# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 223 "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 223 "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 223
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 03.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57286>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11307/edition/1154700/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57286.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги № 223 "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (03.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57286

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрелиндеги № 223

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.Б.Тагаев

тарабынан демилге көтөрүлгөн "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде

макулдук берилсин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2006-жылдын 3-апрели

№ 23-50/151

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

"Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.Б.Тагаев

тарабынан демилге көтөрүлгөн "Терроризмге каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып, Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү аны төмөнкүдөй сунуштарды жана пикирлерди эске

алуу менен кабыл алууга макулдук берет.

Расмий тилдеги редакциясынын 5-статьянын 3-пунктунда жана 6-

статьянын 1-пунктунун акыркы абзацында "при" деген сөз "в" деген сөзгө

алмаштырылсын.

8-статьяда:

- биринчи пункт "окуу" деген сөздөн мурда "профилдик" деген сөз

менен толукталсын;

11-статьянын 5-пунктунун биринчи абзацы "түзүлөт" деген сөздөн

кийин "республикалык" деген сөз менен толукталсын; "персонал" деген

сөздөн кийин "Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы үчүн

жыл сайын каралчу каражаттардын чегинде" деген сөздөр менен

толукталсын.

22-статьянын 3-пунктунун 3-пунктчасында "террористик акциянын

натыйжасында" деген сөздөр "жабыркаган" деген сөзгө алмаштырылсын.

27-статъя 2004-жылдын 21-августундагы № 163 «Аскер кызматчыларынын

жана машыктыруучу жана атайын жыйындарга чакырылган аскерге

милдеттүүлөрдүн өмүрүн жана ден соолугун милдеттүү мамлекеттик

камсыздандыруу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык

келтирилсин. Бул статьянын 1-пунктунда «терроризмге каршы күрөш» деген

сөздөр тийиштүү жөндөмөдө "терроризмге каршы операция" деген сөздөргө

алмаштырылсын.

Ошондой эле мыйзам долбоорун, айрыкча 2, 4, 5, 6, 8, 10, 11, 12,

18, 22. 25, 27, 29 жана 32-статьяларды орфографиялык жана

пунктуациялык эрежелерге ылайык келтирүү жагынан толуктап редакциялап

чыгууну сунуш кылабыз.

Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы (мындан ары -

УКК) 2-статьяда, ошондой эле 4-статьянын 2 жана 3-пункттарында

саналган айрым түшүнүктөрдү баяндоо боюнча бир катар пикирлерди

билдирди.

УККнын корутундусу боюнча, 5-статьянын 1-пунктунда жана 11-

статьянын 5-пунктунда баяндалгандар кылдат ойлоштурууну жана орчундуу

кайра иштеп чыгууну талап кылат.

Мындан тышкары УКК Мыйзамдын долбооруна УККнын алдында туруктуу

иштөөчү терроризмге каршы улуттук борбор түзүүнү жана анын иштешин

жөнгө салуучу статья кошууну сунуш кылды.

Жогоруда айтылгандардын негизинде жана мыйзам долбооруна ылайык УКК

аны түздөн түз негизги ишке ашыруучу болоорун эске алып, "Терроризмге

каршы күрөш жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын акыркы

долбоорун Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук кызматы менен

бирдикте иштеп чыгуу керек деп эсептейбиз.

Премьер-министр Ф.Кулов
