталган.
Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районунун Нариман айыл
өкмөтүнүн тургундарынын социалдык маселелерин чечүү максатында, Кыргыз
Республикасынын Жер кодексинин 20-статьясына ылайык Кыргыз
Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Ош облустук мамлекеттик администрациясын
Айыл чарба жерлерин кайра бөлүштүрүү фондунун 55,7 га жерин, анын
ичинде 53,7 га - сугат, 2,0 га - кайрак айдоону Кыргыз Республикасынын
Ош облусунун Карасуу районунун Нариман айыл өкмөтунун калктуу
конуштарынын аймактарын кењейтүү үчүн берүү жөнүндө Жер бөлүү маселеси
боюнча республикалык комиссия менен макулдашылган сунушу кабыл
алынсын, ал жерлер:
- Нариман айлынан - 6,7 га сугат айдоо;
- Опыт айлынан — 2,0 га сугат айдоо;
- Тажикабад айлынан - 2,0 га сугат айдоо;
- Кызылмехнат айлынан - 2,0 га сугат айдоо;
- Алимтепе айлынан — 3,0 га сугат айдоо;
- Нурдар айлынан - 5,0 га сугат айдоо;
- ВЛКСМ айлынан - 5,0 га сугат айдоо;
- Янгимахала айлынан - 3,0 га сугат айдоо;
- Жийделик айлынан - 8,0 га сугат айдоо;
- Жим айлынан - 5,0 га сугат айдоо;
- Зарбдор айлынан - 4,0 га сугат айдоо;
- Бешмойнок айлынан - 4,0 га сугат айдоо;
- Каратай айлынан - 2,0 га сугат айдоо жана 2,0 га кайрак айдоо;
- Осмон айлынан - 2,0 га сугат айдоо.
2. Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Карасуу районунун Нариман
айыл өкмөтүнүн 53,0 га сугат айдоосу жана 2,0 га кайрак айдоосу «Айыл
чарба багытындагы жерлер» категориясынан «Калктуу конуштардын жерлери»
категориясына которулсун.
3. Ош облусунун мамлекеттик администрациясы:
- жерди эсепке алуу документтерине тийиштүү өзгөртүүлөрдү
киргизсин;
- ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн жер участокторунда
социалдык-маданий арналыштагы объекттерди жана инженердик
коммуникацияларды жайгаштырууну эске алуу менен курулуш курууга
пландоо жана жумушчу документтерди иштеп чыксын.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай комплекси жана кайра
иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 50 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (1)
- Жер кодексиКодекс · 02.06.1999 · № 45 · Күчүн жоготкон