# КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №178 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому

- Толук аталышы: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №178 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 178
- Кабыл алынган күнү: 22.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.06.2007
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57235>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11267/edition/326105/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57235.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.06.2007 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Өкмөтүнүн 2006-жылдын 22-мартындагы №178 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө" токтому (04.06.2007 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57235

---

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2007-жылдын 4-июнундагы №208

токтому менен бекитилген)

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 22-марты №178

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨИТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун

жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө

Коомдо Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүгө

байланышкан чыњалууну жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү

токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү

паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин

узартылсын.

2. Төмөнкүлөр белгиленсин:

- 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын

1994-жылдын үлгүсүндөгү, бузулган (химиялык, механикалык жана башка

бузулуулар болбогон) паспортторду кошпогондо, жарактуулук мөөнөтү

бүткөн паспорту узартылат;

- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту

акысыз, жарандын каалоосу боюнча, берген арызынын негизинде узартылат.

3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көз карандысыз

Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер

министрликтерине Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын

үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31 -декабрына

чейин узартылганы жөнүндө кабарласын.

4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги паспорттун

жарактуулук мөөнөтүн узартууда зарыл шарттарды түзсүн жана жарандардын

натыйжалуу тейленишин уюштурсун.

5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери

боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.

6.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.

Премьер-министр Ф.Кулов
