# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №184 "Калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөө жүргүзүү жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №184 "Калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөө жүргүзүү жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 184
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 22.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57242>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11272/edition/1149890/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57242.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 22.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №184 "Калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөө жүргүзүү жөнүндө" токтому (22.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57242

---

КР Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-январындагы № 9 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары,Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-марты, №184

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөө жүргүзүү жөнүндө

Калктын иш менен камсыздуулугуна системалуу мониторингди жана анын

дењгээлине талдоо жүргүзүүнү камсыздоо максатында Кыргыз Республи-

касынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын тиешелүү министрликтери

жана администрациялык ведомстволору менен бирдикте жумушу бар, бош

жана жумушсуз калктын улуттук критерийлерин так аныктоону кароо менен

«Калктын иш менен камсыз болушуна көмөк көрсөтүү жөнүндө» Кыргыз Рес-

публикасынын Мыйзамына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү

тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын долбоорун иштеп чыксын

жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө белгиленген тартипте берсин.

2. Кыргыз Республикасынын бүткүл аймагында калктын экономикалык

активдүүлүгүнүн эњ төмөнкү жана эњ жогорку мезгилде калктын иш менен

камсыздуулугуна бир убакта изилдөө жыл сайын жүргүзүлүшү зарыл деп

эсептелсин.

3. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- изилдөөнүн маалыматтары район, шаар, шаарча, айыл өкмөтүнүн

дењгээлинде ишке ашырылат;

- калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөөнү уюштуруу

жана аны жүргүзүү иштери Кыргыз Республикасынын Миграция жана жу-

муштуулук боюнча мамлекеттик комитетине, Кыргыз Республикасынын Улут-

тук статистика комитетине (макулдашуу боюнча) жүктөлөт.

4. Аталган изилдөөлөрду натыйжалуу жана сапаттуу өткөрүү максатында

жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын жана жергиликтуү өз алдын-

ча башкаруу органдарынын башчылары:

-изилдөөнү жүргүзгөн персоналды изилдөөнү өткөрүү үчүн зарыл болгон

материалдык-техникалык, финансылык жана транспорттук каражаттар менен

камсыз кылышсын;

- негизги ишинин орду боюнча орточо эмгек акысын сактоо үйлөрдү

пайдалануу башкармалыктарынын (үПБ), турак жайды пайдалануу

башкармалыктарынын (ТПБ), өз алдынча башкаруунун аймактык органдары-

нын, үй жана кварталдык комитеттеринин, кондоминимумдардын, турак жай

кооперативдеринин, айыл өкмөттөрүнүн, окуу жайлардын жана зарыл болгон

учурда башка уюмдардын кызматкерлерин изилдөөнү жүргүзүү боюнча ишке

тартышсын;

- аталган изилдөөнүн максаттары жана милдеттери жөнүндө калк

арасында түшүндүрүү жана маалымат берүү иштерин уюштурушсун.

5. Кыргыз Республикасынын Миграция жана жумуштуулук боюнча

мамлекеттик комитети Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика

комитети менен бирдикте:

- калктын иш менен камсыздуулугуна бир убакта изилдөөнү жүргүзүү

боюнча методологиялык жана нускама материалдарды, ошондой эле тийиштүү

инструментарийди иштеп чыксын жана бекитсин;

- ушул изилдөөгө даярдык көрүү, анын маалыматтарын чогултуу жана

иштеп чыгуу үчүн талап кылынган финансылык жана материалдытс чыгымдар-

ды эсептеп чыксын;

- жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз

алдынча башкаруу органдары менен макулдашылып, аталган изилдөөлөрдү

өткөрүүнүн календарлык планы, тартиби жана мөөнөтүн иштеп чыксын жана

бекитсин;

- калктын иш менен камсыздуулугуна пилоттук (сынамык) изилдөөнү Чүй

облусунун бир районунда жана Бишкек шаарынын бир районунда жүргүзсүн.

- изилдөөгө тартылган кадрлар үчүн окутуу өткөрсүн.

6. Кыргыз Республикасында калктын иш менен камсыздуулугун талдоо

жана аны жогорулатуу боюнча чараларды иштеп чыгуу максатында аларды

кийин тийиштүү органдарга берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Улуттук

статистика комитети (макулдашуу боюнча) изилдөөнүн материалдарын

чогултуу, жалпылоо жана автоматташтырылган иштеп чыгуу тартибин

аныктасын.

7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
