# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 282 "2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 282 "2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 282
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 24.06.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57355>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11359/edition/326246/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57355.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 24.06.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-апрелиндеги № 282 "2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен камсыз кылуу жөнүндө" токтому (24.06.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57355

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 24-июнундагы № 335 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-апрели № 282

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү үчүн айылдык

товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар

менен камсыз кылуу жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 11-статьясынын негизинде,

мамлекеттик колдоо көрсөтүү жана 2006-жылы талаа иштерин жүргүзүү мез-

гилинде айылдык товар өндүрүүчүлөрдү күйүүчү-майлоочу материалдар менен

мамлекеттик дењгээлде өз учурунда камсыз кылуу жана алардын экономика-

лык таламдарын коргоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом

кылат:

1. Алып келүүдө, мамлекеттик резервден брондон чыгарууда жана ан-

дан ары айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүүдө күйүүчү-майлоочу материал-

дарга (мындан ары - ГСМ) салыктардын жана жыйымдардын нөлдүк ставкасы

белгиленсин.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агентгиги ГСМди ан-

дан ары айылдык товар өндүрүүчүлөргө берүү үчүн алып келүүнү ишке ашы-

руучу ыйгарым укуктуу орган болуп аныкталсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алуулар жана материалдык резервдер

боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан алып келинген 5000 (беш мињ)

тонна бензин жана 10000 (он мињ) тонна дизель отуну көлөмүндөгү ГСМди

бажылык тариздөө үчүн бажылык жыйымдарды төлөөдөн бошотуу менен бажылык

тариздөөнү жүргүзсүн.

4. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик сатып алу-

улар жана материалдык резервдер боюнча мамлекеттик агенттиги Кыргыз

Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги

жана Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги менен

бирдикте ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн ГСМдин көлөмдөрүн

бөлүштүрүүнү камсыз кылсын.

5. Ушул токтомдун 1-пунктуна ылайык мамлекеттик резервдин

көлөмүнөн талаа иштерин жүргүзүү мезгилинде айылдык товар

өндүрүүчүлөрдүн муктаждыктарын камсыз кылуу үчүн алып келүүдө, андан

ары берүүдө ГСМге салыктардын жана жыйымдардын ставкаларын өзгөртүү

жөнүндө Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине билдирилсин.

6. Бул токтом кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет жана талаа

иштерин жүргүзүү мезгилинде айылдык товар өндүрүүчүлөрдүн муктаждыкта-

рын камсыз кылуу үчүн ишке ашырылуучу берүүлөргө гана жайылтылат.

7. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инспекциясы ме-

нен бирдикте он күндүк мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө ушул

токтомго ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине

өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө сунуш киргизсин.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетикалык комплекси, кен казып

алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө, финансы башкармалы-

гына жана экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
