Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана „Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө“ Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин токтомунун долбоору тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «ПОСТАНОВЛЕНИЕ ПРАВИТЕЛЬСТВА КР от 11 августа 2008 года № 437 "Об отзыве проекта постановления Жогорку Кенеша Кыргызской Республики "Об утверждении Национального контрольного списка Кыргызской Республики контролируемой продукции"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2008-02-21.
КР Өкмөтүнүн
2008-жылдын 11-августундагы № 437 токтомуна ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-апрели № 244
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмеси жана
"Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз
Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин
бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин токтомунун долбоору
тууралуу
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке
ашыруу, эксперттик контроль тармагында нормативдик укуктук базаны андан
ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Тиркелген Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республика-
сынын Улуттук көзөмөл тизмеси жактырылсын.
2. "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын
Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогор-
ку Кењешинин токтомунун долбооруна макулдук берилсин.
3. Аталган токтомдун долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин кароосуна киргизилсин.
4. Кыргыз Республикасынын экономикалык өнүктүрүү жана соода минис-
три Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин токтомунун долбоорун жана
Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзө-
мөл тизмесин Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши караган учурда Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн расмий өкүлү болуп дайындалсын.
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 21-февралындагы № 58
токтомунун редакциясына ылайык)
Прамыер-министр Ф.Кулов
Долбоор
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши
Токтом
Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча
Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл
тизмесин бекитүү жөнүндө
"Экспорттук контроль жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке
ашыруу, эксперттик контроль тармагында нормативдик укуктук базаны андан
ары өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењеши токтом
кылат:
1. Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча тиркелген Кыргыз Республика-
сынын Улуттук көзөмөл тизмеси бекитилсин.
2. "Экспорту жана импорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү товарлардын
тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин
1998-жылдын 8-июнундагы № 1101-1 токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр кир-
гизилсин:
- "Экспорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү өзгөчө товарлардын тизме-
си" деген № 1 тиркемесиндеги 10, 11, 12 жана 17-пункттары күчүн жоготту
деп табылсын;
- "Импорту лицензия боюнча жүргүзүлүүчү өзгөчө товарлардын тизме-
си" деген № 2 тиркемесиндеги 7, 8, 9 жана 13-пункттары күчүн жоготту
деп табылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтү эки айлык мөөнөттө өзүнүн чечим-
дерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
Кыргыз Республикасынын
Жогорку Кењешинин Төрагасы
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 4 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы N 437 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 11.08.2008 · № 437 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (4)
- Экспорттук контроль жөнүндөЗакон · 23.01.2003 · № 30
- Постановление ЗС Жогорку Кенеш КР от 8 июня 1998 года З № 1101-I "Об утверждении перечней товаров, экспорт и импорт которых осуществляется по лицензиям"Постановление · 08.06.1998 · № 1101-1
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 11-августундагы N 437 "Көзөмөлдөнүүчү продукциялар боюнча Кыргыз Республикасынын Улуттук көзөмөл тизмесин бекитүү жөнүндө" Кыргыз…Постановление · 11.08.2008 · № 437 · Күчүн жоготкон
4 ичинен 3 көрсөтүлдү. Толук тизме - шилтемелер панелинде.