Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. «Постановление Кабинета Министров КР от 25 марта 2022 года № 166 "О признании утратившими силу некоторых решений Кабинета Министров Кыргызской Республики"» негизинде күчүн жоготту. Учурдагы редакциянын датасы: 2006-03-29.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 25-марты № 166
токтомуна ылайык күчүн жоготту
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 29-марты №209
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ
«Кыргыз Республнкасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу тууралуу
Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна
ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.М.Ирсалиев
тарабынан демилге кылынган «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине
толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам
долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбесин.
2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине
жиберилсин.
Премьер-министр Ф.Кулов
Кыргыз Республнкасынын Жогорку Кењешине
«Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жонүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбооруна
Кыргыз Республикасыиын Өкмөтүнүн корутундусу
Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын
Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна ылайык Кыргыз
Республикасынын Жогорку Кењешинин депутаты Р.М.Ирсалиев демилге
көтөргөн «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду
киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзам долбоорун карап чыгып,
аны кабыл алууга төмөнкүдөй негиздер боюнча макулдук бере албайт.
Сунушталган мыйзам долбоору Кыргыз Республикасынын Жогорку
Кењешинин Мыйзам чыгаруу жыйынынын 2001-жылдын 26-июнундагы № 410-П
токтому жана «Кыргыз Республикасында салык саясатын өркүндөтүү
концепциясынын долбоору жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-
жылдын 29-майындагы № 255 токтому менен жактырылган 2001-2010-жылдарга
Кыргыз Республикасынын салык саясатын өркүндөтүү боюнча колдонуудагы
концепциясынын жоболоруна каршы келет.
Мындан тышкары азыркы убакта орто мөөнөттүү келечекке Салык
реформасынын жањы концепциясын иштеп чыгуу жүрүүдө, анда КНС боюнча
колдонуудагы бошотууларды болушунча жоюу маселеси каралат.
Айрым чарбакер субъекттерине берилүүчү Кыргыз Республикасынын салык
мыйзамдарында каралбаган ар кандай салык жењилдиктери салык салуунун
негизги принциптеринин биринин -бардык чарбакер субъекттери үчүн чарба
жургүзүүнүн бирдей шарттарын түчүүнү болжолдогон акыйкаттуулук
принцибинии бузулушуна алып келет жана салыктар менен төлөмдөр өзүнчө
субъекттердин ортосунда калыс жана бирдей өлчөмдө бөлүштүрүлүүтө
тийиш. Экономикалык иш-аракеттин бир түрүнө салыктык жењилдиктерди
берүү менен мамлекет бюджеттин киреше бөлүгүн аткарууга жетишүү үчүн
иш-аракеттин башка түрлөрү үчүн салык жана бажы төлөмдөрүн
жогорулатууга мажбур болот.
Кыргыз Республикасынын Салык кодексинин нормалары турак жай
рыногунун чөйрөсүндө КНСтен айрым бошотууларды, атап айтканда 139-
статьянын экинчи бөлүгү турак жай курулмаларын берүүлөрдү же турак
жайларды ижаралоону КНСтен бошотууну карайт.
Мындан тышкары «Кыргыз Республикасынын Салык кодексине озгөртүү-
төрдү жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын 2006-
жылдын 1-февралындагы № 32 Мыйзамында салык төлөөчүлөргө салыктык
оорчулуктарды жењилдетүү боюнча чаралар каралган, атап айтканда:
- юридикалык жактын пайдасына салык ставкасы 20дан 10 процентке
чейин төмөндөтүлгөн;
- жеке адамдардан киреше салыгынын ставкасы 10 процент өлчөмүндө
белгиленген;
- Кыргыз Республикасынын аймагына негизги өндүрүштүк каражаттарды
алып келүүлөр КНС төлөөдөн бошотулган.
Жогоруда баяндалгандарды эске алуу менен Кыргыз Республикасынын
Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Салык кодексине толуктоолорду киргизүү
максатка ылайыксыз деп эсептейт.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 5 · цитата келтиргендер: 0 · байланышкандар: 0
Шилтеме берет (5)
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 25-мартындагы № 166 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым чечимдерин күчүн жоготту деп таануу жөнүндө"…Постановление · 25.03.2022 · № 166
- Налоговый кодекс КРКодекс · 26.06.1996 · № 25 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын КонституциясыКонституция · 05.05.1993 · Күчүн жоготкон
- Постановление Правительства КР от 29 мая 2001 года №255 "О проекте Концепции совершенствования налоговой политики в Кыргызской Республике"Постановление · 29.05.2001 · № 255 · Күчүн жоготкон
- Кыргыз Республикасынын салык кодексине озгортуулор жана толуктоолор киргизуу жонундоЗакон · 01.02.2006 · № 32 · Күчүн жоготкон