# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 203 "Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 203 "Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 203
- Кабыл алынган күнү: 28.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57262>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11290/edition/326137/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57262.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 28-мартындагы № 203 "Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө" токтому (28.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57262

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 28-марты № 203

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү

агробизнес борборунун филиалын түзүү жөнүндө

Кыргыз Республикасында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес

борборун түзүүгө жана анын иш-аракетине карата Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү

ассоциациянын ортосунда өз ара түшүнүшүү жөнүндө

Меморандумга ылайык жана республиканын түштүгүндө анын ишине

көмөк көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес

борборунун филиалы түзүлсүн.

2. Ош шаарында Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес

борборунун филиалы жөнүндө тиркелген жобо бекитилсин.

3. "Атаандашууга жөндөмдүү агробизнес борборун түзүү

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 29-

ноябрындагы № 873 токтому менен бекитилген Атаандашууга

жөндөмдүү агробизнес борборунун Уставынын "Жалпы

жоболорунун" I бөлүмүнүн 7-пункту төмөндөгүдөй мазмундагы

абзац менен толукталсын:

"Филиалдын жайгашкан жери: Кыргыз Республикасы, Ош

шаары, Ноокат көчөсү, 5/1 үй.".

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз

Республикасынын Премьер-министринин Аппаратынын агроөнөр жай

комплексин өнүктүрүү жана кайра иштетүүчү өнөр жай бөлүмүнө

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
