# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-апрелиндеги № 280 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-апрелиндеги № 280 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 280
- Кабыл алынган күнү: 19.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 08.04.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57353>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11357/edition/326243/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57353.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 08.04.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 19-апрелиндеги № 280 "2007-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө" токтому (08.04.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57353

---

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2008 жылдын 8 апрелинен № 128 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 19-апрели № 280

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2007-жылга Кыргыз Республикасынын бюджетинин долбоорун

даярдоо боюнча уюштуруу чаралары жөнүндө

"Кыргыз Республикасында бюджеттик укуктун негизги принциптери

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 40-статьясына ылайык Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын министрликтери, мамлекеттик комитеттери,

администрациялык ведомстволору 2007-2009-жылдарга карата министрликтер,

мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомстволор үчүн контролдук

цифраларды эсептөө үчүн өнүктүрүүнүн мамлекеттик тармактык программала-

рына негизделген негизги экономикалык жана каржылык көрсөткүчтөрдү

2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эконо-

мика жана каржы министрлигине беришсин.

2. Кыргыз Республикасынын мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети региондор боюнча 2007-2009-жылдарга, анын ичинде

2007-жылга акционердик коомдордун акцияларынын мамлекеттин үлүшүнө ди-

виденддерден түшүүчү кирешелердин жана мамлекеттик менчикти менчиктеш-

тирүүдөн түшүүчү каражаттардын божомолун Кыргыз Республикасынын Эконо-

мика жана каржы министрлигине 2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө

берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги, Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги, Кыр-

гыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр-жай

министрлиги тиешелүү багыттар боюнча 2007-2009-жылдарга белгиленген ор-

точо мөөнөттүү стратегияларды Кыргыз Республикасынын Экономика жана

каржы министрлигине 2006-жылдын 25-апрелине чейинки мөөнөттө беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги:

- 2006-жылдын 5-майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнө караштуу Макроэкономикалык жана инвестициялык саясат боюнча

координациялык кењеште жактырылган, 2007-2009-жылдарга бюджеттин орточо

мөөнөтүү болжолунун негизинде министрликтер, мамлекеттик комитеттер,

административдик ведомстволор үчүн жалпы контролдук цифраларды даярда-

сын.

- 2006-жылдын 1-кварталынын жыйынтыгы боюнча 2007-жылга баалардын

болжолдуу иштелип чыккан индекстерин жана социалдык-экономикалык

өнүгүүнүн башка негизги макроэкономикалык көрсөткүчтөрүн эсепке алуу

менен 2007-жылга бюджеттин долбоорун түзүү боюнча нускама материалдар-

ды, ошондой эле 2007-жылга контролдук цифраларды даярдасын жана аларды

министрликтерге, мамлекеттик комитеттерге, администрациялык ведомство-

лорго жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик мекеме-

лерге 2006-жылдын 31-майына чейин жеткирсин.

5. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык

бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик уюмдар 2006-жылдын 1-июлуна че-

йин Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине

төмөнкүлөрдү берсин:

- Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги тарабы-

нан берилген сунуштарга жана сметалардын формаларына ылайык зарыл бол-

гон эсептөөлөр жана негиздемелер менен мамлекеттик тармактык өнүктүрүү

программаларына негизделген 2007-жылга чыгашалардын жалпыланган смета-

ларынын жана атайын каражаттар боюнча кирешелер менен чыгашалардын сме-

таларынын долбоорлорун, ошондой эле 2007-2009-жылдарга болжолдук маалы-

маттарды. Мында контролдук цифралардын кыйшаюусуз сакталышын камсыз кы-

лышсын;

- 2007-жылга бюджеттик мекемелердин тармактары, штаттары жана кон-

тингенттери боюнча болжолдук көрсөткүчтөрдү.

6. Кыргыз Республикасынын Социалдык фондуна жана Кыргыз Республи-

касынын Саламаттык сактоо министрлигине караштуу Милдеттүү медициналык

камсыздандыруу фондуна 2006-жылдын 1-июнуна чейинки мөөнөттө Кыргыз

Республикасынын Экономика жана каржы министрлигине 2007-жылга каражат-

тардын түшүрүүлөрүнүн жана чыгашалардын болжолун берүү сунуш кылынсын.

7. Министрликтер, мамлекеттик комитеттер, администрациялык ведомс-

тволор жана республикалык бюджеттен каржылануучу башка бюджеттик меке-

мелер 2006-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эко-

номика жана каржы министрлигине төмөнкүлөрдү берсин:

- программалык форматта 2007-жылга бюджеттик документтерди;

- программалардын түрлөрү боюнча бюджеттик каражаттарды потенциал-

дуу үнөмдөөнүн варианттарын;

- 2007-жылдын бюджетинин долбооруна киргизилбеген артыкчылык бе-

рилген сарптоолорду.

8. Мэрлерге жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын баш-

чыларына Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлигинин ай-

мактык подразделениелерине төмөнкүлөрдү берүү сунушталсын:

- 2006-жылдын 15-июнуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджеттердин

киреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун;

- 2006-жылдын 15-июлуна чейинки мөөнөттө жергиликтүү бюджеттердин

чыгыша бөлүгүнүн макулдашылган долбоорун.

9. Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлерине жана Кыргыз Республикасы-

нын Экономика жана каржы министрлигинин аймактык подразделениелеринин

жетекчилерине төмөнкүлөрдү Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы

министрлигине берүү сунушталсын:

- 2006-жылдын 1-июлуна чейин жалпыланган жергиликтүү бюджеттердин

киреше бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун;

- 2006-жылдын 1-августуна чейин жалпыланган жергиликтүү бюджеттер-

дин чыгаша бөлүгүнүн макулдашылган долбоорлорун.

10. Кыргыз Республикасынын Экономика жана каржы министрлиги:

- жергиликтүү бюджеттердин долбоорун кароонун графигин иштеп чык-

сын жана аны Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бекитүүсүнө берсин;

- 2006-жылдын 15-августуна чейин белгиленген тартипте 2007-жылга

Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин долбоорун программалык

негизде администрациялык жана экономикалык классификация боюнча Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн кароосуна берсин.

11. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын финансы башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
