# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 199 "Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 199 "Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 199
- Кабыл алынган күнү: 27.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 06.12.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57257>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11286/edition/326131/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57257.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 06.12.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 27-мартындагы № 199 "Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун куруу жөнүндө" токтому (06.12.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57257

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2006-жылдын 6-декабрындагы №833

токтомуна ылайык)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 27-марты № 199

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Ош облусунун Ноокат районунда

цемент-шифер заводун куруу жөнүндө

Ош, Баткен, Жалалабат облустарын цемент жана шифер менен камсыздоо

жана республиканын экспорттук потенциалын арттыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомунун Ош облусунун Ноокат

районунда долбоордук кубаттуулугу жылына 1800 мињ тонна цемент жана 185

млн. шарттуу такта шифер болгон цемент-шифер заводун куруу долбоорун

ишке ашыруу жөнүндө сунушу жактырылсын.

2. Цемент-шифер заводдун курулушу "Ак-Сай-Цемент" жабык акционер-

дик коомунун өздүк каражаттарынын, ошондой эле ал алчу кредиттик кара-

жаттардын эсебинен, Кыргыз Республикасынын Өкмөтү катышпастан каржыла-

наары белгиленсин.

3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик бажы инс-

пекциясы цемент-шифер заводдун курулушуна арналып алынып келчү жабдуу-

ларды, техниканы, транспортту, металл конструкцияларды, металл прокат-

ты, арматура болотту, отко чыдамдуу материалдарды Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 27-майындагы № 391 "Кыргыз Республикасынын

бажылык аймагына импорттоодо КНС төлөөдөн бошотулуучу технологиялык

жабдуунун жана окуу куралдарынын, илимий басылмалардын жана мектептик

шаймандардын базалык тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомуна ылайык бажылык

тариздесин.

4. Ош жана Баткен облустарынын мамлекеттик администрациялары

2006-жылдын 1-июнуна чейин "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомуна

долбоорго ылайык заводдун, карьердин, "Беш-Бурхан" көмүр шахтасынан

сырьеё жеткирүү боюнча транспортерлордун курулуштары үчүн, ошондой эле

кирүүчү темир жолдорду куруу жана эксплуатациялоо үчүн жерлерди берүүнү

камсыздашсын.

5. Жарандардын жер үлүштөрү долбоор боюнча "Ак-Сай-Цемент" жабык

акционердик коомуна берилчү жерлерге туш келип калган учурда аларды

алуу (сатып алуу) Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 68-статьясына

ылайык ишке ашырылары белгиленсин.

6. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомунун өндүрүлгөн цементтин

10 процентин монополияга каршы орган белгилеген баа боюнча, анын ичинен

3 проценттен кем эмесин өздүк наркы боюнча Кыргыз Республикасынын

Өкмөтүнүн кийинки бөлүштүрүүсү үчүн бөлүп берүү жөнүндө сунушуна макул-

дук берилсин.

7. "Ак-Сай-Цемент" жабык акционердик коомуна:

- цемент-шифер заводду электр менен камсыздоонун тышкы тармактарын

долбоорлоону жана курууну "Кыргызстандын улуттук электр тармагы" ачык

акционердик коому менен макулдашуу боюнча өздүк каражаттарынын эсебинен

ишке ашыруу;

- Ош облусунун Ноокат районунда цемент-шифер заводун курууну

2006-жылдын III кварталында баштоону камсыздоо;

- курулушту долбоорлоо менен бир катарда жүргүзүү сунушталсын.

8. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
