# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №222 токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №222 токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 222
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 03.04.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57285>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11306/edition/326166/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57285.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 03.04.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрелиндеги №222 токтому (03.04.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57285

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 3-апрели № 222

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"А.Д.Сахаров атындагы эл аралык мамлекеттик

экологиялык университет" билим берүү мекемесине

экологиялык билим берүү боюнча Көз карандысыз

Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин

базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын

25-ноябрында Москва шаарында кол коюлган чечимин,

Россия элдердин достугу университетине КМШга катышуучу

мамлекеттердин билим берүү системаларын маалыматтык

камсыздоо жагында Көз карандысыз Мамлекеттер

Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун

статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва

шаарында кол коюлган чечимин, Армения Республикасынын

информатика боюнча кадрлардын квалификациясын жогорулатуу

жана кайра даярдоо мамлекеттик институтуна дене

түзүлүшүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана

жумушсуздарга билим берүү жагынан Көз карандысыз Мамлекеттер

Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюмунун

статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва

шаарында кол коюлган чечимин бекитүү жөнүндө

Мамлекеттик ички жол-жоболорду аткаруу максатында жана "Кыргыз

Республикасынын эл аралык келишимдери жөнүндө", "Кыргыз Республикасынын

нормативдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын мыйзамда-

рынын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Өкмөт башчыларынын

кењеши кабыл алган төмөнкүдөй тиркелген чечимдер бекитилсин.

- "А.Д.Сахаров атындагы эл аралык мамлекеттик экологиялык универ-

ситет" билим берүү мекемесине экологиялык билим берүү боюнча Көз каран-

дысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык уюму-

нун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол

коюлган чечими;

- Россия элдердин достугу университетине КМШга катышуусу мамлекет-

тердин билим берүү системаларын маалыматтык камсыздоо жагында Көз ка-

рандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу мамлекеттердин базалык

уюмунун статусун берүү 2005-жылдын 25-ноябрында Москва шаарында кол ко-

юлган чечими;

- Армения Республикасынын информатика боюнча кадрлардын квалифика-

циясын жогорулаттуу жана кайра даярдоо мамлекеттик институтуна дене

түзүлүшүнүн мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдарга жана жумушсуздарга би-

лим берүү жагынан Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигине катышуучу

мамлекеттердин базалык уюмунун статусун берүү жөнүндө 2005-жылдын

25-ноябрында Москва шаарында кол коблган чечими.

2. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул чечимдердин

күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболорун Кыргыз

Республикасынын аткаргандыгы жөнүндө Көз карандысыз мамлекеттер Шерик-

тештигинин Аткаруу комитетине билдирсин.

3. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарында жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
