# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 248
- Кабыл алынган күнү: 06.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 11.04.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57318>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11329/edition/326200/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57318.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 11.04.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 6-апрелиндеги №248 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө" токтому (11.04.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57318

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн 2007-жылдын

11-апрелиндеги №110

токтомуна ылайык

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 6-апрели №248

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу

Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 19-январындагы №

19 «Кыргыз Республикасынын маалыматтык ресурстар, технологиялар жана

байланыш улуттук агенттигин кайра уюштуруу жөнүндө» Жарлыгына ылайык

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык

ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасы.

2. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги маалыматтык ресурстардын жана

технологиялардын милдеттерин аткаруу жана иш милдеттерин жүзөгө ашыруу

бөлүгүндө Кыргыз Республикасынын Маалыматтык ресурстар, технологиялар

жана байланыш улуттук агенттигинин укук улантуучусу болуп саналары

белгиленсин.

3. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттиги жөнүндө жобону бекитүү

тууралуу» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 16-январындагы

№ 22 токтому;

- «Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Маалыматтык ресурстар

жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин башкаруу схемасын бекитүүя

жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 8-октябрындагы №

749 токтому.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 6-апрелиндеги №248

токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүнө караштуу

Маалыматтык ресурстар жана технологиялар мамлекеттик агенттигинин

башкаруу схемасы

| Агенттик |  |  |  |
| --- | --- | --- | --- |
| \- | Агенттиктин жетекчилиги | \- | Агенттиктин коллегиясы |
| \- | Агенттиктин борбордук |  |  |
|  | аппараты |  |  |
|  | Баш ийүү дөгү, |  |  |
| \- | бөлүмчөлөр,аймактык |  |  |
|  | органдар, өкүлчүлүктөр, |  |  |
|  | мекеме жана уюмдар |  |  |
| \- | "Кыргызмаалымат ресурстары" |  |  |
|  | инженердик-техникалык |  |  |
|  | борбору |  |  |
