# Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу" токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу" токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 168
- Кабыл алынган күнү: 16.03.2006
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 16.03.2006
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57219>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/57219/edition/326076/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57219.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 16.03.2006 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өмөтүнүн 2006-жылдын 16-мартындагы № 168 "Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу" токтому (16.03.2006 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57219

---

Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 16-марты № 168

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына

киргизилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" жана

"Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери

жөнүндө" Жарлыктарын ишке ашыруу тууралуу

Кыргыз Республикасынын Президентинин "РЕSАС программасына кирги-

зилген ишканаларды менчиктештирүү жөнүндө" 2005-жылдын 23-ноябрындагы №

594 жана "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун маселелери

жөнүндө" 2006-жылдын 3-январындагы № 2 жарлыктарын аткаруу үчүн Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Акциялардын мамлекеттик пакетин оперативдүү башкаруу иш-милде-

тин аткарып келген Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, соода жана туризм

министрлиги Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча

мамлекеттик комитетине төмөнкүлөрдү өткөрүп берсин:

- "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр", "Сүлүктүкөмүр" акцио-

нердик коомдорунун, "Шахта Алмалык" жоопкерчилиги чектелген коомунун

документеринин толук пакетин;

- бул токтом чыккан күндөн баштап бир жумалык мөөнөттүн ичинде

"Кристалл" мамлекеттик акционердик коому боюнча толук документтерди;

- "Кристалл", "Хайдаркен сымап комбинаты", "Ташкөмүр",

"Сүлүктүкөмүр" акционердик коомдорунун жана "Шахта Алмалык" жоопкерчи-

лиги чектелген коомунун акцияларынын мамлекеттик пакеттерин (үлүшүн)

(мүлктүк комплексин).

2. Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мам-

лекеттик комитети:

- бул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн акционердик коомдордун ак-

цияларынын мамлекеттик пакеттерин (мүлктүк комплексин) сатуунун тарти-

бин Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык аныктасын;

- "Кристалл" мамлекеттик акционердик коомунун акцияларынын мамле-

кеттик пакетин (мүлктүк комплексин) белгиленген тартипте сатуу боюнча

чараларды көрсүн.

3. Төмөнкүлөр күчтүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2003-жылдын 18-мартындагы №

122-б буйругу;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2004-жылдын 26-августундагы №

534-б буйругу.

4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын

Премьер-министринин аппаратынын экономикалык өнүктүрүү башкармалыгына

жүктөлсүн.

Премьер-министр Ф.Кулов
