Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн токтому менен бекитилген)
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-04-11.
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2007-жылдын
11-апрелиндеги №110
токтомуна ылайык
Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн 2006-жылдын
6-апрелиндеги №543 токтому
менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндөө
ЖОБО
I. Жалпы жобо
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар
жана технологиялар мамлекеттик агенттиги (мындан ары -Агенттик)
маалыматтык ресурстар жана технологиялар тармагында жөнгө салууну ишке
ашыруучу мамлекеттик бийликтин аткаруу органы болуп эсептелет.
2. Агенттик өзүнүн ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясыи,
Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын, ошондой эле Кыргыз Республикасынын
башка ченемдик укук актыларын, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте күчүнө кирген, эларалык макулдашууларды, ошондой
эле ушул Жобону жетекчиликке алат.
3. Агенттик маалыматтык ресурстардын жана технологиялардын
милдеттерин аткаруу жана иш милдеттерин жүзөгө ашыруу бөлүгүндө Кыргыз
Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар жана байланыш
улуттук агенттигинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Агенттик юридикалык жак болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик герби түшүрүлгөн, өзүнүн аталышы мамлекеттик жана расмий
тилдерде жазылган мөөрү жана Кыргыз Республикасынын казыначылык
тутумунда алыш-бериш эсеби бар.
5. Агенттик өзүнүн ишин түздүн-түз жана өзүнүн түзүмдүк жана
аймактык органдарынын бөлүмчөлөрү аркылуу аткаруу бийлигинин башка
мамлекеттик органдары, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары,
коомдук бирикмелер жана башка ую.мдар менен өз ара алакада ишке
ашырат.
6. Агенттиктин борбордук аппаратынын түзүмү жана кызматкерлеринин
штаттык саны Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
бекитилет.
7. Агенттиктин расмий аталышы:
- мамлекеттик тилде - «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агентгиги»;
- расмий тилде - «Государственное агентство информационных ресурсов
и технологий при Правительстве Кыргызской Республики».
8. Юридикалык дареги: Кыргьгз Республикасы, Бишкек шаары, Москва
көчөсү, 172 үй.
II. Агенттиктин милдеттери
9. Агенттиктин негизги милдетгери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү мамлекеттик маалымат
ресурстарын түзүү жана тейлөө;
- «Мамлекеттик жашыруун сырларды коргоо жөнүндө» Кыргыз
Республикасынын Мыйзамына ылайык Агентттиктин компетенциясына кирген
мамлекеттик маалымат ресурстарынын, маалымат түзүмдөрүнүн жана
тармактарынын коопсуздугун камсыз кылуу жана коргоо;
- маалыматтык ресурстар жана технологиялар жаатында жөнгө салуу;
- заманбап маалыматтык технологияларды пайдалануу менен калкты
бирдиктүү, толук документтештирүүнү уюштуруу жана мамлекеттик
маанидеги документтер менен иштөө тутумун өркүндөтүү.
III. Агенттиктин иш милдеттери жана укугу
10. Агенттик өзүнө жүктөлгөн негизги милдеттерге ылайык төмөнкү иш
милдеттерди ишке ашырат:
- жалпы мамлекеттик программаларды жана долбоорлорду, ошондой эле
маалыматташтыруу жаатындагы ченемдик укук актыларынын долбоорлорун
иштеп чыгууга жана жүзөгө ашырууга катышат;
- маалыматташтыруу тармагын жөнгө салуу, мамлекеттик маалымат
ресурстарын түзүү, сактоо жана пайдалануу, маалыматтык тутумдарды жана
тармактарды, программалык-техникалык комплекстерди, жањы маалыматтык
технологияларды, иштешин камсыз кылуу каражаттарын түзүү жана ишке
киргизүү иш милдеттерин жүзөгө ашырат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде маалыматгаштыруу жаатындагы
программаларды, долбоорлорду жана сунуштарды -экспертизадан өткөрүү,
маалыматтык продуктуларды, процесстерди жана технологияларды
сертификациялоо аркылуу маалыматтык ресүрстар жана технологиялар
чөйрөсүнде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын сакталышы үчүн
контролду ишке ашырат, ошондой эле персонификацияланган документтердин
мамлекеттик реестрин түзүүдө, жүргүзүүдө жана тейлөөдө стандарттардын,
формалардын, түзүмдөрдүн сакталышына контролду ишке ашырат;
- жањы технологияларды, программалык-техникалык комплекстерди,
маалыматтык тутумдар менен тармактарды, алардын иштешин камсыз кылуу
каражаттарын түзүү, пайдалануу жана ишке киргизүү жаатында иштердикти
