# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 228 "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 228 "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 228
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 25.04.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57291>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11311/edition/326171/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57291.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 25.04.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 228 "Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө" токтому (25.04.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57291

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 25-апрелиндеги № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрели, № 228

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик

системасынын пилоттук долбоорун киргизүү жөнүндө

Билим берүү секторун каржылоо системасын андан ары өркүндөтүү,

мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасына рынок

мамилелеринин элементин киргизүү, ошондой эле мамлекеттик ресурстарды

пайдалануунун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоонун

ваучердик системасын (ысымдуу билим берүү чеги) колдонууга киргизүү

боюнча эки жылдык пилоттук долбоорду 2006-жылдын 1-апрелинен тартып

өткөрүү жөнүндө Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар

саясаты министрлигинин сунушуна макулдук берилсин.

2. Бир угуучуга эсептегенде пилоттук региондун мугалимдеринин

квалификациясын жогорулатуу системасын каржылоо жөнүндө тиркелген

Убактылуу жобо бекитилсин.

3. Мугалимдердин квалификациясын жогорулатуунун ваучердик

системасынын пилоттук долбоорун каржылоо Ысыккөл облусунун бюджетинде

"Билим берүү" секторуна каралган ассигнованиелердин чектеринде

жүргүзүлө тургандыгы белгиленсин.

4. Ысыккөл облусунун мамлекеттик администрациясы, Кыргыз

Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты министрлиги,

Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги бул пилоттук

долбоорду ишке ашырууга ар тараптан колдоо жана практикалык жардам

көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

менен бирдикте Ысыккөл облусунда пилоттук долбоор өткөрүүнүн жыйынтыгы

боюнча мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу системасын өзгөртүү

үчүн пилоттук долбоордун натыйжаларын колдонуу боюнча

рекомендацияларды иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө

киргизсин.

Премьер-министр Ф.Кулов
