Бул документ боюнча сурооңуз барбы?ЖИнин жообун мыйзамдын тексти менен салыштырыңыз
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.Чат-боттор КР мыйзамдарында жаңылышат. Бул жерде ЖИ колдонуудагы редакция боюнча жооп берип, беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Мисалы:
КР Өкмөтүнүн «Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө» токтому
Документ күчүн жоготкон
Документ реестрде «Утратил силу» деп белгиленген. Учурдагы редакциясын текшербестен күчүндөгү документтерде ага шилтеме берүүгө болбойт. Учурдагы редакциянын датасы: 2007-06-04.
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
(Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн
2007-жылдын 4-июнундагы №208
токтому менен бекитилген)
Бишкек шаары, Өкмөт Үйү
2006-жылдын 22-марты №178
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨИТҮНҮН ТОКТОМУ
Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун
жарактуулук мөөнөтүн узартуу жөнүндө
Коомдо Кыргыз Республикасынын жарандарына паспорт берүүгө
байланышкан чыњалууну жоюу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү
паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31-декабрына чейин
узартылсын.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- 2010-жылдын 31-декабрына чейин Кыргыз Республикасынын жаранынын
1994-жылдын үлгүсүндөгү, бузулган (химиялык, механикалык жана башка
бузулуулар болбогон) паспортторду кошпогондо, жарактуулук мөөнөтү
бүткөн паспорту узартылат;
- Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспорту
акысыз, жарандын каалоосу боюнча, берген арызынын негизинде узартылат.
3. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги Көз карандысыз
Мамлекеттердин Шериктештигине катышкан мамлекеттердин тышкы иштер
министрликтерине Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын
үлгүсүндөгү паспортунун жарактуулук мөөнөтү 2010-жылдын 31 -декабрына
чейин узартылганы жөнүндө кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги паспорттун
жарактуулук мөөнөтүн узартууда зарыл шарттарды түзсүн жана жарандардын
натыйжалуу тейленишин уюштурсун.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын
Премьер-министринин Аппаратынын коргонуу жана укуктук тартип иштери
боюнча бөлүмүнө жүктөлсүн.
6.Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына жарыялансын.
Премьер-министр Ф.Кулов
Документ боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт. Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз.
Документтин байланыштары
шилтеме берет: 1 · цитата келтиргендер: 1 · байланышкандар: 0
Цитата келтиргендер (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө"…Постановление · 04.06.2007 · № 208 · Күчүн жоготкон
Шилтеме берет (1)
- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 4-июнундагы №208 "Кыргыз Республикасынын жаранынын 1994-жылдын үлгүсүндөгү паспортунун колдонуу мөөнөтүн узартууну токтотуу жөнүндө"…Постановление · 04.06.2007 · № 208 · Күчүн жоготкон