# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 198 "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 198 "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 198
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 27.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57258>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11287/edition/1154690/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57258.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 27.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 198 "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу жөнүндө" токтому (27.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57258

---

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин

2022-жылдын 25-марты № 166

токтомуна ылайык күчүн жоготту

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-марты № 198

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,

сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн корутундусу

жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна

ылайык Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана

сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

замынын долбооруна тиркелген корутундунун негизинде макулдук берилбе-

син.

2. Бул токтом Кыргыз Республикасынын Жогорку Кењешине жиберилсин.

Премьер-министр Ф.Кулов

2006-жылдын 27-марты

№ 19-57/44

Кыргыз Республикасынын

Жогорку Кењеши

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,

сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбооруна Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

КОРУТУНДУСУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин депутаттары Ө.Т.Бабанов, Р.М.Ирсалиев жана А.А.Шадиев тарабы-

нан демилге көтөрүлгөн "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,

сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамынын долбоорун карап чыгып жана Кыргыз Республикасы-

нын Конституциясынын 65-статьясынын 5-пунктуна таянып аны кабыл алуу

төмөнкүдөй себептер боюнча ылайыксыз деп эсептейт.

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-

тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мый-

замынын долбоорунда "Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө,

сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Мыйзамын жањы редакцияда баяндоо каралган. Бул мыйзам

долбоорунда айрым жакшы жактары бар, бирок жалпысынан Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарына бир катар орчундуу карама-каршылыктар жана шайкеш

эместиктер бар.

Мыйзам долбоорунун 2-статьясына ылайык "алкоголдук продукция" де-

ген түшүнүккө өсүмдүк сырьедон алынган, этил спиртинин үлүшү бир жарым

проценттен ашкан тамак-аш продукциясы кирет. Демек, бул түшүнүккө ачы-

туунун натыйжасында алынган ар кандай продуктулар, анын ичинде квас,

шоро жана ачытылган сүт продуктулар да кириши мүмкүн.

Мындан тышкары, алкоголдук продукциянын тизмесине пиво сыяктуу

продукциянын кириши Мыйзамдын долбоорунун текстинин өзүнө карама-каршы-

лык киргизет, анткени Мыйзамдын долбоорунун алкоголдуу продукциялардын

түрлөрүн аныктаган 5-статьясы: пиво - бул алкоголу аз, көмүртектин дву-

окисине каныккан, хмель кошулган угуттуу аталаны пивонун ачыткысына

ачытуу жолу менен алынган көбүктүү суусундук деп аныктамалайт, башкача

айтканда, пиво жасоонун ыкмасын баяндоо "алкоголдук продукция" деген

терминди аныктамалоодо көрсөтүлгөн алкоголдуу продукция жасоонун ыкма-

сынан айырмаланат.

Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда башка алкоголдуу продукцияга

салыштырганда пивону соодалоого байланышкан ишке карата айрым талаптар-

ды чектеген бир топ нормалар каралат.

Мыйзамдын долбоорунун 3-статьясында этил спиртин жана алкоголдук

продукцияиы өндүрүүдөгү, сактоодогу жана сатып өткөрүүдөгү мамлекеттик

монополиянын милдеттерине азык-түлүк жана азык-түлүк эмес сырьедон

алынган этил спиртине жана алкоголдук продукцияга экоиомикалык жактан

негизделген бааларды белгилөө кирет.

Бирок ар башка өндүрүшчүлөрдүн алкоголдуу продукцияларынын өздүк

нарктары ар башка болгондуктан, алкоголдуу продукцияга туруктуу баа

белгилөө кээ бир өндүрүшчүлөрдө кирешесинин негизсиз көбөйүшүнө, ал эми

айрымдарында киреше азайышына, ошондой эле атаандаштыктын чектелишине

алып келет.

