# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы №209 «Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы №209 «Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 209
- Кабыл алынган күнү: 29.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 29.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57268>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11294/edition/1154694/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57268.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 29.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 29-мартындагы №209 «Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу" токтому (29.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57268

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 29-марты №209

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

«Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.М.Ирсалиев

тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине

толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам

долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине

жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кењешине

«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жонүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна

Кыргыз Республикасыиын Өкмөтүнүн корутундусу

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын

Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз

Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.М.Ирсалиев демилге

көтөргөн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду

киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,

аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.

Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 410-П

токтому жана «Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү

концепциясынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-

жылдын 29-майындагы № 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жылдарга

Кыргыз Республикасынын салык саясатын өркүндөтүү боюнча колдонуудагы

концепциясынын жоболоруна каршы келет.

Мындан тышкары азыркы убакта орто мөөнөттүү келечекке Салык

реформасынын жањы концепциясын иштеп чыгуу жүрүүдө, анда КНС боюнча

колдонуудагы бошотууларды болушунча жоюу маселеси каралат.

Айрым чарбакер субъекттерине берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык

мыйзамдарында каралбаган ар кандай салык жењилдиктери салык салуунун

негизги принциптеринин биринин -бардык чарбакер субъекттери үчүн чарба

жургүзүүнүн бирдей шарттарын түчүүнү болжолдогон акыйкаттуулук

принцибинии бузулушуна алып келет жана салыктар менен төлөмдөр өзүнчө

субъекттердин ортосунда калыс жана бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлүүтө

тийиш. Экономикалык иш-аракеттин бир түрүнө салыктык жењилдиктерди

берүү менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга жетишүү үчүн

иш-аракеттин башка түрлөрү үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн

жогорулатууга мажбур болот.

Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормалары турак жай

рыногунун чөйрөсүндө КНСтен айрым бошотууларды, атап айтканда 139-

статьянын экинчи бөлүгү турак жай курулмаларын берүүлөрдү же турак

жайларды ижаралоону КНСтен бошотууну карайт.

Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү-

төрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2006-

жылдын 1-февралындагы № 32 Мыйзамында салык төлөөчүлөргө салыктык

оорчулуктарды жењилдетүү боюнча чаралар каралган, атап айтканда:

- юридикалык жактын пайдасына салык ставкасы 20дан 10 процентке

чейин төмөндөтүлгөн;

- жеке адамдардан киреше салыгынын ставкасы 10 процент өлчөмүндө

белгиленген;

- Кыргыз Республикасынын аймагына негизги өндүрүштүк каражаттарды

алып келүүлөр КНС төлөөдөн бошотулган.

Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын

Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү

максатка ылайыксыз деп эсептейт.

Премьер-министр Ф.Кулов
