Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду киргизүү тууралуу» токтому
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 29-марты № 211
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
"Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү
жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын
16-декабрындагы № 827 токтомуна толуктоолорду
киргизүү тууралуу"
Ош облусунун Кара-Суу шаарынын жергиликтүү башкаруу органынын иш-
тешин толук камсыз кылуу жана "Водаканал" ишканасынын объектилерин реа-
билитациялоо боюнча долбоорду ишке ашыруу максатында, "Мүлккө коммунал-
дык менчик жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Рес-
публикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. "Объектилерди муниципалдык менчикке өткөрүп берүү жөнүндө" Кыр-
гыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 токто-
муна төмөндөкүдөй толуктоолор киргизилсин:
- аталган токтомго "Райондук маанидеги Кара-Суу шаарынын муници-
палдык менчигине өткөрүлүп берилүүчү объектилердин тизмеси" деген № 3
тиркеме, ушул токтомго тиркемеге ылайык объектилер менен толукталсын.
2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-
лекеттик комитетине Кыргыз Республикасынын Ош облусунун Кара Суу район-
дук мамлекеттик администрациясы жана Кара-Суу шаардык башкармалыгы ме-
нен бирдикте ушул токомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн объектилерди Ош обу-
лусунан Кара-Суу шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп берүүнү камсыз
кылсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик комитетине жүктөлсүн.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2006-жылдын 29-мартындагы № 211
токтомуна тиркеме
Райондук маанидеги Кара-Суу шаарынын муниципалдык
менчигине өткөрүп берилүүчү объектилердин
ТИЗМЕСИ
| Объектилердин аталышы | Саны, өлчөө | Калдык наркы |
| бирдиги | (мињ сом менен) | |
| "Тельман" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 762,17 |
| "№ 16 бригада" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 34,95 |
| "Кењеш ПМК" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 25,96 |
| "Интернат" башкы суу топтоо курулмасы | 1 бирдик | 655,00 |
| Суу түтүк тармактары | 36,2 км | 13060,92 |
Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппарат
Жетекчиси - министр Т.Коеналнев
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 2 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
Шилтеме берет (2)
- КР Өкмөтүнүн 1998-жылдын 16-декабрындагы № 827 "Обьекттерди коммуналдык менчикке өткөрүп берүү жана Кыргыз Республикасынын райондук баш ийүүдөгү шаарларынын шаар…Постановление · 16.12.1998 · № 827
- Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөЗакон · 15.03.2002 · № 37