# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы №207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы №207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 207
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 02.05.2023
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57267>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11293/edition/1250456/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57267.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 02.05.2023 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы №207 "Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу" токтому (02.05.2023 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57267

---

КР Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 2-майындагы № 238 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү 2006-жылдын 28-марты №207

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө нускаманы бекитүү тууралуу

Эмгекке акы төлөө шарттарын тартипке келтирүү, ошондой эле мамлекеттик же кызматтык сырды түзүүчү маалыматгарды сактоо максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн

мамлекеттик бийлик, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, ишканалардын, уюмдардын, мекемелердин жумушчуларынын жана кызматчыларынын кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөөнүн тартиби жана шарттары жөнүндө тиркелген Нускама бекитилсин.

2. Жашыруун мүнөздөгү иш жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү үчүн

жумушчулардын жана кызматчылардын кызмат маяналарына проценттик үстөктөрдү төлөө эмгекке акы төлөө фондунда каралган каражаттардын чектеринде жүргүзүлөт.

3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
