# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 269
- Кабыл алынган күнү: 12.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57341>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11348/edition/389739/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57341.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу тууралуу" токтому (22.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57341

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 22-декабрындагы N 795 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 12-апрелиндеги № 269

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги

жана башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр

тартышкан адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары

жөнүндө" 2006-жылдын 6-апрелиндеги Жарлыгын ишке ашыруу

тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "Чернобыль АЭСиндеги жана

башка ядролук объекттердеги кыйроолордун кесепетинен жабыр тартышкан

адамдарды социалдык колдоонун кошумча чаралары жөнүндө" 2006-жылдын 6-

апрелиндеги № 163 Жарлыгын ишке ашыруу жана Чернобыль АЭСиндеги

авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге катышкан адамдарды андан

ары социалдык коргоону камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү токтом кылат:

1. Чернобыль АЭСиндеги авариянын кесепеттерин жоюу боюнча иштерге

катышкан адамдарга бир жолку акчалай пособие төлөөнүн тиркелген

тартиби бекитилсин.

2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

"Калкка жењилдиктер" деген чыгымдардын статьясы боюнча 2006-жылга

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлигинин сметасы боюнча бекитилген каражаттардын чектеринде

чыгымдарды толук көлөмүндө каржылоону 2006-жылдын 15-апрелине карата

камсыз кылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз

Республикасынын Коргоо министрлиги, Кыргыз Республикасынын Улуттук

коопсуздук кызматы (макулдашуу боюнча) республиканын райондоруна

карата бир жолку акчалай пособие алууга укуктуу адамдардын тизмесин

2006-жылдын 15-апрелине чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Эмгек

жана социалдык жактан коргоо министрлигине беришсин.

4. Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо

министрлиги, Кыргыз Республикасынын Транспорт жана коммуникациялар

министрлиги, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын башчылары

жана Бишкек менен Ош шаарларынын мэриялары бир жолку акчалай

пособиелерди өз учурунда төлеө боюнча иштерди уюштурушсун.

5. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-мцнистринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
