# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-мартындагы № 195 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-мартындагы № 195 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 195
- Кабыл алынган күнү: 23.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 23.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57253>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11283/edition/1149898/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57253.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 23-мартындагы № 195 " 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү жөнүндө" токтому (23.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57253

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 23-марты № 195

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун,

уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында

жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык

жардам көрсөтүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2006-жылдын 6-мартындагы № 98

"24-мартты улуттук майрамдоо күнү деп жарыялоо жөнүндө" Жарлыгын атка-

руу үчүн, "Экономикалык кырдаалды турукташтыруу жана экономикалык зыян

тартышкан чарбакер субъекттерди колдоо боюнча чаралар жөнүндө" Кыргыз

Республикасынын Өкмөтүнүн 2005-жылдын 14-апрелиндеги № 158 токтомуна

ылайык жана 2005-жылдын 24-25-мартындагы талап-тоноолордун, уурдоолор-

дун жана баш-аламандыктардын натыйжасында жабыр тартышкан чарбакер

субъекттерге финансылык жардам көрсөтүү максатында Кыргыз Республикасы-

нын Өкмөтү токтом кылат:

1. Финансылык жардам көрсөтүү үчүн 2005-жылдын 24-25-мартындагы

талап-тоноолордун, уурдоолордун жана баш-аламандыктардын натыйжасында

жабыр тартышкан чарбакер субъекттердин тиркелген тизмеси бекитилсин.

2. Жабыр тартышкан чарбакер субъекттерге финансылык жардам

көрсөтүүгө байланышкан 2,56 млн. сом суммасындагы чыгымдар 2006-жылдын

бекитилген республикалык бюджетинин чектеринде "Камсыздандыруу резерви"

статьясы боюнча каражаттардын эсебинен төлөнсүн.

3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана финансы министрлиги "Жа-

быр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесинин расчеттук эсебине

жогоруда көрсөтүлгөн чыгымдарды өз учурунда каржылоону камсыз кылсын.

4. "Жабыр тартышкан ижарачылар коому" коомдук бирикмесине

төлөмдөрдү бекитилген тизмеге ылайык жүргүзүү жана экономикалык зыянды

аныктоо, ишкердикти жана инвесторлорду колдоо жагынан чараларды көрүү

боюдна Өкмөттүк комиссияга бир айлык мөөнөттө отчет берүү сунушталсын.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