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-

тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

колдонуудагы Мыйзамына салыштырганда, мыйзам долбоорунда этил спиртин

жана алкоголдук продукцияны өндүрүүнү, сактоону жана сатып өткөрүүнү

контролдоо тармагындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын укуктук

абалын аныктоочу статья киргизилген, бул Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

тарабынан аныкталууга тийиш.

Мында бул органдын функцияларынын баарын Мыйзамдын өзүндө толук

белгилөө анын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечими менен аныкталган

ыйгарым укуктарын чектеп коюшу мүмкүн.

Кыргыз Республикасынын Өкмөтү мыйзам долбоорунун этил спирт жана

алкоголдуу продукция чыгаруучу ишканаларды Кыргыз Республикасынын айма-

гында ар бир облуста бирден ашык эмес жайгаштыруу жөнүндө жоболоруна

макулдук берүүгө болот деп эсептейт.

Сунушталган Мыйзам долбоору менен "өндүрүштүн паспорту" деген

түшүнүк киргизилип жатат, ал негизги документ катары колдо болгон жаб-

дуулардын пайдаланылышын, техникалык процесстин сакталышын, негизги

сырьену, ингредиенттерди, көмөкчү материалдарды сарптоо нормаларын жана

даяр продукциянын, коштонду продуктулардын чыгыш нормаларын жана

өндүрүштөгү коромжулуктарды аныктайт.

Мыйзам долбооруна ылайык, өндүрүштүн паспортун өндүрүшчү өзү бе-

китүүгө тийиш жана паспорттун болушу этил спиртин жана алкоголдуу про-

дукцияны өндүрүү үчүн негиз болуп эсептелет.

Бирок көрсөтүлгөн продукцияны чыгаруу бекитилген технологиялык

нормаларга, нускамаларга, улуттук стандарттарга жана техникалык шарт-

тарга ылайык жөнгө салынат.

Дегустациялык комиссия түзүү чыгарылчу жана алынып келчү алкогол-

дуу продукциянын жана спирттин сапатын коомдук контролдоо чөйрөсүндө

жакшы иш болоор эле.

Ушуну менен бирге эле, Мыйзам долбоорунун тексти боюнча ал комис-

сиянын ишине тиешелүү нормаларда ар башкачалыктар бар. Атап айтканда,

мыйзам долбоорунун 8-статьясында этил спиртин жана алкоголдуу продукция

чыгаруучулардын коомдук комиссияларынын Дегустациялык комиссия түзүүсү

каралган. Ошол эле учурда Дегустациялык комиссия жөнүндө жобо ыйгарым

укуктуу мамлекеттик орган тарабынан бекитилет.

Лицензиялоону жөнгө салуучу статьялар боюнча, Кыргыз Республикасы-

нын мыйзамдарына ылайык, ишкердикти лицензиялоого же ишкердиктин лицен-

зиялануучу айрым түрлөрүн мамлекеттик лицензиялоого байланышкан мамиле-

лер Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына жана Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 31-майындагы № 260 "Ишкердиктин

айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө" токтому менен бекитилген Ишкердик-

тин айрым түрлөрүн лицензиялоо жөнүндө жобого ылайык жөнгө салынат.

Лицензиялоо тармагындагы нормаларды кодификациялоо максатында Кыр-

гыз Республикасынын Өкмөтүнүн бир нормативдик укуктук актысында норма-

тивдик укуктук актыларды Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө"

Мыйзамына ылайык келтирүү боюнча чоњ иш жүргүзүлгөн жана бул мыйзам

долбоорго лицензиялоо боюнча жоболорду киргизүү ал ишке карама-каршы

келет.

Атап айтканда, мыйзамдын сунушталган долбоорунда этил спиртин жана

алкоголдуу продукцияны чыгаруу жана жүгүртүү боюнча ишкердикти лицензи-

ялоонун эрежелери жана шарттары, ошондой эле лицензия бергендик үчүн

акы алуунун тартиби жана өлчөмү толук регламенттелген.

