Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Правительства КР от 26 сентября 2011 года №678 "О ликвидации торговых представительств Кыргызской Республики за рубежом"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2011-04-05.
КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-октябрындагы №678 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 5-апрели, № 242
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын
Соода өкүлчүлүгүн ачуу жөнүндө
Казакстан Республикасы менен соодалык-экономикалык байланыштарды
өркүндөтүү, экспорттук-импорттук операцияларды көбөйтүү, тышкы
экономикалык ишмердикти активдештирүү жана өз ара пайдалуу кызматташуу
максатында Кыргыз Реслубликасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Казакстан Республикасында Кыргыз Республикасынын Соода
өкүлчүлүгү ачылсын.
2. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Соода
өкүлчүлүгүн каржылоо Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана
туризм министрлигине 2006-жылдын республикалык бюджетинде каралган
каражаттардын чегинде ишке ашырылсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм министрлиги
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги менен макулдашуу боюнча
Кыргыз Республикасынын Премьер-министрине Кыргыз Республикасынын
Казакстан Республикасындагы Соода өкүлчүлүгүнүн жетекчисинин
талапкерлиги боюнча сунуштарды киргизсин.
4. Кыргыз Республикасынын Казакстан Республикасындагы Соода
өкүлчүлүгү өз ишинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-
январындагы № 13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода
өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтому менен бекитилген
Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө
жобону жетекчиликке алсын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 1
Цитата келтиргендер (1)
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 678
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы №13 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүнүн ишин тартипке салуу жөнүндө" токтомуПостановление · 12.01.2006 · № 13
- КР Өкмөтүнүн 2011-жылдын 26-сентябрындагы №678 "Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттердеги соода өкүлчүлүктөрүн жоюу тууралуу" токтомуПостановление · 26.10.2011 · № 678
Байланышкан документтер (1)
Булактын (cbd.minjust.gov.kg) маалыматы боюнча, кайсы акт кайсыга шилтеме берери көрсөтүлбөйт.
- Кыргыз Республикасынын чет мамлекеттеги соода өкүлчүлүгү жөнүндө жобо (Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 12-январындагы № 13 токтому менен бекитилген)Положение · 12.01.2006 · № 13 · Күчүн жоготкон