# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 224 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 «Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин маселелери» деген токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 224 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 «Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин маселелери» деген токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 224
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 15.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57287>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11308/edition/348690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57287.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 15.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 224 " Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы № 612 «Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин маселелери» деген токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" токтому (15.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57287

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 15-декабрындагы N 764 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрели, № 224

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы

№ 612 «Кыргыз Республикасынын Адилет Министрлигинин

маселелери» деген токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү

жөнүндө

«Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн

оптималдаштыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-

жылдын 30-ноябрындагы № 607 Жарлыгына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 7-

февралындагы № 49 Жарлыгына ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 23-декабрындагы №

612 «Кыргыз Республикасынын Адилет министрлигинин маселелери» деген

токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:

7-пункттагы «юстициянын облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын

бөлүмдөрү» деген сөздөр «облустардын, Бишкек жана Ош шаарларынын

адилет башкармалыктары» деген сөздөр менен алмаштырылсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Адилет министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине

ылайык редакцияда баяндалсын;

жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын

Адилет министрлиги жөнүндө жобонун 12-пунктунун 7-абзацында

«юстициянын облустук, Бишкек жана Ош шаарларынын бөлүмдөрүнүн

башчыларынын» деген сөздөр «облустардын, Бишкек жана Ош шаарларыньш

адилет башкармалыктарынын жетекчилеринин»» деген сөздөр менен

алмаштырылсын.

Премьер-министр Ф.Кулов
