# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 175
- Кабыл алынган күнү: 20.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 23.06.2017
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57232>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11264/edition/816245/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57232.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 23.06.2017 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006-жылдын 20-мартындагы № 175 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине толуктоолорду киргизүү тууралуу" токтому (23.06.2017 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57232

---

КР Өкмөтүнүн 2017-жылдын 23-июнундагы № 407 токтомуна ылайык

КҮЧҮН ЖОГОТТУ

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 20-марты № 175

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын

15-февралындагы № 65 "Автомототранспорт каражаттарын жана

алардын чиркегичтерин Кыргыз Республикасынын Ички иштер

министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекциясында

каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген

Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин

Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлигинин

Мамлекеттик автомобиль инспекциясында каттоо эрежелерине

толуктоолорду киргизүү тууралуу

Менчиктин бардык формаларынын өнүгүшүнө бирдей шарттарды камсыздоо

максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 15-февралындагы №

65 "Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз

Республикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инс-

пекциясында каттоо эрежелерин бекитүү жөнүндө" токтому менен бекитилген

Автомототранспорт каражаттарын жана алардын чиркегичтерин Кыргыз Рес-

публикасынын Ички иштер министрлигинин Мамлекеттик автомобиль инспекци-

ясында каттоо эрежелерине төмөнкүдөй толуктоолор киргизилсин:

- 3-пунктунда:

- жетинчи абзацы "белгиленген үлгүдөгү" деген сөздөрдөн кийин ",

анын ичинде товардык биржада катталган биржалык бүтүмдөр боюнча са-

туу-сатып алуу келишимдеринин негизинде" деген сөздөр менен толуктал-

сын;

төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:

"Товардык биржаларда катталган биржалык бүтүмдөрдүн натыйжасында

сатып алынган транспорт каражаттарын каттоо мурда Кыргыз Республикасы-

нын Ички иштер министрлигинин МАИ башкармасында аныкталган тартипте

катталган автотранспортко карата гана жүргүзүлөт.";

- 15-пункттун "ж" пунктчасы "ишкер" деген сөздөн кийин ", респуб-

ликага алыскы жана жакынкы чет өлкөлөрдөн алынып келген автотранспорт

каражаттарынан башка биржалык бүтүмдөр боюнча сатуу-сатып алуу

келишими" деген сөздөр менен толукталсын;

- 48-пункту:

"фискалдык органдардын" деген сөздөрдөн кийин ", ошондой эле то-

вардык биржалардын аукциондук тооруктары аркылуу сатып алынган же са-

тылган автотранспорт каражаттарын" деген сөздөр менен толукталсын;

"аукциондук сооданын" деген сөздөрдөн кийин "аукциондук нарк та-

рифтик жөнгө салууга жатпагандыктан" деген сөздөр менен толукталсын.

2. Бул токтом жалпыга маалымдоо каражаттарына расмий жарыяланган

күндөн баштап күчүнө кирет.

Премьер-министр Ф.Кулов