Мындан тышкары, Мыйзамдын долбоорунда ишкердиктин лицензияланчу

түрлөрүнүн тизмеси кењейтилген, ал эми Кыргыз Республикасынын "Лицензи-

ялоо жөнүндө" Мыйзамынын 3-статьясында лицензияны ушул Мыйзамда лицен-

зиялоо каралган ишкердиктин түрлөрүн жүргүтүү үчүн гана алуу керектиги

белгиленген.

Кыргыз Республикасынын "Лицензиялоо жөнүндө" Мыйзамына ылайык ли-

цензияны ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган берет. Мыйзам долбоорунда

болсо этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны чыгарууга жана

жүгүртүүгө лицензия берүү укуктарын ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган

менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ортосунда бөлүштүрүү

сунушталган.

Лицензиардын функцияларын бөлүштүрүү ылайыксыз, анткени этил спир-

тин жана алкоголдуу продукцияны чыгаруучулар иш жүзүндө бул продукцияны

сакташат жана дүњ сатышат. Лицензияны ар түрдүү органдардан алуу бюрок-

ратиялык тоскоолдуктар көбөйүшүнө алып келет.

Лицензия бергендик үчүн акынын өлчөмү да лицензиялоо тармагындагы

атайын актылар менен аныкталган. Мында арызды карагандык, керектүү экс-

пертиза жүргүзгөндүк жана лицензия берүүгө документгерди таршдегендик

үчүн акынын өлчөмү лицензиялоо ишин жүргүзүүгө ыйгарым укуктуу органдын

тийиштүү чыгымдарына жараша аныкталат, бирок минимум орточо эмгек акы-

нын үч айлык өлчөмүнөн ашууга тийиш эмес.

Акылардын өлчөмдөрүн көбөйтүү, ошондой эле лицензияны пайдаланган-

дык үчүн жыл сайынкы алымдарды киргизүү ата мекендик алкоголдуу продук-

циянын өздүк наркы көбөйүшүнө алып келет. Бул калктын азыркы сатып алуу

жөндөмүнүн шартында контрафакттык жана контрабандалык продукция рыногу

өнүгүшүнө алып келет.

Мыйзамдын долбоорунда этил спиртин жана алкоголдуу продукцияны чы-

гаруунун жана жүгүртүүнүн эрежелерин жана шарттарын бузгандык үчүн жо-

опкерчилик чараларын жөнгө салуучу статьяны, атап айтканда белгиленген

стандарттарга ылайык келбеген, чыгарылган жери аныкталбаган, Кыргыз

Республикасынын аймагына мыйзамсыз алынып келген, лицензиясыз ишкердик-

тин объекти болгон спиртти жана алкоголдуу продукцияны конфискациялоону

таанууну сунуш кылат.

Бирок, конфискация администрациялык жазалоонун бир түрү болуп

эсептелет жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жазык кодексинин жана Кыр-

гыз Республикасынын Администрациялык жоопкерчилик жөнүндө кодексинин

нормаларына ылайык колдонулат.

Мыйзамдын долбоорунда бул чөйрөдөгү мамлекеттик монополияны рефор-

малоо каралган, бул мамлекеттик монополияны камсыздоо боюнча калыптан-

ган атайын чаралардын системасы бузулушуна алып келиши ыктымал.

Жањы мыйзам долбооруна демилге көтөрүү үчүн олуттуу шарттар болушу

керек. Биринчиден, колдонулуп жаткан Мыйзамдын актуалдуулугу болбой ка-

лууга, экинчиден, аны андан аркы ишке ашыруу механизмдери жоголууга же

орчундуу өркүндөтүүгө муктаждык болууга тийиш.

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана са-

тып өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын

Мыйзамы калыптанган практикага жооп берет. Колдонулуп жаткан Мыйзамда

мамлекет менен спирт жана алкоголдуу продукция чыгаруучу чарбакер субъ-

екттердин өз ара байланыш схемасы иштелип чыккан, аны ишке ашыруу меха-

низмдери турмушка жарактуу жана алкоголдуу продукция рыногунун учурдагы

шарттарына кыйла ыњгайлаштырылган.

