# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 244 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 244 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 244
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 21.02.2008
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57314>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11326/edition/1081057/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57314.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 21.02.2008 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 244 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу" токтому (21.02.2008 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57314

---

КР Өкмөтүнүн

2008-жылдын 11-августундагы № 437 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 5-апрели № 244

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз

Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана

"Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз

Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин

бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин токтомунун долбоору

тууралуу

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке

ашыруу, эксперттик контроль тармагында нормативдик укуктук базаны андан

ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелген Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республика-

сынын Улуттук көзөмөл тизмеси жактырылсын.

2. "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын

Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогор-

ку Кењешинин токтомунун долбооруна макулдук берилсин.

3. Аталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин кароосуна киргизилсин.

4. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-

три Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун долбоорун жана

Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзө-

мөл тизмесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58

токтомунун редакциясына ылайык)

Прамыер-министр Ф.Кулов

Долбоор

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши

Токтом

Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча

Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл

тизмесин бекитүү жөнүндө

"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке

ашыруу, эксперттик контроль тармагында нормативдик укуктук базаны андан

ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом

кылат:

1. Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча тиркелген Кыргыз Республика-

сынын Улуттук көзөмөл тизмеси бекитилсин.

2. "Экспорту жана импорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү товарлардын

тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин

1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-

гизилсин:

- "Экспорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү өзгөчө товарлардын тизме-

си" деген № 1 тиркемесиндеги 10, 11, 12 жана 17-пункттары күчүн жоготту

деп табылсын;

- "Импорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү өзгөчө товарлардын тизме-

си" деген № 2 тиркемесиндеги 7, 8, 9 жана 13-пункттары күчүн жоготту

деп табылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечим-

дерин ушул токтомго ылайык келтирсин.

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењешинин Төрагасы
