# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы N 211 "Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы N 211 "Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 211
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 29.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57270>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11295/edition/326143/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57270.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы N 211 "Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (29.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57270

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-марты № 211

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын

16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду

киргизүү тууралуу"

Ош облусунун Кара-Суу шаарынын жергиликтүү башкаруу органынын иш-

тешин толук камсыз кылуу жана "Водаканал" ишканасынын объектилерин реа-

билитациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, "Мүлккө коммунал-

дык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Рес-

публикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токто-

муна төмөндөкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- аталган токтомго "Райондук маанидеги Кара-Суу шаарынын муници-

палдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объектилердин тизмеси" деген № 3

тиркеме, ушул токтомго тиркемеге ылайык объектилер менен толукталсын.

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара Суу район-

дук мамлекеттик администрациясы жана Кара-Суу шаардык башкармалыгы ме-

нен бирдикте ушул токомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектилерди Ош обу-

лусунан Кара-Суу шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү камсыз

кылсын.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 29-мартындагы № 211

токтомуна тиркеме

Райондук маанидеги Кара-Суу шаарынын муниципалдык

менчигине өткөрүп берилүүчү объектилердин

ТИЗМЕСИ

| Объектилердин аталышы | Саны, өлчөө | Калдык наркы |
| --- | --- | --- |
|  | бирдиги | (мињ сом менен) |
| "Тельман" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 762,17 |
| "№ 16 бригада" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 34,95 |
| "Кењеш ПМК" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 25,96 |
| "Интернат" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 655,00 |
| Суу түтүк тармактары | 36,2 км | 13060,92 |

Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппарат

Жетекчиси - министр Т.Коеналнев
