# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20\*-апрелиндеги №281 "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20\*-апрелиндеги №281 "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 281
- Кабыл алынган күнү: 20.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 14.01.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57354>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11358/edition/1140544/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57354.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 14.01.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20\*-апрелиндеги №281 "Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө" токтому (14.01.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57354

---

(КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык күчүн жоготту) Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 20-апрели №281

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кара-Кече" көмүр кениндеги кырдаалды жөнгө салуу боюнча чаралар жөнүндө

Н.Мотуев башында турган "Жоомарт" кыймылынын "Кара-Кече" көмүр ке-

нинин карьерлерин басып алуу жана технологиялык процесстерди жана кооп- суздук техникасынын нормаларын одоно буэуу менен көмүрдү өз алдынча ка- зуудан келип чыккан Нарын облусунун Жумгал районундагы түзүлгөн социал- дык-саясий жагдай көмүр казуунун жылдык программасы үзгүлтүккө учурашы- на алып келди жана кендин масштабдуу урап, кайгылуу кесепеттерге дуу- шарлантуу мүмкүндүгүнө шарт түздү. Нарын облусунун Жумгал районундагы жагдайды турукташтыруу, "Ка- ра-Кече" кенинде көмүр казып алууну тартипке келтирүү максатында жана "Жер казнасы жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 16 жана 18-статьяларына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минерал-

дык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттик:

- "Кара-Кече" кенинде көмүр казууну жүргүзүүчү бардык ишканалардын

жер казнасын пайдалануу укугуна лицензияларынын колдонулушун үч айга чейинки мөөнөткө токтото турсун;

- "Кара-Кече" көмүр кенин иштетүүгө лицензиялардын колдонулуу

мөөнөттөрүн андан ары узартуу Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн макулду- гу менен гана жүргүзүлсүн.

2. Нарын облусунун мамлекеттик администрациясы Кыргыз Республика-

сынын Өкмөтүнө караштуу Геология жана минералдык ресурстар боюнча мам- лекеттик агенттик, "Көмүр" мамлекеттик ишканасы жана Кыргыз Республика- сынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жа- на тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция менен бирдикте:

- "Кара-Кече" кенинде көмүр казуу боюнча иштердин бардык түрлөрүн

токтотууга карата чечкиндүү чараларды көрсүн;

- көмүр казуучу ишканаларга келтирилген материалдык зыянды аныктоо

боюнча комиссия түзсүн. Комиссиянын ишинин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө тиешелүү сунуш киргизсин.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтүнүн ушул токтомунун 2-пунктун ишке ашырууда коомдук тар- типти камсыз кылсын.

4. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети "Көмүр" мамлекеттик ишканасы менен бирдикте бир жума- лык мөөнөттө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык "Ак-Улак" раз- рези" акционердик коомун кайра уюштуруу боюнча конкреттүү сунуш берсин.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын отун-энергетика комплекси, кен казып алуу тармагы жана жаратылыштык ресурстар бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