жүзөгө ашырат;
- маалыматташтыруу каражаттарын, улуттук жана эларалык маалымат
ресурстарынын жана кызматтардын улуттук жана эларалык рыногун
өнүктүрүүнүн абалы жана тенденциясы тууралуу аналитикалык
материалдарды даярдайт;
- колдонуудагы жана кайрадан түзүлгөн регистрлердин, ресурстардын
жана тутумдардын базасында мамлекеттик маалымат ресурстарын түзүүнү,
алып барууну, сактоону, пайдаланууну жана актуалдаштырууну камсыз
кылат;
- Агенттиктин компетенциясына кирген Кыргыз Республикасынын
мамлекеттик маалымат ресурстарын маалыматтык коргоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350
токтому менен бекитилген «Кыргыз Республикасынын
персонификациялаштырылган документтеринин мамлекеттик реестри жөнүндө»
жобого ылайык Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган
документтеринин мамлекеттик реестрин түзөт жана тейлейт, ошондой эле
мамлекеттик маалыматтык ресурстарды түзүү жана тейлөө үчүн маалыматтык
технологияларды колдонуу менен мамлекеттик маанидеги
персонификациялаштырылган, бир түргө келтирилген жана башка
документтердин автоматташтырылган эсебин жүргүзөт;
- үлгүлөрдү долбоорлойт, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык
мамлекеттик маанидеги персонификациялаштырылган, бир түргө келтирелген
жана башка документтерди (ырастоочу документтерди анын ичинде
паспортторду, айдоочунун ырастамасын, транспортту каттоодон өткөрүү
тууралуу документтерди ж.б.) чыгарууну, персонификациялаштырууну жана
берүүнү камсыз кылат, алдынкы технологияларды колдонуу менен аларды
коргоону камсыз кылат;
- Кыргыз Республикасынын жарандарын, чет өлкөлүк жарандарды жана
Кыргыз Республикасынын аймагында жүргөн чет өлкөлүк жарандарды жана
жарандыгы жок адамдарды, жашоо уруксат алган чет өлкөлүк жарандарды,
Кыргыз Республикасынын жарандыгын кабыл алган жана жарандыгынан чыккан
адамдарды, Кыргыз Республикасынын чегинен чыгып жаткан Кыргыз
Республикасынын жарандарын жашаган жери жана барган жери боюнча
жарандардын автоматташтырылган эсебин түзөт, тейлейт жана алып барат;
- жарандык абалдын актыларынын жазууларынын автоматташтырылгап
эсебин жүргүзөг;
- менчигинин жана ишмердик чөйрөсүнүн түрүнө карабастан юридикалык
жактардын, Кыргыз Республикасынын резиденттерин жана резидент
эместерин, Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык Кыргыз
Республикасынын аймагында иштеп жаткан жеке ишкерлердин
автоматташтырылган эсебин жүргүзөт;
- автомототранспорт каражаттарынын, номердик белгилерди,
автомототранспорт каражаттарынын башкаруу укугунун ырастамасын,
автомототранспорт каражаттарынын башкаруу, тескөө, ажыратуу жана кайра
ишеним берүү укугуна ишеним каттарын, техникалык кароодон өткөрүүнүн
жыйынтыктарынын автоматташтырылган эсебин жүргүзөт;
- транспорттун мамлекеттик регистринде менчигинин түрүнө
карабастан автомототранспорт каражаттарын каттоону жана кайра каттоону
жүргүзөт;
- зарыл болгон учурда мамлекеттик башкаруу органдарын маалыматтык
камсыз кылуу аркылуу бирдиктүү электрондук документ жүгүртүү тутумун
түзүүгө катышат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
бирдиктүү маалымат мейкиндигин түзүү жаатында башкаруунун мамлекеттик
органдарынын ишин координациялайт жана усулдук жетекчиликти ишке
ашырат;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде чет өлкөлөр жана эларалык
уюмдар менен маалыматташтыруу тармагындагы илимий-техникалык
байланыштарды координациялоону жана кызматташууну ишке ашырат;
- аткаруу бийлигинин органдары жана алардын түзүмдүк бөлүмчөлөрү
тарабынан көрсөтүлүүчү мамлекетгик акысыз жана акы төлөнгөн
кызматтардын реестрине ылайык кызмат көрсөтөт;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
аймагында маалыматты коддоштуруунун жана классификациялоонун бирдиктүү
тутумун жөнгө салууга катышат;
- илимий-практикалык, изилдөө иштерин жүргүзүүгө Кыргыз
Республикасынын юридикалык жактарын, ошондой эле чет өлкөлүк уюмдарды
жана мекемелерди тартууга, зарыл болгон учурда өз ыйгарым укуктарынын
чегинде алар менен макулдашуу жана келишим түзүүтө укуктуу;
- өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде Кыргыз Республикасынын
Мыйзамдарына ылайык уюмдардан, ишканалардан жана мекемелерден
маалыматтарды жана документтерди сурап алууга укуктуу;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдары менен аныкталган жана башка иш
милдеттерди жана укуктарды ишке ашырат.
