# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 226
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57289>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11309/edition/326169/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57289.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 226 "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу тууралуу" токтому (03.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57289

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрели, № 226

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу

тууралуу

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашыруу, Кыргыз Реслубликасынын

Конституциясы менен кепилдикке алынуучу өзүнүн ден соолугун, башка

адамдардын өмүрүн жана ден соолугун сактоого жана коргоого жарандардын

ажыралгыс укугун камсыздоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууга жалпы

жетекчилик Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине

жүктөлсүн.

2. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги:

- "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамын ишке ашырууну камсыз кылсын;

- эки айлык мөөнөттө төмөнкүлөрдү иштеп чыксын жана бекитсин:

элдик медицина (табыптарды) жагынан адистерди даярдоо тартибин;

саламаттык сактоо адистерин (клиникалык базаларды) даярдоо

процессинде саламаттык сактоо уюмдарынын жана кесиптик медициналык

билим берүү уюмдарынын ортосунда өз ара мамилелердин тартибин;

медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди кесиптик

медициналык жана фармацевтик уюмдар, ассоциациялар (союздар) тарабынан

аттестация жүргүзүү тартибин;

медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлер аттестациядан

өткөндөн кийин аларды каттоо тартибин;

- Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексине, Кыргыз

Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексине

"Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө"

Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 101 жана 102-статьяларына ылайык

жарандардын, медициналык персоналдын жоопкерчилигин күчөтүү маселелери

боюнча өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу сунуштарды

иштеп чыксын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө берсин.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык жактан коргоо министрлиги

менен бирдикте "Кыргыз Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 85-статьясынын экинчи

бөлүгүндө белгиленген окумуштуулук даража жана иш стажысы үчүн

медициналык кызматкерлерге үстөктөрдү төлөө жөнүндө 2006-жылдын 1-

майына чейинки мөөнөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш

киргизсин.

4. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары:

- бийик тоолуу жана алыскы айыл жерлеринде иштеген медициналык

жана фармацевтикалык кызматкерлерди турак жай менен камсыз кылышсын;

- саламаттык сактоонун муниципалдык уюмдарында иштөөгө жиберилген

жаш адистерге турак жай аянтын жана башка мүлк беришсин;

- биологиялык материалдарды жана медициналык калдыктарды

утилдештирүүгө, талап кылынбаган өлүктөрдү көмүүгө каражаттарды өз

учурунда бөлүүнү камсыз кылышсын;

- жеке медициналык практикада жана коммерциялык эмес негиздеги

фармацевтикалык иш жүргүзгөн юридикалык жактарга жана жеке адамдарга

дайыма колдоо көрсөтүшсүн.

5. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги жана

Кыргыз Республикасынын Билим берүү, илим жана жаштар саясаты

министрлиги төмөнкүлөрдү иштеп чыгышсын жана Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн бекитүүсүнө беришсин:

- жаш адис жолдомо боюнча иштөөдөн баш тартса окутуунун (бюджеттик

негизде) наркынын ордун толтуртуп алуу тартибин;

- медициналык жана фармацевтикалык кызматкерлерди

медициналык жана фармацевтикапык иш жүргүзүүдөн четтетүү тартибин.

6. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги тийиштүү

министрликтер жана ведомстволор менен бирдикте жарандарга, анын ичинде

дене тарбия жана спорт менен машыккан адамдарга, алыскы гарнизондордун

аскер кызматчыларына, ички иштер органдарынын, улуттук коопсуздук

органдарынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аскердик кызмат

каралган аткаруу бийлигинин башка органдарынын кызматкерлерине,

ошондой эле эркиндиги чектелген адамдарга дартты аныктоо, медициналык-

санитардык жана адистештирилген жардам көрсөтүү боюнча келишимдик

мамилелерди иштеп чыгуу жөнүндө 2006-жылдын 1-июлуна чейинки мөөнөттө

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө сунуш киргизсин.

7. Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлиги Кыргыз

Республикасынын Юстиция министрлиги менен бирдикте "Кыргыз

Республикасында жарандардын ден соолугун коргоо жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына каршы келген нормативдик укуктук актыларды

кайра карап чыгууну жана жоюуну камсыздасын.

8. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасынын калкынын ден соолугун коргоону жакшыртуу

боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1993-жылдын

29-июлундагы № 340 токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигинин

медициналык жардамынын жогорку технологиялуу (кымбат баалуу)

түрлөрүнүн фондун түзүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-

жылдын 7-майындагы № 287 токтомунун 2-пункту.

9. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын социалдык жана маданий өнүктүрүү

башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
