# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 253 «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 253 «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 253
- Кабыл алынган күнү: 10.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.03.2022
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57324>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11334/edition/1241484/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57324.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.03.2022 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 10-апрелиндеги № 253 «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (25.03.2022 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57324

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы N 166 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 10-апрели, № 253

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Реснубликасынын

Мыйзам долбоору тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 22-июнундагы № 253 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

- «Мамлекеттик пошлина жөнүндө» Кыргыз Республикасынын

Мыйзам долбоорунун 7-статьясы төмөндөгүдөй редакцияда баяндалсын: «Жеке адамдардан жана юридикалык жактардан алынуучу мамлекеттик пошлина:

- сотко кайрылууда республикалык бюджетке түшөт;

- жарандык абал актыларын каттоочу органдарга

кайрылганда -70 процент өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 30 процент өлчөмүндө - юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондука түшөт;

- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн мамлекеттик

нотариалдык кењселерге кайрылганда - 70 процент өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 30 процент өлчөмүндө - юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;

- нотариалдык аракеттерди жасоо үчүн жеке нотариалдык

кењселерге айрылганда - 70 процент өлчөмүндө жергиликтүү бюджетке, 10 процент өлчөмүндө жеке нотариус кењсесинин тескөөсүнө, 20 процент өлчөмүндө - юстиция мекемелерин өнүктүрүү жана материалдык жактан колдоо фондуна түшөт;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын паспортун жана Кыргыз

Республикасынын жаранынын жалпы жарандык паспортун берүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга кайрылганда 5 процент өлчөмүндө - республикалык бюджетке, 90 проценти - ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын атайын блокирленген эсебине; 5 процент өлчөмүндө ички иштер органдарын өнүктүрүү фондуна түшөт.».

2. Бул, токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