Спирт жана алкоголдуу продукция чыгарууга жана жүгүртүүгө мамле-

кеттик контролду күчөтүү үчүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "Спиртти

жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө

мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына

өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү зарыл деп эсептейт.

Тактап айтканда, спирт жана алкоголдуу продукция чыгарган ишкана-

ларда алардын чыгарылыш көлөмү жөнүндө маалыматтын автоматташтырылган

берилишин камсыздоочу контролдук эсептегич приборлорду орнотуу боюнча

талаптарды киргизүүгө, алкоголдуу продукцияны чекене сатууну тартипке

салууга тийиштүү нормаларды, ошондой эле спиртти жана алкоголдуу про-

дукцияны чыгаруу жана жүгүртүү чөйрөсүндөгү эрежелерди бузгандык үчүн

чарбакер субъекттердин жоопкерчиликтерин катаалдатууга тиешелүү норма-

ларды белгилөө зарыл.

Ошондой эле, "Кыргыз Республикасынын нормативдик укуктук актылары

жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 28-статьясына ылайык, жаран-

дардын жана юридикалык жактардын кызыкчылыктарына түздөн-түз тиешелүү

нормативдик укуктук актылардын долбоорлору, ошондой эле ишкердик

жүргүзүүнү жөнгө салуучу нормативдик укуктук актылардын долбоорлору

мыйзамды чыгаруучу органдын расмий сайтында коомдук талкуулоо үчүн мил-

деттүү түрдө жарыяланууга тийиштигин белгилейбиз. Мыйзамды чыгарган ор-

гандын расмий сайты жок болсо, ошондой эле Мыйзамда каралган учурларда

мыйзамды чыгарган органдын чечими боюнча нормативдик укуктук актылар

жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыяланат. Түшкөн сунуштар менен пи-

кирлерди мыйзам чыгаруучу орган долбоорлорду толуктап иштеп чыгууда ка-

роого тийиш. Мыйзамдардын долбоорлору Кыргыз Республикасынын Жогорку

Кењешинин чечими боюнча аныкталган тартипте жалпы элдик талкууга коюлу-

шу мүмкүн.

Спиртти жана алкоголдуу продукцияны өндүрүү жана жүгүртүү

чөйрөсүндөгү мамлекеттик монополиялык чаралар системасын өнүктүрүү жана

өркүндөтүү проблемаларынын актуалдуулугуна, бул тармакты мамлекеттик

башкаруунун ар кыл механизмдерин караштырган мыйзам долбоорлору бар

болгондукка байланыштуу мыйзам долбоорлорун жаратуучулардын, спирт, ал-

коголдуу продукция жана пиво чыгаруу боюнча иштеген чарбакер субъект-

тердин өкүлдөрүн, саламаттык сактоо системасынын, фискалдык жана укук

коргоочу органдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын жана башка кызыкдар та-

раптардын эксперттерин катыштырып тегерек үстөлдөрдү өткөрүү эарыл деп

эсептейбиз.

Жогоруда айтылгандардын негизинде Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

"Спиртти жана алкоголдук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып

өткөрүүгө мамлекеттик монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйза-

мына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын

долбоорун кабыл алуу ылайыксыз деп эсептейт жана "Спиртти жана алкогол-

дук продукцияны өндүрүүгө, сактоого жана сатып өткөрүүгө мамлекеттик

монополия жөнүндө" Кыргыз Республикасынын колдонулуп жаткан Мыйзамына

жогоруда айтылган пикирлерди жана сунуштарды эске алып Кыргыз Республи-

касынын мыйзамдарында аныкталган тартипте өзгөртүүлөрдү жана толуктоо-

лорду киргизүүнү сунуш кылат.

Премьер-министр Ф.Кулов
