# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 242 "Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 242 "Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 242
- Кабыл алынган күнү: 05.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 05.04.2011
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57306>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11324/edition/390552/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57306.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 05.04.2011 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 5-апрелиндеги № 242 "Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө" токтому (05.04.2011 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57306

---

КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 5-апрели, № 242

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын

Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө

Казакстан Республикасы менен соодалык-экономикалык байланыштарды

өркүндөтүү, экспорттук-импорттук операцияларды көбөйтүү, тышкы

экономикалык ишмердикти активдештирүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу

максатында Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода

өкүлчүлүгү ачылсын.

2. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Соода

өкүлчүлүгүн каржылоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана

туризм министрлигине 2006-жылдын республикалык бюджетинде каралган

каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.

3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча

Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын

Казакстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин

талапкерлиги боюнча сунуштарды киргизсин.

4. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Соода

өкүлчүлүгү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-

январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода

өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому менен бекитилген

Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө

жобону жетекчиликке алсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
