# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрели N 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрели N 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 217
- Кабыл алынган күнү: 03.04.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 16.10.2025
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57279>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11301/edition/753177/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57279.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.10.2025 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 3-апрели N 217 "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө" токтому (16.10.2025 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57279

---

КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 16-октябрындагы № 673 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮ ТОКТОМ 2006-жылдын 3-апрели N 217 Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин баардык субъектилери милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттарын бекитүү жөнүндө (КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык) Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин өнүктүрүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттерин бардык субъектилер милдеттүү түрдө колдонуучу мүлктү баалоонун стандарттары бекитилсин:

- Балоонун негизги түшүнүктөрүнүн жана принциптеринин стандарты;

- Бизнести баалоо стандарты;

- (4-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- Кыймылсыз мүлктү баалоо стандарты;

- Баалоо жөнүндө отчеттун мазмунуна жана аны тариздөөгө талаптар стандарты;

- (7-абзац КР Өкмөтүнүн 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомуна ылайык күчүн жоготту)

- материалдык эмес активдерди жана интеллектуалдык менчик объекттерин баалоо стандарты;

- кыймылдуу мүлктү баалоонун стандарттары.

(КР Өкмөтүнүн 2014-жылдын 28-октябрындагы № 619, 2016-жылдын 15-ноябрындагы № 593 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

2. Күчүн жоготту деп табылсын:

- "Кыргыз Республикасында баалоо иш-аракеттеринин субъектилери сөзсүз колдонуучу баалоо стандарттарын бекитүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 10-ноябрындагы N 743 токтому;

- "Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоочу уюмдардын иш-аракеттерин өнүктүрүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 21-августундагы N 537 токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасында баалоочулардын жана баалоо уюмдарынын иш-аракеттеринин убактылуу эрежелеринин 4 жана 13-пункттары.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Премьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына жүктөлсүн.

Премьер-министр

Ф. Кулов