11. Агенттиктин өзүнүн ыйгарым укуктарынын чектеринде токтомдор,
оуйруктар, нускамалар түрүндө кабыл алган чечимдери Кыргыз
Республикасынын Мыйзамдарына ылайык менчигинин түрүнө карабастан
маалыматтык ресурстар тармагындагы бардык субъекттер үчүн милдеттүү
болуп саналат.
IV. Агенттиктин ишин уюштуруу
12. Агенттикти Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин сунушу
боюнча Кыргыз Республикасынын Президенти кызматка дайындоочу жана
кызматтан оошотуучу директор башкарат.
13. Директорунун сунушу боюнча Кыргыз Респуоликасынын Премьер-
министри тарабынан кызматка дайындалуучу жана кызмагган бошотудуучу
директордун бир орун басары болот. Директордун орун басары директорго
түздөн-түз баш ийет жана Агенттиктин ишин ага тагылган милдеттердин
чегинде уюштурат.
14. Агенттикте директордун биринчи орун басарынын статусу бар
мамлекеттик жогорку администрациялык мамлекеттик кызмат статс-катчынын
кызматы уюштурулган. Статс-катчы Мамлекеттик кызмат боюнча кењештин
сунушу боюнча жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген
тартипте директордун макулдугу менен Кыргыз Республикасынын Премьер-
министри тарабынан кызматка дайындалат жана кызматтан бошотулат. Статс-
катчынын иш милдеттери жана ыйгарым укуктары Мамлекеттик кызмат боюнча
кењеш тарабынан бекитилген мамлекеттик органдын статс-катчысы жөнүндө
жобо менен аныкталат. Директор тарабынан статс-катчыга аткаруу үчүн
башка иш милдеттер жана ыйгарым укуктар жүктөлүшү мүмкүн.
15. Агенттиктин директору:
- Агенттикке жүктөлгөн иш милдеттердин жана милдеттердин аткарылышы
үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
- Агенттиктин директорунун орун басарларынын милдеттерин бөлүштүрөт
жана жоопкерчилик даражаларын белгилейт;
- Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарына ылайык карамагындагы
бөлүмчөлөрдүн жоболорун, түзүмдөрүн, штаттык расписаниесин бекитет;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамында белгиленген тартипте
Агенттиктин борбордук аппаратынын, аймактык органдарынын мамлекеттик
кызматчыларын жана кызматкерлерин кызматка дайындайт жана кызматтан
бошотот;
- Агенттиктин ишинин маселелери боюнча Кыргыз Республикасынын
Өкмөтүнүн алдында отчет берет;
- маалыматташтыруу чөйрөсүндө адистсрдин квалификациясын
жогорулатууну уюштурат;
- Агенттиктин иш чөйрөсүндө конгресстерди, конференцияларды,
семинарларды, көргөзмөлөрдү жана башка иш чараларды уюштурат;
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан ыйгарым укуктар жүктөлгөн
учурунда өз компетенциясынын чектеринде эларалык келишимдерди түзөт,
сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт жана тиешелүү чет өлкөлүк ведомстволор,
эларалык уюмдар менен келишимдерге кол коёт;
- Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого ылайык
Агенттиктин ишине жетекчилик кылуу боюнча башка иш милдеттерди жана
ыйгарым укукту жүзөгө ашырат.
16. Агенттикте курамы 9 адамдан турган коллегия түзүлөт. Кызматы
боюнча директор, статс-катчы жана директордун орун басары коллегия
мүчөлөрү болуп зсептелет. Коллегияныи курамына Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын өкүлдөрү кирет.
17. Коллегиянын курамы Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында
белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Премьер-министри тарабынан
бекитилет.
18. Агенттиктин коллегиясы Кыргыз Республикасынын Өкмотүнө караштуу
Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин
ишинин өтө маанилүү маселелерин карайт.
19. Коллегиянын чечими токтом түрүндө кабыл алынат жана директордун
буйруктары менен ишке ашырылат. Коллегиянын ишинин тартиби директор
тарабынан бекитилүүчү регламент менен аныкталат.
20. Агенттиктин борбордук аппаратын, аймактык органдарын жана баш
ийүүдөгү уюмдарын кармоо үчүн чыгымдарды каржылоо республикалык
бюджеттин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган шартта
башка каржылоо булактарынын эсебинен ишке ашырылат.
V. Кайра уюштуруу жана жоюу
21. Агенттикти кайра уюштуруу жана жоюу Кыргыз Республикасынын
мыйзамдарында аныкталган тартипте ишке ашырылат.
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2006 · № 248 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 11-апрелиндеги № 110 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин…Постановление · 11.04.2007 · № 110
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 29-майындагы № 350 "Кыргыз Республикасынын персонификациялаштырылган документтеринин Мамлекеттик реестри жөнүндө Жобону жана Кыргыз…Постановление · 29.05.2002 · № 350 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтомуПостановление · 06.04.2006 · № 248 · Күчүн жоготкон
- О защите государственных секретов Кыргызской РеспубликиЗакон · 14.04.1994 · № 1476-XII · Күчүн жоготкон