# Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 15 мартындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жонундо токтому

- Толук аталышы: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 15 мартындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жонундо токтому
- Актынын түрү: Постановление
- Номери: 166
- Кабыл алынган күнү: 15.03.2006
- Статусу: Күчүн жоготкон
- Редакциянын күнү: 04.12.2009
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/57215>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/7-11256/edition/346826/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/57215.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 04.12.2009 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2006 жылдын 15 мартындагы №181 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын маселелери" жонундо токтому (04.12.2009 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/57215

---

КР Өкмөтүнүн 2009-жылдын 4-декабрындагы N 734 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ Бишкек шаары, Өкмөт Үйү

2006-жылдын 15-марты № 166

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ӨКМӨТҮНҮН ТОКТОМУ

Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине

караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча

мамлекеттик инспекциянын маселелери

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2005-жылдын 30-ноябрындагы №

607 "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарынын түзүмүн оптимал-

даштыруу жөнүндө" Жарлыгын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн

2005-жылдын 28-сентябрындагы № 457 "Кыргыз Республикасынын Экология жа-

на өзгөчө кырдаалдар министрлигинин жумушчуларынын эмгегине акы төлөө

боюнча кошумча чаралар жөнүндө" токтомун ишке ашыруу максатында Кыргыз

Республикасынын Өкмөтү токтом кылат:

1. Тиркелгендер бекитилсин:

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу

Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция

жөнүндө жобо;

- Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу

Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекция

көзөмөлдөөчү опурталдуу өндүрүштөрдүн, объекттердин жана жумуштардын

тизмеси.

2. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу

Өнөр жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекцияда

директордун бир орун басары жана директорду, анын орун басарын кошо ал-

ганда жети адамдан турган коллегия мүчөлөрү болсун.

3. Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу

Өнер жай коопсуздугу жана кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик инспекциянын

борбордук аппаратынын кызматкерлеринин сандык чеги 8 адам (тейлөөчү

персоналды кошпогондо) болуп белгиленсин.

4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-апрелиндеги № 159

"Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине

караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлекеттик

инспекция жөнүндө" токтому;

- "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2001-жылдын 9-апрелиндеги №

159 "Кыргыз Республикасынын Экология жана өзгөчө кырдаалдар министрли-

гине караштуу Өнөр жай коопсуздугу жана тоо-кен көзөмөлү боюнча мамлее-

кеттик инспекция жөнүндө" токтомуна өзгөрүүлөрдү жана толуктоолорду

киргизүү тууралуу" Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 20-ав-

густундагы № 569 токтому;

- Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2002-жылдын 11-ноябрындагы №

748 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн айрым чечимдерине өзгөртүүлөрдү

жана толуктоолорду киргизүү жөнүндө" токтомунун 3-пункту.

Премьер-министр Ф.Кулов
